Жакандын Инжили 5 Бөлүм
1 Бир аз убакыттан кийин иудейлердин дагы бир майрамы болуп, ошого катышуу үчүн Ыйса Иерусалимге жөнөдү.
2 Шаардын «Кой дарбаза» деп аталган дарбазасынын тушунда бир көлмө бар эле. (Анын эврейче аталышы — Бейтсаада.) Тегерегинде түркүктүү беш бастырма салынган.
3-4 Аларда сокурлар, аксактар, шал оорусуна чалдыккандар, дагы башка көптөгөн оорулуулар жатышчу.
5 Бул жерде отуз сегиз жылдан бери ноокастап жаткан киши бар эле.
6 Ыйса анын жатканын көрүп, көптөн бери оорулуу экенин билген соң: — Сакайгың келеби? — деп сурады.
7 — Ооба, мырза, бирок көлмө толкуганда сууга түшүрөр адамым жок. Мен жеткиче башка бирөө түшүп алат, — деди оорулуу.
8 — Ыйса ага: — Тур, төшөнчүңдү ал да, баскын! — деди.
9 Жанагы киши ошол замат эле оорусунан айыгып, төшөнчүсүн алды да, басып кетти. Бул окуя дем алыш күнү болгон эле.
10 Ошондуктан иудей башчылары айыккан адамга: — Бүгүн дем алыш күн эмеспи? Төшөнчүңдү эмне үчүн көтөрүп жүрөсүң? Мыйзам боюнча бүгүн иш кылууга болбойт! — дешти.
11 Анда айыккан адам аларга: — Мени айыктырган киши: «Төшөнчүңдү ал да, бас!» деген эле, — деди.
12 Тигилер болсо: — «Төшөнчүңдү ал да, бас!» дегендей ал ким өзү?! — дешти.
13 Элдин көптүгүнөн айыккан киши Анын ким экенин билбей калган, анткени Ыйса калың элдин арасына кирип сиңип кеткен.
14 Кийинчерээк Ыйса жанагы кишиге ийбадаткананын короосунан жолугуп, мындай деди: — Мына, сен айыктың, мурункудан да жаман акыбалга туш болгуң келбесе, мындан ары күнөө кылба!
15 Жанагы киши иудей башчыларына барып, аны Ыйса айыктырганын айтты.
16 Ыйса ушуну дем алыш күнү жасагандыктан, Аны куугунтукташты.
17 Ыйса аларга мындай деди: — Атам эмгектен кол үзбөйт. Ошондуктан Мен да үзгүлтүксүз эмгектенип жатам.
18 Мындан кийин иудей башчылары Ыйсага мурункудан бетер каршылашып, өлтүрмөкчү болушту. Себеби Ал алардын диний дем алыш күнүнүн эрежелерин гана бузбастан, Кудайды «Менин Атам» деп, Өзүн Кудайга теңеди.
19 Ыйса аларга мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Атасынын кылып жаткан иштерин көрбөсө, Уулу өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Атасы кылып жаткан иштерди Уулу да кылат.
20 Атасы Уулун жакшы көрөт, ошондуктан Өзү кылганынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай силер таң кала турган, мындан да зор кереметтерди көрсөтөт.
21 Атасы өлгөндөрдү тирилтип, өмүр бергендей, Уулу да каалагандарын тирилтет.
22 Атасы Өзү эч кимди соттобойт. Ал бардык сотту Уулуна тапшырган,
23 ошондуктан Атасын урматтаган ар ким Уулун да ошондой урматтасын. Ал эми кимде-ким Уулун урматтабаса, Аны жиберген Атасын да урматтабайт.
24 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сөзүмө кулак салып, Мени Жибергенге ишенген ар ким түбөлүк өмүргө ээ, ал кыямат сотуна тартылбайт, тескерисинче, рухий өлүмдөн чыныгы өмүргө өттү.
25 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: руху өлүктөр Кудай Уулунун үнүн уга турган убакыт келет, ал тургай келип да калды. Ошол үндү уккандардын руху тирилет.
26 Себеби Атасынын Өзү өмүрдүн булагы болгон сыяктуу, Уулун да өмүрдүн булагы кылган.
27 Ал Адам Уулу болгондуктан, Атасы Ага сот жүргүзүү бийлигин да тапшырган.
28 Буга таң калбагыла, анткени көрдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет.
29 Ошондо өлгөндөр көрдөн туруп келишет: жакшылык кылгандары — өмүр сүрүү үчүн, жамандык кылгандары — соттолуу үчүн тирилишет.
30 Мен Өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Кудайдан укканыма жараша гана соттойм. Менин сотум адилеттүү, анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени Жибергендин эркин аткарууну көздөйм.
31 Эгерде Мен Өзүм гана күбөлүк берип жаткан болсом, анда күбөлүгүм чындыкка жатмак эмес.
32 Мага кепил боло турган башка Бирөө бар, Анын сөзүнүн акыйкат экенин билемин.
33 Ырас, силер Жакыяга өкүлүңөрдү жибердиңер. Жакыя болсо чындыгын айтты.
34 Өзүм тууралуу адамдын күбөлүгүнө муктаж болбосом да, муну силер куткарылсын деп айтып жатам.
35 Жакыя жарык чачыратып, жанып турган чырак эле, а силер болсо бир аз убакыт гана анын жарыгында шаттангыңар келди.
36 А бирок Менин күбөлүгүм Жакыяныкынан да күчтүүрөөк. Себеп дегенде асмандагы Атабыздын Мага аткар деп тапшырган иштери — азыркы аткарып жүргөн жакшы иштерим — Мени Ал жибергенине күбөлүк берүүдө.
37 Мени жиберген Атабыз Өзү да Мен жөнүндө күбөлүк берди. Бирок силер эч качан Анын үнүн угуп, жүзүн көргөн эмессиңер.
38 Анын сөзү да жан дүйнөңөрдөн орун алган эмес, ошол себептүү жиберген Уулуна ишенбейсиңер.
39 Силер Ыйык Жазууларды изилдөө аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар, ал эми Ыйык Жазуулар Мен жөнүндө күбөлүк беришет.
40 А бирок силер чыныгы өмүргө ээ болуу үчүн Мага келүүдөн баш тартасыңар.
41 Мен адамдардан урмат күтпөймүн.
42 Силердин жүрөгүңөрдө Кудайга деген мээримдин жок экенин билем.
43 Атамдын атынан келсем да, Мени кабыл албай жатасыңар, бирок башка бирөө өз атынан келгенде кабыл аласыңар.
44 Бири бириңерден урмат күтүп, ал эми жалгыз Кудайдан боло турган чыныгы урматты издебей жүргөн силер эмнеге ишениш керек экенин кантип биле алмак элеңер?
45 Мен силерди Атабыздын алдында айыптайт экен деп ойлобогула. Айыптоочу бар: ал — өзүңөр үмүттөнүп жүргөн Муса пайгамбар.
46 Эгер чындап эле Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен тууралуу жазып кеткен.
47 Бирок Мусанын жазгандарына чындап ишенбесеңер, Менин сөздөрүмө кантип ишене аласыңар?
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21