1 Бир аз убакыттан кийин Ыйса Галилея көлүнүн чыгыш тарабына сүзүп өттү. (Ал Тиберия көлү деп да аталат.)
2 Оорулууларга жасаган керемет-жышаандарын көргөндүктөн, көп эл Ыйсаны ээрчиди.
3 Ал тоого чыгып, ошол жерде шакирттери менен сүйлөшүп отурду.
4 Бул — иудейлердин Куткарылуу майрамынын алды болчу.
5 Ыйса көз жүгүртүп караса, калың эл Аны көздөй келе жатыптыр. Ошондо Филипке: — Буларды тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алабыз? — деди.
6 (Ыйса муну Филиптин ишенимин сыноо үчүн айткан, себеби эмне кылмакчы болгонун Өзү билип турган.)
7 — Бизде эки жүз күмүш теңгеге келчү нан болуп, ар бир адам бир сындырымдан жегенде да баарына жетмек эмес эле, — деп жооп берди Филип Ага.
8 Ошондо башка бир шакирти — Ысман-Петирдин иниси Идрис Ыйсага мындай деди:
9 — Бул жерде бир бала жүрөт, анын беш арпа наны менен эки балыгы бар экен. Бирок ушунча кишиге алар эмне болмок эле?
10 Бирок Ыйса: — Адамдарды жайгаштыра бергиле! — деди. Көк майсандуу ошол жерге беш миңге жакын киши жайгашты.
11 Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди да, жайгашкандарга таратсын үчүн шакирттерине берди. Балыктан да ар бирине каалашынча берди.
12 Баары жеп, тойгон соң, шакирттерине: — Ысырап болбосун үчүн нандын артканын жыйнап алгыла, — деди.
13 Алар кишилер жегенден калган арпа нандын үзүмдөрүн жыйнаганда, он эки себет толду.
14 Адамдар Ыйса жасаган ошол кереметти көргөндө: — Дүйнөгө келүүгө тийиш болгон Пайгамбар — так ушул, — дешти.
15 Ыйса алардын «күтүлбөгөн жерден кармап, падыша шайлап алабыз» деген оюн туюп, кайрадан Өзү жалгыз тоого кетип калды.
16 Кеч киргенде, Ыйсанын шакирттери көлгө барып,
17 бир кайыкка түшүп, көлдүн ар жагындагы Капарноомго бет алышты. Караңгы кирип калса да, Ыйса аларга али келе элек болчу.
18 Ошондо катуу шамал болуп, көл толкуй баштады.
19 Алар беш-алты чакырымдай жүргөндөн кийин, суу үстү менен кайыкка басып келе жаткан Ыйсаны көрүп, коркуп кетишти.
20 Ыйса аларга: — Коркпогула, бул Мен элемин! — деди.
21 Шакирттери Ыйсаны тосуп алмакчы болушту. Ошол замат кайык алар бет алган жээкке жетип калды.
22 Кийинки күнү көлдүн чыгыш жагында калган эл Ыйсанын шакирттери түшкөн жалгыз кайыктан башка эч бир кайыктын болбогонун эстешти да, Ыйсанын алар менен бирге кайыкка түшпөй, шакирттери өздөрү гана кеткенин билишти.
23 Эгебиз Ыйса Кудайга шүкүрчүлүк келтирип сыйынгандан кийин, эл нан жеп тойгон кечээги жерге дагы башка кайыктар Тиберия шаары жактан келип жатты.
24 Ыйса менен шакирттеринин бул жерде жок экенин билген эл жанагы кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп, Капарноомго жөнөштү.
25 Алар Ыйсаны көлдүн аркы жээгинен табышканда: — Устат, бул жерге качан келдиң? — деп сурашты.
26 Ыйса: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кереметтүү жышаан көргөндүктөн эмес, нан жеп тоюп калганыңардан гана Мени издеп жүрөсүңөр.
27 Күнүмдүк тамак эмес, түбөлүк өмүр бере турган тамак үчүн аракеттенгиле! Аны силерге Адам Уулу гана бере алат, анткени Кудай Ата муну ошого дайындаган, — деди.
28 Ошондо алар Ыйсадан: — Кудайдын каалоосун аткаруу үчүн эмне кылышыбыз керек? — деп сурашты.
29 Ал: — Анын жибергенине ишенгиле, Кудайдын каалоосу — ошол, — деди.
30 — Сен кандай кереметтүү жышаан көрсөтөсүң? — деп сурады эл Андан. — Биз көрүп, анан сага ишенели. Кандай иш кыласың?
31 «Аларга жей турган нанды көктөн берди» деп Ыйык Жазууда жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен.
32 Ыйса аларга: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: көктөн нан берген Муса эмес, көктөн чыныгы нан берип жаткан Менин Атам.
33 Себеби көктөн түшүп, адамзатка өмүр берүүчү — Кудайдын наны, — деди.
34 Анда эл: — Мырза, бизге дайыма ошондой нан берип туруңузчу! — деди.
35 Ыйса мындай деп жооп кайтарды: — Мен — өмүр нанымын. Мага келгендер эч качан ач кетпейт, ишенгендер эч качан чаңкабайт.
