меню

Жакандын Инжили 11 Бөлүм

тез өтүү:

1 Лазар деген бейтанилик бир киши ооруп жатты. Мариям да эжеси менен ошол айылда турчу.

2 (Кийинчерээк Эгебиздин бутуна жыттуу май сүйкөп, чачы менен кургаткан так ушул Мариям болчу. Ооруп жаткан Лазар болсо анын бир тууган агасы эле.)

3 «Эгебиз, жакшы көргөн кишиңиз ооруп жатат», — деп, эже-сиңди Ыйсага кабар жиберишти.

4 Ыйса муну укканда: — Бул оору өлүм менен бүтпөйт, тескерисинче, Кудайдын улуулугун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул иш аркылуу Кудай Уулунун кудуреттүү улуулугу көрүнөт, — деди.

5 Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана алардын бир тууганы Лазарды өтө жакшы көрсө да,

6 Лазардын оору экендиги тууралуу кабар жеткенде, ошол жерде дагы эки күн болду.

7 Андан соң, шакирттерине мындай деди: — Жүргүлө, Иудеяга кайра баралы!

8 — Устат, иудей башчылары жакында эле сени ташбараңга алып, өлтүрмөкчү болушпады беле? — дешти шакирттери Ага, — Эмне, ошол жакка дагы бармакчысыңбы?

9 — Бир күндүн он эки сааты жарык эмеспи? — деди жооп кайтара Ыйса. — Адам күндүз жүрсө, мүдүрүлбөйт, анткени бул дүйнөнүн жарыгын көрөт.

10 Ал эми түн ичинде жүрсө, жарыгы жок болгондуктан мүдүрүлөт. Ыйса андан ары дагы мындай деди:

11 — Досубуз Лазар катуу уйкуда жатат. Мен барып аны ойготоюн.

12 Шакирттери: — Мырза, уктап жатса жакшы, анда айыгат, — дешти.

13 Ыйса Лазардын өлгөнүн кыйыр түрдө айткан эле, а шакирттери болсо кадимки уйкуну айтып жатат деп ойлошту.

14 Ошондо Ал ачык айтты: — Лазар өлдү,

15 бирок силерди ойлоп, ал жакта болбогонума кубанып жатам, анткени бул аркылуу силер ишенимге келе аласыңар. Эми жүргүлө, Лазарга баралы.

16 Ошондо Том-Эгиз башка шакирттерге: — Кеттик, биз да Устат менен бирге өлөлү! — деди.

17 Ыйса Бейтаниге жеткенде, Лазардын өлүп, көргө коюлганына төрт күн болгонун укту.

18 Бейтани менен Иерусалимдин аралыгы үч эле чакырымдай болгондуктан,

19 көптөгөн адамдар Марта менен Мариямга көңүл айтууга келишкен экен.

20 Ыйсанын келе жатканын уккан Марта алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо, үйдө калды.

21 Марта: — Эгем, эгер сиз бул жерде болсоңуз, иним өлмөк эмес эле да.

22 Бирок эмне сурасаңыз, Кудайдын азыр болсо деле сизге берерин билем, — деди.

23 Ыйса ага: — Иниң кайра тирилет, — деди.

24 — Кыяматта, кайра тирилүү күнү анын да тирилерин билем — жооп кайтарды Марта.

25 — Кайра тирилүү менен чыныгы өмүр — Менмин, — деди Ыйса. — Мага ишенген адам өлсө да, өмүр сүрө турган болот.

26 Мага ишенип өмүр сүргөн адам эч качан өлбөйт. Буга ишенесиңби?

27 Марта: — Ооба, Эгем, сиздин дүйнөгө келе турган Кудай Уулу жана Машаяк экениңизге ишенем — деди.

28 Анан ал Мариямды тымызын чакырып алды да: — Устат келип калды, сени чакырып атат, — деди.

29 Муну угары менен Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү.

30 Бирок Ыйса дале айылга кирбептир, ал баягы Мартага жолуккан жерде экен.

31 Мариямдын жанында көңүл айтып олтурушкандар анын шашылыш чыгып кеткенин көрүшкөндө, артынан кошо чыгышып, «көрүстөнгө барып кошок кошкону кетти го» деп ойлоп калышты.

