меню

Жакандын Инжили 1 Бөлүм


1 Адегенде Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.

2 Сөз башынан эле Кудай менен болгон.

3 Кудай баарын Сөз аркылуу жараткан жана жаратылган нерсенин бири да Ансыз пайда болгон эмес.

4 Сөз өмүрдүн башаты болгон. Ошол өмүр адамзатка жарыгын төктү.

5 Жарык караңгыда жаркырады, караңгы болсо жарыкты жеңе албады.

6 Кудай жиберген Жакыя аттуу бир адам болгон.

7 Ал Жарыкка күбө болуп, бардык адамдарды Ошого ишендирүү үчүн келген.

8 Жакыя өзү Жарык болгон эмес, ал Жарык тууралуу кабарлоо үчүн гана келген болчу.

9 Ар адамга жарыгын төкчү чыныгы Жарык бул дүйнөгө келе жатты.

10 Ал Өзү бул дүйнөдө бар эле, дүйнөнү Ошол жараткан болчу, бирок дүйнөдөгүлөр Аны тааныбады.

11 Өзү тандаган элге келди, бирок алар Аны кабыл алышпады.

12 Ал эми кабыл алып, Ага ишенгендердин баарына Кудайдын балдары болуу укугун берди.

13 Алар табигый жол менен же пенденин каалоосу менен эмес, Кудай аларга чыныгы өмүр бергендиктен гана Анын балдары боло алышты. Алар түпкү аталары ким болгонунан же адамдардын каалоосунан эмес, Кудай Өзү аларды балдары кылган.

14 Сөз адам болуп, арабызда өмүр сүрдү. Ошондо биз Кудай Атанын жалгыз Уулунун чексиз улуулугун көрдүк. Кудайдын болгон ырайымы менен акыйкаты Анда эле.

15 Жакыя Ал жөнүндө мындай деп жар салды: «"Аркамдан келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон" деген кишим ушул».

16 Анын чексиз ырайымынан баарыбыз батанын үстүнөн батага ээ болуп келе жатабыз.

17 Муса пайгамбар аркылуу мыйзам берилсе, Ыйса Машаяк аркылуу ырайым менен акыйкат берилди.

18 Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес, Аны бизге Атасына эң жакын болгон жалгыз Уулу таанытты.

19-20 Иерусалим шаарындагы иудей башчылары тарабынан ким экендигин билип келүүгө жиберилген динкызматчылар менен лебиттерге Жакыя жооп берүүдөн баш тартпай: — Мен Машаяк эмесмин, — деп ачык айтты.

21 Алар: — Анда сен кимсиң, Илияс пайгамбарсыңбы? — деп сурашты. — Жок, ал эмесмин, — деп жооп берди Жакыя. — Мүмкүн сен келе турган Пайгамбар чыгарсың? — Жок. —

22 Жиберген кишилерибизге жооп бергендей бололу. Сен өзүң жөнүндө эмне дейсиң?

23 Ошондо Жакыя мындай деди: — Мен, Ышая пайгамбар айткандай, «Эгебизге жолду түздөгүлө!»— деп чөлдө жар салган кабарчымын.

24 Бул адамдар фарисейлер тобунан эле.

25 Алар Жакыядан дагы: — Эгер Машаяк да, Илияс да, келе турган Пайгамбар да болбосоң, эмне үчүн адамдарды Кудай жолуна чакырып сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүрөсүң? — деп сурашты.

26 Жакыя: — Мен тек гана сууга чөмүлдүрүү расмисин өткөрүп жүрөм. Араңарда силер тааныбаган бирөө турат.

27 Ал өз ишин менден кийин баштайт, ошентсе да мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө татыксызмын, — деди.

28 Бул окуя Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өтөп жүргөн Иордан дарыясынын чыгышындагы Бейтани айылында болду.

29 Кийинки күнү Жакыя өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: — Карагыла, Кудай жиберген курмандык козу ушул! Бул адамзаттын күнөөсүн мойнуна алат.

30 «Менден кийин келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон» деп, ушул тууралуу айткан элем, — деди.

31 Мен муну таанычу эмесмин, бирок Ысрайыл элине тааныштырып, адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүү үчүн келдим.

32 Жакыя Ал жөнүндө дагы мындай деди: — Мен Ыйык Рухтун көгүчкөн кейпинде көктөн түшүп, Ыйсага конгонун көрдүм.

33 Аны мурда чындап эле таанычу эмесмин, бирок мени сууга чөмүлдүрүү расмисин аткарууга жиберген Кудай: «Рухтун кимге конгонун көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол», — деген эле.

34 Мен көрүп, Ыйсанын Кудай Уулу экенине күбө болдум.

35 Эртеси күнү да Жакыя эки шакирти менен ошол жерде турган эле.

36 Ал өтүп бараткан Ыйсаны көрүп: — Карагыла, Кудай жиберген курмандык козу ушул! — деди.

37 Эки шакирти Жакыянын айтканын угары менен Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

38 Ыйса артына бурулуп, алардын келе жатканын көрдү да: — Эмне керек эле? — деди. Алар: — Рабби (устат дегенди билдирет), каерде турасыз? — дешти.

39 Ыйса: — Келип, көрүп кеткиле! — деди. Алар барып, Ыйсанын турган жерин көрүшүп, ал күнү Аны менен бирге болушту. Бул түштөн кийинки убак эле.

40 Жакандын сөзүн угуп, Ыйсанын артынан ээрчиген экөөнүн бири Ысман-Петирдин иниси Идрис болчу.

41 Ал биринчи бир тууган агасы Ысманга барып: — Биз Машаяк ким экенин билдик! — деди.

42 Анан аны Ыйсага ээрчитип келди. Ыйса Ысманга карап: — Сен Жакан уулу Ысмансың. Мындан ары атың Кефа(«таш» дегенди билдирет) болсун, — деди.

43 Эртеси күнү Ыйса Галилея аймагына бармакчы болду. Ал Филипке жолугуп: — Жүр, Мага кошул, — деди.

44 Филип да Идрис менен Петир турган Бейтсайдадан эле.

45 Филип болсо Натанайылга барды. — Биз Муса Тооратта жазган жана башка пайгамбарлар да өз жазмаларында айтып кеткен Машаякка жолуктук! — деди ага Филип, — ал — Назареттик Жусуптун уулу Ыйса!

46 Бирок Натанайыл: — Деги Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле? — деди. Филип: — Анда бар да өзүң көрбөйсүңбү! — деди.

47 Ыйса келе жаткан Натанайылды көргөндө: — Ичинде эч бир кири жок, накта ысрайылдык мына ушул, — деди.

48 Сиз мени кайдан билесиз? — деди Натанайыл буга таңыркай. — Мен сени Филип чакыра электе эле анжир дарагынын түбүнөн көргөм.

49 Ошондо Натанайыл: — Устат, сиз чындап эле Кудай Уулу экенсиз! Ысрайыл падышасы сиз экенсиз! Буга эми көзүм жетти, — деди.

50 «Сени анжир дарагынын түбүнөн көргөм» дегениме эле ишенип жатасыңбы? Али мындан да зор нерселерди көрөсүң!

51 Ыйса дагы мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эми силер көктүн ачылганын көрөсүңөр. Ал жерде Кудайдын периштелери асманга чыгып, асмандан Адам Уулуна түшүп турушат.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21