меню

Жакандын Инжили 14 Бөлүм

тез өтүү:

1 Кайгыга батпагыла! Кудайга ишенгиле, ошондой эле Мага да ишенгиле!

2 Көктөгү Атамдын үйүндө жай көп. Эгер андай болбосо, силер үчүн жай даярдаганы бара жатам деп айтмак белем?

3 Барып, даярдап бүткөндөн кийин кайтып келип, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн жаныма алып кетем.

4 Мен бара жаткан жакка алып баруучу жолду билесиңер.

5 Эгем, кайда бара жатканыңды билбейбиз, анан кантип ал жакка алып баруучу жолду билмек элек? — деп сурады Том.

6 Ыйса ага: — Мен — жол, чындык жана өмүрмүн. Мен аркылуу болбосо, асмандагы Атабызга эч ким бара албайт.

7 Менин ким экенимди билген үчүн, Атамды да билип каласыңар. Эми Аны билип, көрө баштадыңар, — деди.

8 Ошондо Филип: — О, Эгем, бизге Атабызды көрсөт, ошондо жетиштүү болот, — деди.

9 Ыйса мындай деп жооп берди: — Мен көптөн бери жаныңардамын, ошондо да Менин ким экенимди билген жоксуңбу, Филип? Мени көргөн адам, Атабызды да көргөнү. Эмне үчүн Атабызды көрсөт дейсиң?

10 Мен Атабыз менен, ал эми Атабыз Мени менен тыгыз байланышта экенине ишенбейсиңерби? Силерге айткан сөздөрүмдү Өз оюмдан чыгарып айткан жокмун. Мени менен тыгыз байланыштагы Атабыз Мен аркылуу Өз ишин иштеп жатат.

11 Менин Атабыз менен, ал эми Атабыздын Мени менен тыгыз байланышта экенине ишенгиле! Буга ишене албасаңар, кылган кереметтеримден улам Мага ишенгиле.

12 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Мен кылгандай кереметтүү иштерди Мага ишенген адам да кылат, ал тургай андан да зор кереметтүү иштерди кыла алат, себеби Мен Атабызга барып, Ыйык Рухту жиберем.

13 Атабыздан Менин атыман эмне сурасаңар да, аткарып берем. Ошондо Атабыздын улуулугу Уулу аркылуу көрүнөт.

14 Менин атымдан эмне сурасаңар да Мен аткарып берем.

15 Силер Мени жакшы көрсөңөр, буйруктарымды аткаргыла.

16 Мен Атабыздан силерге дагы Бирөөнү жиберүүсүн өтүнөм. Ал силерди колдоп, түбөлүк бирге болот.

17 Ал — акыйкаттын Руху. Бул дүйнөдөгүлөр Аны кабыл ала албайт, себеби Аны көрө да, биле да албайт. Ал эми силер билесиңер, анткени азыр Ал жан дүйнөңөрдө жашайт жана кийин да жашай берет.

18 Мен силерди жетимсиретпей кайра келем.

19 Бир аз убакыттан кийин бул дүйнөдөгүлөр Мени андан ары көрбөй калышат, ал эми силер көрөсүңөр, анткени Мен кайра тирилем, силер да түбөлүк өмүргө ээ болосуңар.

20 Ошол күнү силер Мен Атам менен, өзүңөр Мени менен, Мен болсо силер менен тыгыз байланышта экенимди билип каласыңар.

21 Буйруктарымды көңүлүнө сактап, аткарып жүргөндөр — Мени сүйгөндөр. Мени сүйгөндөрдү Атам сүйөт. Мен да аларды сүйүп, Өзүмдү аларга ачып берем.

22 Ошондо Жүйүт (Искариот эмес) Ыйсадан: — Эгем, сен өзүңдү кандайча бүт дүйнөгө эмес, бизге гана ачмакчысың? — деп сурады.

23 Ыйса мындайча жооп берди: — Ким Мени сүйсө, айткандарымды бек тутат. Атам да аны сүйөт жана Биз ага келип, аны менен бирге жашайбыз.

24 Мени сүйбөгөндөр Менин сөзүмдү тутунушпайт. Силер угуп жүргөн сөздөрдү Өз оюмдан чыгарып айтканым жок. Алар Мени жиберген Атабыздын сөздөрү.

25 Мен бул сөздөрдү азыр араңарда жүргөн кезде айтып жатам.

26 Ал эми Атабыз Менин атымдан колдоочуңар — Ыйык Рухту жиберет. Ал Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салып, баарын үйрөтөт.

27 Мен силердин жаныңарга тынчтык берип кетем. Өз жанымдын тынчтыгын берип кетем. Менин бере турганым адамдар берип, жок болчу тынчтык эмес, ошондуктан жүрөкзаада болуп, корко бербегиле.

28 Силерге: «Мен кетип атам, бирок силерге кайтып келем» дебедим беле. Эгер Мени чын жүрөктөн жакшы көрсөңөр, Атабызга баратканыма кубанат элеңер, анткени Атабыз Менден улуу.

29 Ушулардын баары ишке ашкан кезде, силер Менин айткандарыма ишенип калууңар үчүн, буларды азыр, алдын ала айтып жатам.

30 Эми Мен силер менен көпкө сүйлөшө албайм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу жакындап калды. Ал Менин үстүмөн бийлик жүргүзө албайт.

31 Бирок адамзат Мен Атабызды жакшы көрөрүмдү билүүгө тийиш. Ошол себептүү эмне кылсам да, Ал айткандай кылам. Эми тургула, бул жерден кетели.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21