меню

Марктын Инжили 6 Бөлүм


1 Ыйса ал жактан кетип, шакирттери менен бирге кайрадан Өзүнүн чоңоюп өскөн шаарына келди.

2 Дем алыш күнү болгондо, синагогага барып таалим бере баштады. Ошол жердеги көпчүлүк Ыйсанын таалимин укканда: — Булардын баарын бу кайдан алды? Ага кандай акылмандык берилди экен? Мындай укмуштар кантип анын колунан келип жатат?

3 Бу жыгач уста эмес беле? Мариямдын уулу, Жакып, Жосе, Жүйүт жана Ысмандардын бир тууганы го бул? Карындаштары да биздин арабызда турушат го? — деп таң калышты. Ошентип алар Ыйсаны четке кагышты.

4 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: — Пайгамбар бардык жерде кадыр-барктуу болсо да, өз жери, туугандары жана үй-бүлөсүнүн ичинде анын кадыры билинбейт.

5 Ыйса ал жерден бир нече оорулууга колун коюп айыктыргандан башка эч кандай кереметтерди көрсөтө албады.

6 Алардын ишенбестигине ушунчалык таң калды. Ошондон кийин Ыйса айлана-тегеректеги айыл-кыштактарга барып, андагыларга таалим берип жүрдү.

7 Анан он эки шакиртин чакырып алып, эки-экиден кызматка жөнөтө баштады. Аларга кара күчтөрдү башкарганга бийлик берди.

8 — Жолго жалгыз таяктан башка эч нерсе: нан да, баштык да албагыла, белбооңорго тыйын да түйбөгүлө,

9 бирок бут кийим кийгиле да, ашык кийим албагыла! — деп буйруду.

10 Дагы мындай деди: — Кайсы үй силерди кабыл алса, барган жериңерден кеткиче, ошол үйдө калгыла.

11 Эгерде кайсы бир жерде силерди кабыл албаса жана сөзүңөрдү укпаса, анда ал жактан чыгып баратып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла.

12 Ошентип алар жолго чыгышып, адамдарга ниетиңерди өзгөрткүлө деп жар салышты.

13 Адамдардан көп жиндерди кубалап чыгышып, далай оорулууларды май менен майлап айыктырып жүрүштү.

14 Мунун баары Ирод падышага жетти. Анткени бардык жерде Ыйсанын аты чыгып кетти. Кээ бирөөлөр: «Бул Жакыя чөмүлдүрүүчү, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон», — дешти.

15 Кээ бирөөлөр болсо: «Бул Илияс пайгамбар!» — дешсе, дагы бирөөлөр: «Бул байыркы пайгамбарларга окшогон дагы бир пайгамбар!» — дешти.

16 Ирод муну укканда: «Бул мен башын алдырган Жакыя! Ал тирилип кеткен турбайбы!» — деди.

17 Жакыяны Ирод өзү киши жиберип карматып, камакка алдырткан. Ирод иниси Филиптин аялы Иродияга үйлөнүп алган. Жакыяны ал ошол аялы үчүн түрмөгө отургузган.

18 Анткени Жакыя Иродго: «Иниңдин аялын алып алганың туура эмес!» — деген.

19 Ошондон улам Иродия Жакыяны өлтүргүсү келип, кекенип, бирок анысын ишке ашыра алган эмес.

20 Анткени Ирод Жакыянын адил жана ыйык адам экенин билип, коркконунан аны коргоп жүргөн. Айткан сөздөрүнө ар дайым тынчсызданып жүрсө да, аны укканды жакшы көргөн.

21 Акыры Иродиянын күнү тууган учур келди. Бул Ироддун туулган күнүндө болду. Ал ак сарайда иштеген өзүнүн бардык чоңдорун, аскербашыларын жана Галилея аймагын башкарган адамдарды чакырды.

22 Иродиянын кызы келип, бийлеп, Ирод менен анын жанында олтурган коноктордун купулуна толду. Ошондо падыша кызга: — Менден каалаганыңды сура, сурооңду орундатам! — деди.

23 — Каалаганыңды берем, керек болсо падышачылыгымдын жарымын сурасаң да берем! — деп ант кылды.

24 Кыз барып энесинен: — Эмне сурайын? — дегенде, энеси: — Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын, — деди.

25 Кыз дароо падышага чуркап барып: — Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын азыр табакка салып, алдырып келишиңизди каалайм! — деп талап кылды.

26 Кыздын өтүнүчү падышаны абдан кайгыртты. Бирок коноктордун алдында берген анты үчүн ага жок деп айткысы келбеди.