32 Мариям Ыйса турган жерге келди да Анын бутуна жыгылды. — Оо, Эгем, — деди ал, — Сиз бул жерде болсоңуз, бир тууганым өлбөйт эле.

33 Ыйса Мариям менен анын артынан келгендердин кошок кошуп, ыйлап турганын көргөндө, катуу үшкүрүнүп, каңырыгы түтөп кетти.

34 — Аны каерге койдуңар? — деди Ыйса. — Эгебиз, келип көрүңүз, — деп жооп беришти алар.

35 Ыйсанын көзүнөн жаш агып кетти.

36 Ошондо адамдар өз ара: — Карасаңар, Лазарды кандай ал жакшы көргөн! — дей башташты.

37 — Сокурдун көзүн ачкан бул тигини да ажалдан арачалап кала албас беле? — дегендери да болду.

38 Ыйса дагы бир үшкүрүнүп алып, көрүстөнгө басып келди. Көр болсо оозу таш менен жабылган үңкүр эле.

39 Ыйса: — Ташты алып салгыла! — деп буюрду. Ошондо маркумдун эжеси Марта: — Эгем, ал жыттанып баратат, жатканына төрт күн болуп калды, — деди.

40 — «Ишенсең, Кудайдын кудуретин көрөсүң» дебедим беле, — деди Ыйса ага.

41 Ташты үңкүрдүн оозунан алып салышканда, Ыйса көктү карап мындай деди: — Ата, үнүмдү укканыңа ыраазымын!

42 Мени дайыма угарыңды билсем да, муну айланамда турган эл Мени Сенин жибергениңе ишенсин деп айтып жатам, — деп сыйынды.

43 Анан: — Лазар, чыккын! — деп кыйкырды.

44 Ошондо колу-буту кепинге оролгон Лазар көрдөн чыга келди. Анын башы-көзү да таңылуу эле. Ыйса жанында тургандарга: — Кепинин чечип салгыла, бассын, — деди.

45 Мариямга келишкендердин көбү Ыйсанын керемет ишин көрүп, Ага ишенип калышты.

46 Бирөөлөр фарисейлерге барып, Ыйсанын кылганын айтып беришти.

47 Ошондо жогорку динкызматчылар менен фарисейлер диний жогорку кеңештин мажилисин чакырышып, өз ара мындай деп сүйлөшүштү: — Кандай кылсак, жанагы киши көптөгөн укмуштарды жасап атат.

48 Аны ушул бойдон калтыра турган болсок, элдин баары ага ишенип кетет. Анан римдиктер келип, касиеттүү үйүбүздү да, элибизди да чаап алышат.

49 Ошол мезгилде башкы динкызматчы болгон Каяп ордунан туруп, мындай деди: — Силер эч нерсени билбейсиңер!

50 Бүтүндөй эл ойрон болгондон көрө, ошол эл үчүн бир адамдын өлгөнү бизге дурус болорун ойлосоңор боло!

51 Каяп муну өз оюнан чыгарып айткан жок, бирок ошол мезгилде башкы динкызматчы болгондуктан, Ыйсанын эл үчүн өлөрүн алдын ала айткан болчу.

52 Ооба, Ыйса Ысрайыл эли үчүн гана эмес, жер жүзүнө таралган башка элдердеги Кудайдын балдарын бир үй-бүлө кылуу үчүн да өлүүгө тийиш болчу.

53 Ошол күндөн баштап иудей башчылары Ыйсаны өлтүрүүнүн жолун ойлонуштура башташты.

54 Ошондуктан Ыйса мындан ары Иудеяда ачык жүрбөй, чөлгө жакын жердеги Эфрайым деген айылга кетип, ал жерде шакирттери менен бирге болду.

55 Куткарылуу майрамы жакындап калган эле. Өлкөнүн туш тарабынан көптөгөн адамдар майрам алдындагы диний тазалануу салтын аткаруу үчүн Иерусалимди көздөй агылып, чыгып бара жатышты.

56 Алар ийбадаткананын жанынан Ыйсаны издешти. Короодо топтолуп тургандар: «Кандай деп ойлойсуңар, ал да майрамга келер бекен?» — деп бири биринен сурашты.

57 Себеби жогорку динкызматчылар менен фарисейлер: «Кимде-ким Ыйсанын кайда экенин билип калса, кабар берсин!» деген буйрук чыгарышкан эле.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21