1 Ыйса сыйынып бүтүп, шакирттери менен бирге шаардын сыртына чыкты да, Кедрон сайынын ары жак бетине өттү. Ал жакта бир бак бар эле. Ал шакирттерин ээрчитип, ошонун ичине кирди.
2 Ыйса бул жерде шакирттери менен тез-тез жолугушуп тургандыктан, Ага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да бул жерди билчү.
3 Ал римдик аскердин бир тобун жана жогорку динкызматчылар менен фарисейлер берген бир нече сакчыларды ээрчитип келди. Алардын колунда чырак, шамана жана курал бар эле.
4 Алдында эмне күтүп турганын билген Ыйса бактын ичинен чыгып, алардан: — Кимди издеп жүрөсүңөр? — деп сурады.
5 Алар: — Назареттик Ыйсаны! — деп жооп беришти. Ыйса: — Мен дал Ошонун Өзүмүн! — деди. Саткын Жүйүт да ошолор менен турган эле.
6 Ыйсанын «Мен дал Ошонун Өзүмүн!» дегенин угушканда, алар кетенчиктешип, жерге жыгылышты.
7 Ыйса аларга кайрадан: — Кимди издеп жүрөсүңөр? — деди. — Назареттик Ыйсаны, — дешти алар.
8 — Мен дал Ошонун Өзүмүн дедим го! Эгерде издегениңер Мен болсом, анда жанымдагыларды коё бергиле! — деди Ыйса.
9 Ыйсанын «Мага бергендериңдин бир да бирин жоготкон жокмун» деп айтканы ушундайча аткарылды.
10 Ошондо Ысман-Петир канжарын кынынан сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты. (Кулдун аты Малк эле.)
11 Бирок Ыйса Петирге: — Канжарыңды кынына сал! Же Атабыздын эркин аткарбашым керек деп ойлойсуңбу? — деди.
12 Аскер тобу менен миңбашы жана иудей башчыларынын сакчылары Ыйсаны кармап алып, колун байлашты.
13 Аны алды менен Анаска алып барышты. Ал ошол мезгилде башкы динкызматчы болуп турган Каяптын кайнатасы эле.
14 «Бүтүндөй эл ойрон болгондон көрө, ошол эл үчүн бир адамдын өлгөнү жакшы» деп иудей башчыларына кеңеш берген Каяп ушу болчу.
15 Ысман-Петир менен дагы бир шакирт Ыйсанын артынан жүрүп отурушту. Бул шакирт башкы динкызматчынын таанышы болгондуктан анын үйүнүн короосуна Ыйса менен бирге кирди.
16 Петир болсо дарбазанын сыртында калды. Башкы динкызматчынын таанышы болгон жанагы шакирт сыртка чыгып, дарбазачы малай кыз менен сүйлөшүп, Петирди да ичкериге киргизип алды.
17 Малай кыз Петирден: — Сен да ушу кишинин шакирти эмессиңби? — деп сурады. Петир: — Жок, — деп макул болгон жок.
18 Күн суук болгондуктан, кулдар менен сакчылар от жагып, тегеректеп, жылынып турушту. Петир да ошолордун арасында жылынып турду.
19 Башкы динкызматчы Ыйсадан Анын шакирттери жана берген таалими жөнүндө сурады.
20 Ыйса мындай деп жооп кайтарды: — Мен эл алдында ачык айтып келдим. Ар дайым синагогада, ийбадаткананын короосунда таалим берип жүрдүм. Мен эч нерсени жашыруун айткан жокмун.
21 Эмнеге Менден сурап жатасыз? Сөзүмдү уккандардан сураңыз, Менин эмне айтып жүргөнүмдү алар билишет.
22 Ыйса муну айтканда, ошол жерде турган сакчылардын бири Аны жаака чапты да: — Эй, башкы динкызматчыга да ушинтип жооп бересиңби? — деди.
23 — Туура эмес айтсам, далилдеп бер, эгер туура болсо эмнеге уруп жатасың? — деди Ыйса ага.
24 Ушундан кийин Анас Ыйсаны байлануу бойдон башка башкы динкызматчы — Каяпка жиберди.
25 Оттун табына жылынып турган Ысман-Петирден жанындагылар: — Сен да тигинин шакирттеринен эмессиңби? — деп сурашты. Ал: — Жок, — деп дагы макул болбоду.
26 Ошондо башкы динкызматчынын кулдарынын бири, Петир кулагын шылый чапкандын тууганы: — Сени бакта тигинин жанынан көрбөдүм беле, — деди.
27 Петир үчүнчү ирет танды. Так ошол кезде короз кыйкырды.
28 Таң заарда иудей башчылары Ыйсаны Каяптын үйүнөн римдик губернатордун акимчилигине алып келишти. Дин боюнча башка улуттагылардын жайына кирүү адамды арам кылгандыктан, жогорку динкызматчылар акимчиликтин босогосун атташпады. Антпесе алар Куткарылуу майрамындагы тамакка катыша албай калмак.
29 Ошондуктан Пилат аларга өзү чыгып: — Бул кишиге кандай айып коюп турасыздар? — деп сурады.
30 Алар ага: — Бул кылмышкер болбосо алдыңызга алып келбейт элек, — деп жооп беришти.
31 Пилат: — Аны өзүңүздөр алып кетип, өз мыйзамыңыздар боюнча соттой бериңиздер! — деди. Иудей башчылары: — Бизде бирөөнү өлүм жазасына тартуу укугу жок, — дешти.
32 Өзүнүн кандай өлүүгө тийиштүү экенин алдын ала айткан Ыйсанын пайгамбардык сөзү ушундайча аткарылды.
33 Пилат акимчиликтин ичине кайра кирип, Ыйсаны чакыртып алды да: — Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады.
34 Ыйса: — Бул сөз өзүңүздөн чыктыбы же бул ушундай деп Мен тууралуу сизге башкалар айттыбы? — деди.
35 Пилат: — Мен, эмне, иудей белем! Сени мага өзүңдүн элиң менен жогорку динкызматчылар кармап келишти. Эмне иш кылып койдуң эле? — деп сурады.
36 Ыйса: — Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, кызматкерлерим Мени иудей башчыларынын колуна түшүрбөө үчүн күрөшмөк. Бирок Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес, — деп жооп берди.
37 Пилат андан: — Демек, падыша экенсиң да? — деп сурады. Ыйса ага: — Падыша экенимди өзүңүз айттыңыз. Мен акыйкатты жарыялаш үчүн төрөлдүм жана ошол максат менен дүйнөгө келдим. Ким акыйкат тарабында болсо, Менин үнүмдү угат, — деди. Пилат:
38 — Акыйкат деген эмне? — деп сурады да, кайра эл алдына чыгып, аларга мындай деди: — Мен андан эч кандай айып таппай турам.
39 Сиздердин салтыңыздар боюнча Куткарылуу майрамына карата дайыма бир кылмышкерди бошотуп берчү эмес белем. Мен сиздерге «иудейлердин падышасын» бошотуп берейинби?
40 Ошондо алар бир добуштан: — Аны эмес, Бараббаны! — деп, кыйкырышты. Барабба болсо каракчы эле.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21