27 Ошондуктан бир желдетин жиберип, Жакыянын башын кесип келүүнү буюрду. Желдет түрмөгө барып, Жакыянын башын алды да,

28 табакка салып келип, кызга берди. Кыз болсо энесине берди.

29 Бул окуяны уккан Жакыянын шакирттери келип, анын сөөгүн алышты да, көргө алып барып коюшту.

30 Жиберилген элчилер кайтып келишип, Ыйсага барышты да, эмне кылып, эмнени окуткандарын төкпөй-чачпай айтып беришти.

31 Келип-кетип жаткан элдин көптүгүнөн, Ыйса менен Анын шакирттеринин тамактанып алганга да чолосу тийбей жаткан. Ошондуктан Ыйса шакирттерине: — Өзүбүзчө ээнирээк жерге барып, бир аз эс алып алалы, — деди.

32 Ошентип алар өздөрү жалгыз кайыкка олтурушуп, ээн жерге жөнөштү.

33 Көп адамдар алардын бараткан жагын көрүп, ким экенин таанып калышты. Анан бардык шаарлардан жөө-жалаңдап чыгып, алар бараткан жерге алардан мурда чуркап жетишти.

34 Ыйса кайыктан түшкөндө, топураган элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлорго окшош эле. Ыйса ошол жерде көп нерселерди айтып, аларга таалим бере баштады.

35 Кеч кирип бараткандыктан шакирттери келип: — Бул жер ээн, убакыт болсо кеч болуп кетти.

36 Элди коё бер, айланадагы айыл-кыштактарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, — дешти.

37 Ыйса болсо: — Жегенге бирдемени силер бергиле, — деди. Шакирттери: — Бизди барып, эки жүз күмүш теңге жумшап, буларга нан сатып келгиле дегени турасыңбы? — дешти.

38 Ыйса: — Канча наныңар бар? Барып, карап келгилечи, — деди. Алар барып карап келишип: — Беш нан, эки балык бар экен, — дешти.

39 Ошондо Ыйса аларга элдин баарын көк чөптүн үстүнө топ-топко бөлүп олтургузууну буйруду.

40 Эл катар-катар болуп, жүз-жүз, элүү-элүүдөн топко бөлүнүп олтурушту.

41 Анан Ыйса жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди. Эки балыкты да баарына бөлүп берди.

42 Баары жеп, тоюшту.

43 Анан нан менен балыктын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.

44 Жеген эркектердин эсеби беш миңдей эле.

45 Ыйса элди таратып жатып, ошол эле убакта шакирттерин дароо кайыкка салып, көлдүн аркы өйүзүндөгү Бейтсайдага Өзүнөн мурда барсын үчүн жөнөтүп жиберди.

46 Элди тараткан соң, сыйынуу үчүн тоого чыкты.

47 Кеч кирип, кайык көлдүн ортосуна барып калганда, Ал Өзү жалгыз жерде турган.

48 Ошондо шакирттеринин толкундар менен алышып, жандалбастап жаткандарын көрдү. Анткени шамал алардын бет маңдайынан согуп, калак шилтеш кыйын болуп турган. Анан таң азанда шакирттерине суу үстү менен басып келип, жандап өтө берейин деди.

49 Ошондо шакирттери көрүп калышты да, Аны арбак экен деп ойлоп, бакырып жиберишти.

50 Аны көргөндө, баарынын эси чыкты. Ыйса ошол замат аларга: — Коркпогула, бул Мен элемин, — деп сүйлөй баштады.

51 Анан аларга кошулуп кайыкка түштү. Шамал ошол замат тып басылды. Шакирттери ушунчалык таң калып, ооздору ачылды,

52 анткени акыл-сезимдери тунарып калгандыктан, нан менен болгон кереметтин маанисин түшүнүшкөн эмес эле.

53 Алар көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, Генисарет жерине жетишти да кайыкты жээкке байлашты.

54 Кайыктан түшөрү менен жергиликтүү эл Ыйсаны дароо тааный коюшуп,

55 бүткүл аймакты аралай жүгүрүп өтүшүп, Анын кайда экенин угушкан жерге оорулууларды төшөктөрү менен көтөрүп алпкеле башташты.

56 Ыйса кайда барбасын: айыл-кыштактарга болобу, шаарларга болобу, адамдар оорулууларын базар болчу жерлерге жаткырып коюшуп, «алар жок дегенде киймиңиздин этегине колун тийгизсе болобу» деп суранып жатышты. Ал эми колун тийгизгендер болсо айыгып кетип жатышты.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16