1 Мындан кийин Ыйса Тиберия көлүнүн жээгинде дагы бир жолу шакирттерине көрүндү. Бул мындайча болду:
2 Ысман-Петир, Том-Эгиз, Галилеядагы Каана шаарынан чыккан Натанайыл, Зебедейдин уулдары жана Ыйсанын дагы эки шакирти бирге жүрүшкөн.
3 — Балык кармаганы баратам, — деди Ысман-Петир аларга. Алар: — Биз да барабыз, — дешти да, сыртка чыгып, кайыкка түшүштү. Бирок бул түнү алар эч нерсе кармай алышпады.
4 Таң эрте Ыйса жээкте турган эле. Шакирттери болсо анын Ыйса экенин билишкен эмес.
5 Ыйса аларга: — Эй, балдар, балыгыңар барбы? — деди. — Жок! — деп жооп беришти шакирттери.
6 — Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар, — деди Ыйса. Алар торун таштап, түшкөн балыктын көптүгүнөн кайра тартып чыгара алышпады.
7 Ошол кезде Ыйсанын жакшы көргөн шакирти: — Бул Эгебиз го, — деди Петирге. «Бул Эгебиз!» дегенди укканда, сырт кийимсиз жүргөн Ысман-Петир көйнөгүн байлана калып, сууга секирди.
8 Башка шакирттери болсо кайык менен жээкке жөнөштү, анткени алар жээктен алыс эмес, жаа атымдай аралыкта жүрүшкөн. Ошентип алар балыкка толгон торду сүйрөтүп келишти.
9 Жээкке чыкканда, чоктун үстүндөгү балык менен нанды көрүштү.
10 Ыйса аларга: — Балыгыңардан алып келгиле! — деди.
11 Ысман-Петир кайыкка барып, чоң балыкка толгон торду жээкке тартып чыгарды. Тордо жүз элүү үч чоң балык бар экен. Балык ушунча көп болсо да, тор жыртылбаптыр.
12 Ыйса аларга: — Эми келип тамактангыла! — деди. Шакирттеринин эч кимиси «сен кимсиң?» деп суроого батынышпады. Бул киши өздөрүнүн Эгеси экендигин алар билип калышкан.
13 Ыйса басып келип, нанды алып, аларга берди. Балыктан да берди.
14 Бул Ыйсанын өлүмдөн кайра тирилгенден берки шакирттерине үчүнчү жолу келүүсү эле.
15 Алар тамактанып алгандан кийин Ыйса Ысман-Петирден: — Жакан уулу Ысман, буларга караганда Мени сен көбүрөөк сүйөсүңбү? — деп сурады. — Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Өзүң деле билесиң, — деди Петир. Ошондо Ыйса ага: — Козуларымды бак! — деди.
16 Ыйса андан экинчи ирет: — Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? — деп сурады. Петир: — Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Сен билесиң го, — деп жооп кайтарды. Ыйса ага: — Койлорумду кайтар! — деди.
17 Ыйса үчүнчү жолу: — Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? — деп сурады. «Сен Мени жакшы көрөсүңбү?» деп үчүнчү ирет сурагандыктан Петир капа болуп: — Эгем, Сен баарын билесиң да, Сени жакшы көрөрүмдү да билесиң, — деди. Ошондо Ыйса ага мындай деди: — Койлорумду бак!
18 Сага бир чындыкты айтып коёюн: жаш кезиңде кайда баргың келсе, өзүң чеччүсүң, карыганыңда колуңду сунуп бересиң, башка бирөө байлайт да, каалабаган жагыңа алып барат, — деди.
19 (Ыйса бул сөздөрдү Петирдин кандайча өлүп, Кудайды улуулукка бөлөөрүн билдирүү үчүн айтты.) Ушундан кийин ага: — Менин артыман түш! — деди.
20 Петир артын карап, Ыйсанын өзгөчө жакшы көргөн шакиртинин ээрчип келатканын көрдү, ал дасторкон башында Ыйсанын жанында жамбаштап жатып: «Эгем, Сени сатып кетчү ким?» — деп сураган шакирт эле.
21 Петир ошол шакиртти көргөндө: — Эгем, а булчу? — деди.
22 Ыйса: — Кааласам, Мен кайтып келгенче ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне? Сен болсо Менин артыман түш! — деп жооп берди.
23 Мындан кийин Ыйсага ишенгендердин арасында «бул шакирт өлбөйт» деген сөз тарап кетти. Бирок Ыйса Петирге «өлбөйт» деген эмес, «кааласам Мен кайтып келгенче ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне?» деген эле.
24 Ушунун баарына күбө болуп, жазып алган ошол шакирт. Биз анын жазгандары чындык экенин билебиз.
25 Ыйса жасаган дагы башка көп нерселер бар. Алардын баарын бир-бирден жазып чыга турган болсо, анда жазылган китептер, менимче, бул дүйнөгө сыйбай кетмек.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21