Марктын Инжили 14 Бөлүм
1 Куткарылуу жана Калама майрамына эки күн калган эле. Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери Ыйсаны куулук менен кармап өлтүрүүнүн жолун издешти. Бирок алар:
2 — Эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, муну майрам убагында кылбайлы, — дешти.
3 Ыйса Бейтаниде пес оорулуу Ысмандын үйүндө дасторкондун жанында жамбаштап жатканда, нард деген өсүмдүктөн жасалган, таза, кымбат баалуу атыр май куюлган идишин көтөрүп, бир аял келди да, идишти сындырып, атырды Ыйсанын башына куйду.
4 Ошондо үйдө отургандардын кээ биринин кыжыры кайнап, бири бирине: — Атырды эмне мынча бекер ысырап кылды?
5 Эмне үчүн бул майды үч жүз күмүш теңгеге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берген жок, — дешти. Ошентип алар аялды катуу сынга алышты.
6 Ыйса болсо мындай деди: — Бул аялды жайына койгула! Эмнеге аны кыжалат кылып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш жасады.
7 Жакырлар ар дайым жаныңарда болот. Каалаган убагыңарда аларга жакшылык кыла бересиңер. А Мен дайыма эле жаныңарда болбойм.
8 Бул аял колунан келгенин жасады: май куюу салтын аткарып, денемди көргө коюуга даярдады.
9 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.
10 «Он экинин» бири — Жүйүт Искариот Ыйсаны кармап берүү ниети менен жогорку динкызматчыларга барды.
11 Алар болсо анын айтканын укканда сүйүнүп кетишип, акча убада кылышты. Ошентип ал Ыйсаны кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.
12 Калама майрамынын биринчи күнү — Куткарылуу майрамына карата бир козуну курмандыкка чалышчу. Ошондо шакирттери Ыйсага: — Сага Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерге барып даярдашыбызды каалайсың? — дешти.
13 Ошондо Ыйса эки шакиртин жиберип жатып, аларга мындай деди: — Шаарга баргыла, анан алдыңардан бир кумара суу көтөрүп бараткан адам жолугат. Аны ээрчип баскыла да,
14 ал кирген үйдүн ээсине: устатыбыз сага жиберип, «шакирттерим менен чогуу Куткарылуу майрамынын тамагын жей турган бөлмө кайсы» деп сурап жатат дегиле.
15 Ал силерге үстүнкү кабаттагы төшөктөр салынып, конокко даярдалган чоң бөлмөнү көргөзөт. Тамакты ошол жерге даярдагыла.
16 Шакирттери шаарга келгенде, баары Ыйса айткандай болду анан майрам тамагын ошол жерге даярдашты.
17 Кеч киргенде, он эки шакиртин ээрчитип Ыйса да келди.
18 Анан жамбаштай жатып, тамак ичип жатышканда, Ыйса: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мени сатып кетет; ал азыр Мени менен бирге тамактанып жатат, — деди.
19 Шакирттери бу сөзгө капа болуп, биринин артынан бири: — Мен эмеспи? — дей башташты.
20 — Ал Мени менен чогуу бир табакка колун салган он эки шакиртимдин бири, — деди Ыйса аларга.
21 — Не болсо да, Адам Уулу Ыйык Жазууда Өзү тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. Ал адам туулбай туна чөксө, өзүнө жакшы болмок!
22 Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып: — Алгыла, жегиле, бул Менин денем, — деди.
23 Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, аларга берди. Баары андан ичишти.
24 Анан Ыйса аларга мындай деди: — Бул көп адамдар үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным.
25 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мындан ары, Кудай Падышачылыгында жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай жүзүм шарап ичпейм.
26 Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да, Зайтун тоосуна жөнөштү.
27 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: — Баарыңар Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун уруп өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет»деп айтылган.
28 А бирок Мен кайра тирилген соң, силерден мурун Галилеяга барам.
29 Ошондо Петир Ыйсага: — Сени баары таштап кетсе да, мен таштабайм! — деди.
30 Ыйса ага: — Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, — деди.
31 Петир болсо айтканынан кайтпай: — Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сени тааныбайм деп айтпайм, — деди. Шакирттеринин баары тең ушундай дешти.
32 Ушундан соң, алар Гетсеман деген жерге келишти. Анан Ыйса шакирттерине: — Мен сыйынып келгенче, ушул жерде олтура тургула, — деди.
33 Анан Өзү менен кошо Петирди, Жакыпты жана Жаканды алып кетти да, терең кайгыга батып, кыйнала баштады.
34 — Жаным өлгүдөй кыйналып турат, — деди Ал, — ушул жерде калып, уктабай тура тургулачы.
35 Анан бир аз ары жакка басып барып, жерге жыгылды да, эгер мүмкүн болсо, ушу алдыда турган азаптын Ага тийбей өтүп кетишин суранып сыйынды.
36 — Ата, о Атаке, — деди Ал, — Сенин колуңдан баары келет. Ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок... Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун!
