Жакандын Инжили 16 Бөлүм
1 Силерге мунун баарын Мага деген ишенимиңерден тайбооңор үчүн айттым.
2 Синагогалардан чыгарыласыңар, ал тургай силерди өлтүрүп жаткан адам: «Кудайга кызмат кылып жатам!» деп ойлогон күндөр да келет.
3 Алар муну Атабызды да, Мени да тааныбагандыктан жасашат.
4 Мен буларды башыңарга ушундай күн түшкөндө, ушундай болот деп алдын ала айтып кеткенимди эстегиле деген максатта айттым. Араңарда жүргөндүктөн кызматымдын башында силерге буларды айткан эмесмин.
5 Эми Мен Мени Жибергенге кайтып бара жатам. Бирок бириң да кайда бара жатканымды ушуга чейин сураган жоксуңар.
6 Эми, айткан сөздөрүмдөн кийин кайгыга батып турасыңар.
7 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: силер үчүн Менин кеткеним дурус! Себеби эгер кетпесем, силерге колдоочу келбейт. Эгер кетсем, барып, Аны силерге жиберем.
8 Ал келген соң, бул дүйнөнүн күнөө, адилеттик жана сот жөнүндөгү ойлорунун ката экендигин ашкере кылат.
9 Алар күнөө эмне экенин түшүнүшпөйт, анткени Мага ишенбей жатышат.
10 Алар адилеттик эмне экенин түшүнүшпөйт, анткени Мен Атабызга баратам жана силер мындан ары Мени көрбөйсүңөр.
11 Алар сот эмне экенин да түшүнүшпөйт, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу сотко тартылды.
12 Силерге айтар сөзүм али көп, бирок азыр айтсам, көтөрө албайсыңар.
13 Акыйкаттын Руху келген соң, Ал силерди акыйкатка жетелейт, себеби Ал Өз оюнан чыккан сөздү эмес, Атабыздан укканын жана келечекте боло турганын айтат.
14 Ал силерге Менин айткандарымды жеткирип, улуулугумду көрсөтөт.
15 Атабыздагынын баары Мага таандык. «Менин айткандарымды силерге Ыйык Рух жеткирет» деп ошондуктан айттым.
16 Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайрадан көрөсүңөр.
17 Ошондо Ыйсанын кээ бир шакирттери: — «Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайра көрөсүңөр» дегени эмнеси? «Асмандагы Атабызга баратам» дегенин кандайча түшүнсө болот?
18 «Бир аз убакыт» дегеничи? Эмне жөнүндө айтып жатат? — дешти.
19 Ыйса алардын сурагысы келгенин туюп, мындай деди: — «Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайра көрөсүңөр» деп айтканымды түшүнбөй, бири бириңерден сурап жатасыңарбы?
20 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: силер боздоп, зарлайсыңар, ал эми бул дүйнө кубанып шаттанат. Ооба, кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат.
21 Аялдын ай-күнү жеткенде, толгоо тартып кыйналат. Төрөгөн соң, наристе дүйнөгө келди деп кубанганынан кыйналганын унутуп коёт.
22 Силер да ошондой болуп азыр кайгырып жатасыңар. Кайгырбагыла, Мен силерди кайрадан көрөм. Ошондо силердин жүрөгүңөр кубанычка толот. Ал кубанычты силерден эч ким тартып ала албайт.
23 Ошол күнү Менден бир нерсе жөнүндө сурашыңардын зарылчылыгы болбой калат. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Атабыздан Менин атымдан эмне сурасаңар да, Ал берет.
24 Буга чейин Менин атымдан эч нерсе сураган жоксуңар. Кубанычыңар толук болсун үчүн сурагыла, аласыңар!
25 Мен буларды силерге кыйыр түрдө айттым. Мындан ары кыйыр түрдө сүйлөбөй, Атабыз тууралуу ачык айта турган кез келет.
26 Ошол кезде Менин атымдан сурай турган болосуңар. Силер үчүн Атабыздан Менин өтүнүшүмдүн зарылчылыгы болбой калат.
27 Себеп дегенде, силер Мени жакшы көрүп, Кудайдан келгениме ишенгениңер үчүн Атабыз да силерди жакшы көрөт.
28 Мен дүйнөгө Атабыздан келгем, эми бул дүйнөнү таштап, кайрадан Атабызга баратам.
29 Ошондо шакирттери: — Азыр кыйыр түрдө эмес, ачык сүйлөдүң.
30 Сен баарын билериңе көзүбүз жетти. Эми бир нерсе сураштын кереги да жок. Ошондуктан Кудайдан келгениңе ишенебиз, — дешти.
31 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Эми ишенесиңерби?
32 Силер туш-тарапка чачырап, ар кимиң үйлөрүңөргө качып кете турган убакыт келе жатат, ал тургай келип да калды. Мени жалгыз таштап кетесиңер. Бирок Мен жалгыз эмесмин, себеби Атабыз Менин жанымда.
33 Мен буларды силер Мени менен тыгыз байланышта болуп, жаныңар тынчтыкка бөлөнсүн деп айттым. Бул дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула: Мен бул дүйнөнү жеңдим.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21