меню

Жакандын Инжили 13 Бөлүм


1 Куткарылуу майрамынын алды эле. Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына барар саатынын жакындап калганын билди. Ал бул дүйнөдөгү Өз адамдарын дайыма жакшы көрчү, азыр да аларга болгон чексиз мээримин көрсөттү.

2 Кечинде Ыйса шакирттери менен бирге тамактанууга отурду. Буга чейин ибилис Ысман Искариоттун уулу Жүйүттүн ниетине Ыйсага чыккынчылык кылууну салып койгон эле.

3 Бирок Ыйса Атасы бүткүл бийликти Анын колуна берип койгонун жана Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билген.

4 Ыйса дасторкондон туруп, үстүнкү кийимин чечти да, белине сүлгүнү байланды.

5 Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин буттарын жууп, сүлгү менен аарчый баштады.

6 Ысман-Петирдин маңдайына келгенде, ал Ыйсадан: — Эгем, сен менин бутумду жууганы турасыңбы? — деп сурады.

7 — Эмне кылып жатканымды сен азыр эмес, кийинчерээк түшүнөсүң, — деди Ыйса.

8 — Мен сага бутумду эч убакта жуудурбайм! — Эгер жуубасам, анда Мени менен энчилеш болбойсуң.

9 — Эгем, андай болсо, бутумду гана эмес, колу-башымды да жуугун.

10 — Жуунган киши таптаза, ал бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес.

11 Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан «бирок баарыңар эмес», деди.

12 Шакирттеринин бутун жууп бүтүп, кийимин кийип ордуна отургандан кийин: — Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? — деди.

13 — Мени «Устат», «Эгем» дейсиңер, мунуңар туура, себеби Мен чындап эле дал Ошонун Өзүмүн.

14 Демек, Мен Эгеңер жана Устатыңар болуп туруп, кул сыяктуу бутуңарды жуусам, анда дал ошентип силер да бири бириңердин бутуңарды жуушуңар керек.

15 Мен силерге кандай кызмат кылсам, силерди да ошондой кылсын деп, үлгү көрсөттүм.

16 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кул ээсинен өйдө эмес, элчи да аны жибергенден жогору эмес.

17 Эми силер бул чындыкты билесиңер, ушуну иш жүзүнө ашырсаңар, анда абдан бактылуусуңар.

18 «Силер тазасыңар» деп баарыңарды айтканым жок, тандаган адамдарымды билем, бирок Ыйык Жазуудагы: «Табакташ болуп жүргөн кишим, Мага каршы чыкты»деген сөз аткарылышы керек.

19 Мен муну бул сөз аткарылардан мурда айтып жатам, кийин, аткарылган соң, Менин дал ошонун Өзү экениме ишенесиңер.

20 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким Мен жиберген адамды кабыл алса, Мени да кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы.

21 Ушул сөздөн кийин Ыйса катуу үшкүрүнүп алды да: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: араңардан бирөө Мени сатып кетет, — деди.

22 Шакирттери Ыйсанын кимди айтып жатканын түшүнбөй, аң-таң болушуп, бири бирин карашты.

23 Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакирти Анын жанында жамбаштап жаткан.

24 Ысман-Петир кимди айтып жатканын сурап билчи деп жанагы шакиртке ымдап белги берди.

25 Тигил Ыйсага бурулуп: — Эгем, ал ким? — деп сурады.

26 Ыйса: — Бир үзүм нанды табакка малып, кимдин оозуна салсам, ал ошол, — деди. Андан соң, бир үзүм нанды табакка малып, Ысман Искариоттун уулу Жүйүткө сунду.

27 Жүйүт нанды алары менен шайтан анын жан дүйнөсүн ээлеп алды. Ыйса Жүйүткө: — Кылайын дегениңди бачымыраак кыл! — деди.

28 Отургандардын эч кимиси Ыйсанын ага эмне үчүн мындай дегенин түшүнгөн жок.

29 Акча баштыгы Жүйүттө болгондуктан, кээ бирөөлөрү Ыйса ага «майрамга керектүү нерселерди алып кой» же «жакырларга бир деме берип кой», деп жатат го деген ойдо калышты.

30 Жүйүт болсо нанды жеген соң, дароо сыртка чыгып кетти. Ошол убакта түн кирип калган эле.

31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди: — Эми Адам Уулу улуулукка бөлөнөт. Ал аркылуу Кудайдын да улуулугу көрүнөт.

32 Ал Кудайдын улуулугун көрсөтсө, Кудай да Аны улуулукка бөлөйт. Бул жакын арада ишке ашат.

33 Балдарым, эми араңарда аз гана убакыт болом, кийин Мени издейсиңер. Иудей башчыларына айткан сөзүмдү азыр силерге да айтам: Мен бара турган жерге силер азыр бара албайсыңар.

34 Силерге жаңы осуят калтырам: бири бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири бириңерди сүйгүлө!

35 Бири бириңерге болгон сүйүүдөн улам, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет.

36 Ысман-Петир Ыйсадан: — Эгем, кайда бара жатасың? — деп сурады. Ыйса ага: — Мен бара жаткан жакка сен азыр ээрчип бара албайсың, кийинчерээк артымдан келесиң, — деди.

37 Петир: — Эгем, азыр эмне үчүн ээрчий албайм? Сен үчүн жанымды кыюуга даярмын, — деди.

38 Ыйса ага мындай деди: — «Сен үчүн жанымды кыюуга даярмын» дейсиңби? Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз кыйкыргыча, «Аны тааныбайм» деп үч жолу айтасың.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21