37 Кайра келип, үч шакиртинин уктап жатканын көрдү да, Петирге: — Ысман! Уктап жатасыңбы! Бир саат уктабай олтура албадыңбы?
38 Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, — деди.
39 Анан кайра ары барып, дагы баягы сөздөрдү айтып сыйынды.
40 Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатканын көрдү. Алар аябай чарчагандан уктап калышкан эле. Ошондуктан эмне деп жооп беришти билишпеди.
41 Анан үчүнчү жолу келгенде, мындай деди: — Эх, дале уктап, эс алып жатасыңарбы! Болду! Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармалып берилчү убакыт келди!
42 Тургула, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.
43 Ыйса сөзүн аяктай электе, «он экинин» бири — Жүйүт келип калды. Жанында жогорку динкызматчылар, дин мугалимдери жана эл башчылары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле.
44 Ыйсаны кармап бере турган киши аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, силер издеген киши ошол. Кармагыла да, өтө сактык менен алып кеткиле», — деп белги берген болчу.
45 Анан дароо Ыйсага басып келип: — Устат! — деди да, бетинен өптү.
46 Ошондо тигилер Ыйсага кол салып, Аны кармашты.
47 Ошерде тургандардын бири канжарын сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун кулагын шылый чапты.
48 Ошондо Ыйса: — Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангансып кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар.
49 Күн сайын силер менен кошо ийбадаткананын короосунда болуп, таалим берип жүргөнүмдө кармаган жок элеңер. Бирок эмне болсо да Ыйык Жазуулардагы сөз аткарылсын, — деди.
50 Ошондо шакирттеринин баары Аны таштап, качып кетишти.
51 Жылаңач этине кездеме оронгон бир жаш улан Ыйсанын артынан баратты. Жоокерлер аны шап кармай калганда,
52 ал оронгон кездемесин таштай салып, качып кетти.
53 Ошентип Ыйсаны башкы динкызматчынын алдына алып келишти. Бардык жогорку динкызматчылар, эл башчылары жана дин мугалимдери ошол жерге чогулушту.
54 Петир алыстан Ыйсаны акмалап келип, башкы динкызматчынын короосуна чейин барды. Ал жерден сакчылар менен бирге отуруп, отко жылынды.
55 Жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңештин бардык мүчөлөрү болсо Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн жалган күбө издеп, бирок таба алышпады.
56 Жалган күбөгө өткөндөр көп болсо да, алардын айткандары бири бирине туура келбеди.
57 Ошондо бир нече киши орундарынан туруп, Ыйсага мындай деген жалаа жабышты:
58 — Биз мунун: «Мен мына бул адам жасаган ийбадаткананы бузуп, үч күндөн кийин адам жасабаган башкасын тургузамын» дегенин укканбыз.
59 Алардын мындай дегени да бири бириникине дал келбеди.
60 Ошондо башкы динкызматчы ортого чыгып, Ыйсага: — Булардын сен жөнүндө айткандарына берер жообуң жокпу? — деди.
61 Ыйса болсо үндөгөн да, бир нерсе деп жооп берген да жок. Ошондо башкы динкызматчы Ыйсадан: — Ыйык Кудайдын уулу Машаяк сенсиңби? — деп сурады.
62 — Менмин, — деди Ыйса ага жооп берип, — Силер Адам Уулунун Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр.
63 Ошондо башкы динкызматчы кийимин айрып жиберип: — Бизге дагы кандай күбөлөр керек?
64 Мунун Кудайга акарат айтканын баарыңар уктуңар! Буга эмне дейсиңер? — деди. Жыйналгандардын баары бир ооздон Аны өлүмгө татыктуу деп чечим чыгарышты.
65 Кээ бири Ыйсанын бетине түкүрүшүп, көзүн жаап, жаакка чаап: — Кана, ким урду, айтчы! — дей башташты. Сакчылар да Аны бетке койгулашты.
66 Петир төмөн жакта, короодо турганда, башкы динкызматчынын малай кыздарынын бири келип,
67 оттун жанында жылынып турган Петирди көрдү да, ага тигиле тиктеп: — Сен да назареттик Ыйса менен бирге жүрчүсүң! — деди.
68 Петир болсо: — Эмне деп жатканыңды билбейм да, түшүнбөйм да! — деп макул болбоду. Анан жолдун жанындагы короого чыкканда, короз кыйкырды.
69 Малай кыз аны кайрадан көрүп, ошол жерде тургандарга: — Бул ошолордун бирөөсү, — деп айта баштады.
70 Петир дагы макул болгон жок. Бир аздан кийин ошол жерде тургандар Петирге: — Сен чын эле ошолордун бирисиң, анткени галилеялыксың, — дей башташты.
71 Петир болсо: — Кудай урсун, силер айтып жаткан ал кишини тааныбайм, — деп карганып-шиленип кирди.
72 Ошол замат короз экинчи ирет кыйкырды. Ошондо Петир Ыйсанын: «Короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың», — деген сөзүн эстеди, да өксүп ыйлай баштады.