Марктын Инжили 5 Бөлүм
1 Анан алар көлдүн аркы өйүзүнө жайгашкан Гераса аймагына келишти.
2 Ыйса кайыктан түшөрү менен, мүрзөлөрдүн арасынан кара күчкө чалдыккан бир киши чыга калып, алдынан тосуп чыкты.
3 Бул кишинин жашаган жери мүрзө болчу. Эч ким аны, ал тургай чынжырлар менен да байлап кармап кала алган эмес.
4 Көп ирет колун кишендеп, бутун чынжыр менен байлашса да ал чынжырларды үзүп, кишендерди талкалап бошонуп кетчү. Аны баш ийдиргенге эч кимдин күчү жетпеген.
5 Ал күн-түн дебей тоо-дөбөлөрдү, мүрзөлөрдү аралап далбастап, өкүрүп-бакырып, өзүн өзү таш менен уруп, жарадар кылчу.
6 Бул киши Ыйсаны алыстан көрүп, чуркап келип, алдына чөгөлөдү да:
7 — Эй, Ыйса, Кудай Тааланын Уулу, мени менен кандай ишиң бар?! Кудай акы, сенден суранам, мени азапка салбачы! — деп бакырып жиберди.
8 Анткени Ыйса андагы кара күчкө: «Кара күч, бул кишиден чыгып кет!» — деген болчу.
9 Ыйса андан: — Атың ким? — деп сурады. Ал: — Менин атым түмөн, анткени биз көппүз! — деп жооп берди.
10 Анан аларды ошол аймактан кууп чыкпоосун өтүнүп, Ыйсага кайра-кайра жалынып-жалбарышты.
11 Ошол жердеги тоонун боорунда чоң бада чочко оттоп жүргөн.
12 Кара күчтөр Ыйсага жалбарышып: — Бизди чочколорго жибере көр, ошолордун ичине кирелик, — дешти.
13 Ыйса уруксат берди. Кара күчтөр адамдан чыгып чочколорго киришти. Ошондо эки миңдей чочкодон турган баданын баары жабыла тик жардан көлгө кулап чөгүп өлүштү.
14 Чочко кайтаргандар болсо артка карай чуркап жөнөштү да, муну шаар-кыштактарга жарыя кылышты. Ошондо адамдар болгон окуяны көрүп келүүгө чыгышты.
15 Алар Ыйсага келишип, ичинде түмөн жини бар кишинин кийим кийип, акыл-эси жайында олтурганын көрүшүп, жүрөктөрү ооздоруна тыгылды.
16 Окуяны көргөндөр болсо, аларга бул жин оорулуу адам менен чочколор эмне болгонун айтып беришти.
17 Ошондо герасалыктар Ыйсадан алардын жеринен кетишин сурана башташты.
18 Ыйса кайыкка түшкөндө, мурда жин даарып ооруган киши Аны менен кошо кетүүнү суранды.
19 Ыйса болсо ага уруксат берген жок: — Өз үй-бүлөңө бар да, Эгеңдин сага эмне кылганын, сага кандай кайрым көрсөткөнүн айтып бер, — деди.
20 Ошондо баягы киши артына кайтып, Оншаар аталган аймакта Ыйсанын ага кылганын айтып, жарыялай баштады. Уккандардын баары таң калып жатышты.
21 Ыйса кайрадан көлдүн аркы өйүзүнө жеткенде, жоон топ эл Аны дагы курчап алды. Ал көлдүн жээгинде турганда,
22 синагога башчыларынын бири болгон Жайыр деген киши келип, Ыйсаны көрүп, Анын бутуна жыгылып:
23 — Кызым өлүм алдында жатат. Келип, кызыма колуңузду коё көрүңүз, айыгып, аман калсын! — деп жалбарды.
24 Ыйса Жайыр менен анын үйүнө жөнөдү. Кошо жөнөгөн көп эл Ыйсаны туш-тушунан жөөлөп баратты.
25 Ошол тополоңдун ичинде он эки жыл бою ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял бар эле.
26 Ал көп дарыгерлерге барып, алардан шыпаа табалбай, кыйналып, колунда болгон нерсесинин баарын сарптап бүтсө да, ден-соолугу түзүк болбой эле кайра начарлап бараткан.
27-28 Бул аял Ыйса тууралуу укканда, ичинен «кийимине эле колум тийсе, айыгам» деп эл арасынан билинбей Анын артынан келип, кийимине колун тийгизди.
29 Кан кеткени тып басылып, аял айыкканын сезди.
30 Ошол эле убакта Ыйса да Өзүнөн күч чыкканын сезип, айланасындагы элге кайрылып: — Ким Менин кийимиме колун тийгизди? — деп сурады.
31 Шакирттери Ага: — Карачы, сени канча адам туш-тушуңдан кысып турат! А сен болсо «ким Мага колун тийгизди» дейсиң, — дешти.
32 Ыйса болсо колун тийгизген ким экенин көрүү үчүн айланасын карай берди.
33 Ошондо өзү менен эмне болгонун билген аял коркконунан калтырап-титиреп басып келди да, Ыйсанын алдына жыгылып, болгон чындыкты төкпөй-чачпай айтып берди.
34 Ыйса болсо тигил аялга: — Кызым, ишенимиң сени айыктырды. Жакшы бара кой, дартыңдан сакайып кет, — деди.
35 Ыйса сөзүн бүтө электе, синагога башчысы тараптан адамдар келишип: — Кызыңыз өлдү! Эмне үчүн устатты дале убара кылып жатасыз? — дешти.
36 Ыйса болсо алардын сөзүн укту, ошентсе да синагога башчысына: — Коркпо, тек гана ишенгин, — деди.
37 Анан Петир, Жакып жана анын иниси Жакандан башкалардын бирөөнө да артынан барганга уруксат бербеди.
38 Алар синагога башчысынын үйүнө келишип, ызы-чуу түшүп ыйлап, өкүрүп жаткандардын үстүнөн чыгышты.
39 Ыйса алардын арасына кирип: — Эмнеге ызы-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Кыз өлгөн жок, уктап жатат, — деди.
40 Ошондо алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. Ыйса болсо баарын үйдөн сыртка чыгарып, өлгөн кыздын ата-энеси менен үч шакиртин алып, сөөк жаткан жайга кирди.
41 Кирип, кыздын колун кармады да: — Талита, куми! — деди. Мунун котормосу: «Кызым, сага айтам, тургун!»
42 Кыз ошол замат туруп, нары-бери баса баштады. Ал он экиде болчу. Муну көргөндөр абдан таң калышты.
43 Ыйса болсо аларга бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буйруду жана кызга жегенге бир нерсе бергиле деди.