меню

Марктын Инжили 11 Бөлүм


1 Алар Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге жана Бейтани айылдарына келишти. Ошерден Ыйса эки шакиртин жөнөтүп жатып,

2 аларга: — Мынабу маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен эч ким мине элек такай байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле.

3 Эгер бирөө: «Эмне кылып жатасыңар?» — десе, «Эгебизге керек болуп жатат. Ал муну кайра дароо эле берип жиберет», деп жооп бергиле, — деди.

4 Шакирттери барып, такайдын көчөдө, эшиктин түбүндө байланып турганын көрүштү. Аны чечип жатышканда,

5 ошол жерде тургандардын арасынан бирөөлөр: — Эмнеге эшекти чечип жатасыңар? — деп сурашты.

6 Шакирттер Ыйса үйрөткөндөй жооп беришкенде, аларды коё беришти.

7 Алар эшекти алып келип, кийимдерин үстүнө жапкандан кийин, Ыйса ага минди.

8 Көп адамдар кийимдерин жолго төшөп жатышса, дагы башкалары талаадагы дарактардын бутактарын кесип келип, төшөп жатышты.

9 Ал эми Ыйсанын алды-артында бараткандар: — Осанна! Эгебиздин атынан келатканды Кудай жалгасын!

10 Дөөт атабыздын келе жаткан падышалыгын Кудай жалгасын! Көктөгү Кудайга осанна!— деп кыйкыра башташты.

11 Ыйса Иерусалимге кирип, ийбадатканага барды да, баарын карап чыкты. Анан кеч кирип калгандыктан шаардан чыгып, он эки шакирти менен Бейтаниге келди.

12 Кийинки күнү, Бейтаниден келатышканда, Ыйса ачка болгонун сезди.

13 Тээ алыстан жалбырактуу анжир дарагын көрүп, жемиши бар бекен деп жакын басып барды. Бирок келип жалбырактардан башка эч нерсе таппады, анткени анжирдин убагы али келе элек болчу.

14 Ыйса ошол даракка: — Ылайым, мындан ары эч ким жемишиңди жебесин! — деди. Шакирттери болсо муну угушту.

15 Ошону менен Иерусалимге жетишти. Ыйса ийбадаткананын короосуна келип, андан соодагерлерди кууп чыга баштады. Акча алмаштыргандардын үстөлдөрүн көңтөрүп, көгүчкөн сатып олтургандардын отургучтарын оодарып салды.

16 Эч кимге кандайдыр бир буюмду ийбадаткананын короосу аркылуу алып өтүүгө уруксат бербеди.

17 Анан аларга: — Ыйык Жазууда жазылган: «Менин үйүм бардык элдердин сыйынуучу үйү деп атала турган болот!»* Силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айландырып жибериптирсиңер!— деп таалим айтты.

18 Муну жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери угуп калышты да, Ыйсанын көзүн тазалоо амалын издей башташты. Себеби бүт эл Анын таалимдерине таң калып жаткандыктан, Андан коркушту.

19 Кеч киргенде, Ыйса шакирттери менен шаардан чыгып кетти.

20 Кийинки күнү эртең менен эрте шакирттери баягы анжир дарагынын жанынан өтүп баратышып анын тамыры менен куурап калганын көрүштү.

21 Мурдагы окуя Петирдин эсине түшүп: — Устат, карачы, сен каргап салган анжир дарагы кагайып калыптыр! — деди.

22 Ошондо Ыйса аларга: — Кудайга ишенгиле.

23 Силерге бир чындыкты айтып коёюн, эгер ким мына бул тоого: «Ордуңан жыл да, деңизге кула!» деп ичинен шектенбей, айтканындай болоруна ишенсе, анын айтканы аткарылат.

24 Силерге айтып коёюн: сыйынганыңарда эмне сурасаңар да, аны алганыңарга ишенгиле, ошондо сураганыңарды аласыңар.

25-26 Ошондой эле сыйынып турганыңарда асмандагы Атаңар каталарыңарды кечирсин үчүн силер да башкаларга кандайдыр бир нааразычылыгыңар болсо, кечиргиле, — деди.

27 Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадаткананын короосунда жүргөндө, Ага жогорку динкызматчылар, дин мугалимдери жана эл башчылары басып келишип:

28 — Сен буларды кайсы бийлигиң менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? — деп сурашты.

29 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер, анан Мен да кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтам.

30 Айтыңыздарчы, Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы?

31 Ошондо тигилер: — Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт дешип, өз ара акылдаша кетишти.

32 Элден коркконунан «адамдардан» деп да айта алышпады, анткени баары Жакыяны пайгамбар деп эсептешчү.

33 Анан Ыйсага: — Билбейбиз, — деп жооп беришти. Ыйса да аларга: — Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм, — деди.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16