меню

Марктын Инжили 9 Бөлүм


1 Ыйса аларга дагы мындай деди: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери күч-кудурети менен келген Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө, көз жумбайт».

2 Ушундан алты күн өткөндө, Ыйса Петирди, Жакыпты жана Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоого алып чыкты. Анан алардын көз алдында Ыйсанын кебетеси өзгөрүп кетти.

3 Кийимдери аппак болуп жаркырап, дүйнөдө эч ким агарта албагандай түскө айланды.

4 Анан Илияс менен Муса пайда болуп, Ыйса менен маек курушту.

5 Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.

6 Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес, анткени баары коркуп турушкан.

7 Анан бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрүп, булут ичинен: «Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса, Аны уккула», — деген үн чыкты.

8 Алар айланасын карай калышса, жанында Ыйсадан башка эч ким жок экен.

9 Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин көргөнүңөрдү эч кимге айтпагыла!» — деп буйруду.

10 Алар бул сөздү унутушпай, бири биринен: «Өлгөндөрдөн тирилет дегени эмнеси?» — деп сурашты.

11 Анан Ыйсадан сурашты: — Эмне үчүн дин мугалимдери «Машаяк келерден мурун Илияс келиши керек» дешет?

12 Ыйса: — Туура, алды менен Илияс келип, баарын ордуна келтирет. Ошондой эле Адам Уулу да, Ыйык Жазууларда айтылгандай, көп азап чегип, жек көрүндү болууга тийиш эмес беле?

13 Бирок Мен силерге айтам: Илияс чын эле келди жана ага Ыйык Жазууларда жазылгандай, өз оюна келгендерин жасашты, — деп жооп берди.

14 Ыйсалар калган шакирттердин жанына басып келишип, аларды тегеректеп турган көптөгөн элди жана алар менен талашып-тартышып жаткан дин мугалимдерин көрүштү.

15 Аны көрөрү менен элдин баары катуу таңданышты. Анан алдынан тосо чуркап чыгып, Аны менен саламдашышты.

16 Ыйса алардан: — Эмне тууралуу талашып жатасыңар? — деп сурады.

17 Элдин ичинен бирөө Ага: — Устат, мен сага жин уруп, дудук кылган уулумду алып келдим эле.

18 Жини кармаганда эле боюн жерге уруп, оозунан көбүгү чыгып, тишин кычыратып, тырышып жатып калат. Шакирттериңен жинин кубалап чыгаргыла деп сурансам, колдорунан келбей койду, — деп үн катты.

19 Ошондо Ыйса: — Эй, ишеними жок эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! — деди.

20 Алар баланы Ыйсанын алдына алып келишти. Жин Ыйсаны көрөрү менен баланы калчылдатып кирди. Ал жерге кулап, оозунан көбүгү чыгып, ары-бери тоголонуп жатты.

21 Ыйса анын атасынан: — Уулуң качантан бери мындай? — деп сурады. — Бала кезинен бери, — деди атасы,

22 — жин аны өлтүрүү үчүн далай ирет от менен сууга салды. Эгерде колуңуздан келсе, бизге ырайым кылып, жардам берегөрүңүз!

23 — Эгер колумдан келсеби? — деди Ыйса ага. — Ким ишенсе, ага баарын жасай алам.

24 Баланын атасы ошол замат: — Ишенем! Дагы катуураак ишенгенге жардам кыла көр! — деп боздоп жиберди.

25 Элдин агып келип жатканын көрүп, Ыйса кара күчкө: — Дудук жана дүлөй кылчу жин, Мен сага катуу буйрук кыламын: чыгып кет да, экинчи кирбегин! — деди.

26 Жин ачуу чаңырып, баланы катуу калчылдатып, анан чыгып кетти. Бала өлүктөй болуп жатып калгандыктан баары: «Өлдү!» — деп жатышты.

27 Бирок Ыйса аны колунан алып, турууга жардамдашты эле, ал турду.

28 Ыйса үйгө киргенде, шакирттери Андан өзүнчө: — Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? — деп сурашты.

29 Ыйса: — Аны сыйынуу менен гана кууп чыгарууга болот! — деп жооп берди.

30 Ыйса шакирттери менен ал жактан чыгып, Галилея аймагын аралап өтүп баратты. Ал Өзүнүн кайда экенин эч ким билбөөсүн каалады.

31 Анткени шакирттерине: «Адам Уулу кишилердин колуна түшөт, Аны өлтүрүшөт, анан үчүнчү күнү Ал кайра тирилет», — деп айткан болчу.

32 Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн эмес, сурагандан болсо коркушкан.

33 Алар Капарноомго келишти. Үйгө киришкенде, Ыйса алардан: «Жолдо эмнени талаштыңар?» — деп сурады.

34 Шакирттери үндөшпөдү, анткени алар жолдо арабыздан кимибиздин жолубуз улуу деп талашкан эле.

35 Ыйса олтурду да, он эки шакиртин чакырып алып, мындай деди: — Ким биринчи болууну кааласа, баарынын акыркысы жана баарынын кызматчысы болсун.

36 Анан бир кичине баланы алып, алардын ортосуна тургузуп койду. Анан аны кучактап:

37 — Ким ушундай балдардын бирин Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени эмес, Мени Жибергенди кабыл алганы, — деди.

38 Ошондо Жакан: — Устат, сенин ысмыңды оозанып, адамдардан жиндерин кууп чыгарып жүргөн бирөөнү көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, — деди.

39 Ыйса болсо мындай деди: — Ага тыюу салбагыла. Менин атыман укмуштарды жасагандын бирөө да дароо эле Мен жөнүндө жаман сөз айта албайт.

40 Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта.

41 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким силерге «булар Машаякка караштуулар» деп, Мен үчүн бир чыны суу берсе, ал сөзсүз өз сыйлыгын алат.

42 Ал эми кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок.

43-44 Эгерде колуң сени күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки колуң менен тозоктун өчпөс отуна кеткениңден көрө, майып болуп бейишке чыкканың жакшы.

45-46 Эгерде сени бутуң күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки бутуң менен тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, чолок болуп бейишке чыкканың жакшы.

47 Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, анда аны чукуп сал! Эки көзүң соо тозокко ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.

48 Ал жакта аларды жеген курттар эч качан өлүшпөйт жана аларды куйкалаган от эч качан өчпөйт.

49 Кудайга тартуу кылынган нерселер туз менен тазаланган сыяктуу бардыгыңар азап отунан өтөсүңөр.

50 Туз — жакшы нерсе! Эгер ал даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Жан-дүйнөңөрдө «туз» болсун жана өз ара ынтымактуу жашагыла.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16