36 Бирок Мен силерге: «Мени көрсөңөр да, Мага ишенбейсиңер» дегем.
37 Асмандагы Атабыз берген адамдардын бардыгы Мага келет, Мен болсо аларды кубалабайм.
38 Көктөн Өз каалоомду эмес, бирок Мени Жибергендин эркин аткаруу үчүн түштүм.
39 Жибергендин каалоосу болсо — Анын Мага берген адамдарынын бирин да жоготпой, баарын тең кыямат күнү кайра тирилтүүм.
40 Себеби Атамдын каалоосу — Анын Уулун көрүп, Ага ишенген ар бир адамды түбөлүк өмүргө ээ кылуу. Мен аны кыямат күнү кайра тирилтип алам.
41 Иудей башчылары Ыйсанын «көктөн түшкөн нан — Менмин» дегенине нааразы болуп,
42 «мынабу Жусуптун уулу Ыйса эмеспи? Анын ата-энесин биз билебиз го? Анда ал кандайча "көктөн түштүм" дейт?» — деп күңкүлдөштү.
43 Ыйса аларга мындай деди: — Күңкүлдөшпөгүлө!
44 Мени жиберген Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт. Мен аны кыяматта кайра тирилтип алам.
45 Пайгамбарлардын жазмаларында «Кудай алардын баарын үйрөтөт»деп айтылган. Атамды угуп, андан таалим алган ар ким Мага келет.
46 Арийне, Кудайдан келгенден башка эч ким Атабызды көргөн эмес. Атабызды көргөн — жалгыз ошол гана.
47 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким Мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ.
48 Мен — өмүр нанымын.
49 Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешсе да, акырында өлүштү.
50 Бирок азыркы көктөн түшкөн нандын касиети мында: андан жеген адам өлүмгө дуушар болбойт.
51 Мен — көктөн түшкөн тирүү нанмын. Бул нандан жеген адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Бул нан — Менин денем, аны Мен адамзат чыныгы өмүргө ээ болсун деп, курман кылам.
52 Ошондо иудей башчылары: — Бул кандайча бизге денесин жесин деп бере алат? — деп өз ара айтышып, талаша башташты.
53 Ыйса аларга мындай деди: — Силерге Мен чындыкты айтып коёюн: эгер Адам Уулунун денесин жеп, канынан ичпесеңер, чыныгы өмүргө ээ болбойсуңар!
54 Кимде-ким Менин денемди жеп, канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ болот жана Мен аны кыямат күнү кайра тирилтемин.
55 Себеби Менин денем — чыныгы азык, каным — чыныгы суусундук.
56 Денемди жеп, канымды ичкен ар ким Мени менен тыгыз байланышта болот. Мен да аны менен тыгыз байланышта болом.
57 Мени түбөлүк тирүү Атабыз жиберди жана Мен Ал аркылуу өмүр сүрөм. Ошол сыяктуу денемди жеген киши да Мен аркылуу чыныгы өмүр сүрөт.
58 Көктөн түшкөн нан мына ошондой. Ал ата-бабаларыңар жеген таттуу нандай эмес: алар акырында өлгөн, ал эми бул нанды жеген ар ким түбөлүк өмүргө ээ болот.
59 Ыйса муну Капарноомдогу синагогада таалим берип жатканда айтты.
60 Муну уккан шакирттеринин көбү: — Абдан оор сөздөр экен, ким муну угуп тура алат?! — дешти.
61 Бул нааразылыкты байкап калган Ыйса аларга мындай деди: — Ушул сөз силерди ызалантып жатабы?
62 Анда Адам Уулунун келген жагына көтөрүлгөнүн көргөн кезде эмне дейсиңер?
63 Өмүрдү Ыйык Рух берет, ал эми пенденин колунан эч нерсе келбейт. Силерге айткан сөздөрүм аркылуу Рух берүүчү чыныгы өмүргө ээ боло аласыңар.
64 Бирок араңардагы кээ бирөөлөр ишенишпейт. Ыйса ишенбегендердин ким экенин жана ким Ага чыккынчылык кыларын башынан эле билгендиктен ушундай деген болчу.
65 — «Асмандагы Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт» дегенимдин себеби ошол, — деди Ыйса сөзүнө кошумчалай.
66 Ушул күндөн баштап шакирттеринин көбү Ыйсадан баш тартып, ээрчибей калышты.
67 Ошондо Ыйса он эки шакиртинен: — Силердин да кеткиңер келген жокпу? — деп сурады.
68 Ысман-Петир: — Эгем, сенден кетсек, кимге барабыз? Түбөлүк өмүргө жеткирүүчү сөздөр сенде гана бар.
69 Биз сенин Кудайдын жиберген ыйыгы экениңе ишенип, эми ошого көзүбүз жетти, — деди.
70 Ыйса аларга: — Ушул он экиңди Өзүм тандап алган эмес белем? Ошондо да араңардагы бирөө ибилистин жетегинде, — деди.
71(Ал Ысман Искариоттун уулу Жүйүт жөнүндө айткан эле. Ал «он экинин» бири болгону менен, кийин Ыйсаны сатып кеткен.)
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21