меню

Жакандын Инжили 8 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти.

2 Эртеси күнү таң эртең менен кайтып, ийбадаткананын короосуна барды. Мүлдө калайык Анын алдына келди. Ыйса отуруп алып, элге таалим айтты.

3 Ошол кезде бир нече дин мугалимдери менен фарисейлер күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жаткан жеринде кармалган аялды алып келип, ортого тургузушту да,

4 Ыйсага карап: — Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды!

5 Тоорат мыйзамында Муса бизге: «Мындайлар таш бараңга алынып өлтүрүлсүн!»деп буюрган. Сиз буга кандай дейсиз? — дешти.

6 Алар Ыйсаны сынап, айыпка жыгууга шылтоо табыш үчүн гана айтышты. Бирок Ыйса эңкейип сөөмөйү менен жерге бирдемени жазып, аларга көңүл бөлбөдү.

7 Тигилер улам-улам сурай берген соң, башын көтөрүп: — Араңарда ким күнөөсүз болсо, аялга биринчи болуп таш ыргытсын, — деп,

8 кайрадан эңкейип, жазганын уланта берди.

9 Алар бул сөздү укканда, адегенде улуулары, андан кийин калгандары биринин артынан бири кете башташты. Ыйса менен ортодо турган аял гана калды.

10 Ошондо Ыйса башын көтөрүп: — Аялзаты, айыптоочуларың кайда кетти? Сага эч ким өкүм чыгарган жокпу? — деп сурады.

11 — Эч кимиси, оо, мырза, — деди аял. — Мен да сага өкүм чыгарбайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба! — деди Ыйса.

12 Ыйса дагы бир жолу элге сүйлөп отуруп, мындай деди: — Мен — бул дүйнөдөгүлөр үчүн Кудайдын жарыгымын. Мени ээрчиген киши мындан ары караңгыда жүрбөй, өмүрдүн жарыгына ээ болот.

13 Ошондо фарисейлер: — Сен өзүңө жалгыз өзүң гана күбөсүң, ошондуктан күбөлүгүң жарабайт, — дешти.

14 — Мен Өзүмө жалгыз Өзүм гана күбөлүк берсем да, күбөлүгүм акыйкат. Себеби Мен кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди да, кайда барарымды да билбейсиңер.

15 Силер пенденин ою боюнча өкүм чыгарып жатасыңар, Мен болсом эч кимге өкүм чыгарбайм.

16 Өкүм чыгарсам да, жалгыз Өзүм эмес, Мени жиберген Атам менен бирге чыгарам.

17 Силердин Тоораттагы мыйзамыңарда да «эки адамдын күбөлүгү чындык»деп жазылган эмеспи?

18 Мен Өзүмө Өзүм күбөмүн. Мени жиберген Атам да Мага күбө.

19 — А сенин атаң кайда? — деп сурашты алар. — Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер, — деди Ыйса аларга. — Эгер Мени билсеңер, анда Атамды да билмексиңер.

20 Ыйса бул сөздү ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнүн жанында таалим берип отурганда айтты. Бирок Аны эч ким кармаган жок. Анткени Анын Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-сааты али келе элек эле.

21 Ыйса кайрадан элге кайрылып мындай деди: — Мен бул жерден кетемин. Силер Мени издейсиңер жана күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен баруучу жерге силер жете албайсыңар.

22 Ошондо иудей башчылары өз ара: — «Мен баруучу жерге силер жете албайсыңар» дегени ал өзүн өзү өлтүрмөкчү болгонубу? — дешти.

23 — Силер жерденсиңер, Мен болсо көктөнмүн, — деди Ыйса сөзүн улай, — силер ушул дүйнөлүксүңөр, Мен болсо бул дүйнөлүк эмесмин.

24 Ошондуктан Мен силерге «күнөөкөр бойдон өлөсүңөр» дегем. Мен Өзүмдү ким десем, дал ошол экениме ишенбесеңер, анда чындап эле күнөөкөр бойдон өлөсүңөр.

25 Ошондо тигилер: — Киммин дедиң? — дешти. Ыйса жооп кайтарып айтты: — Силерге эң башынан бери эле киммин деп айтып келатсам, дал ошонун Өзүмүн.

26 Силер тууралуу айтып, өкүм чыгара турган себептерим көп. Бирок Мени жиберген — акыйкат, Мен адамдарга ошондон укканымды айтамын.

27 Ал көктөгү Атасы жөнүндө айтып жатканын тигилер түшүнүшкөн жок.

28 Ошондуктан Ыйса сөзүн улап: — Силер Адам Уулун жогору көтөрүп койгондо, Мен Өзүмдү ким десем, дал ошол экенимди жана бардыгын Өз каалоом менен эмес, асмандагы Атабыз кандай үйрөткөн болсо, ошондой сүйлөгөнүмдү билесиңер.

29 Мени жиберген Мени менен бирге. Мен ар дайым Ага жакканды кылгандыгымдан, Атам Мени жалгыз калтырбайт, — деди.

30 Ыйса муну айтып жатканда, көптөгөн адамдар Ага ишеништи.

31 Ыйса Өзүнө ишенгендерге мындай деди: — Эгер силер айтканымды эсиңерге сактап, ошого ылайык жашасаңар, чыныгы шакирттерим болосуңар.

32 Ошондо акыйкатты таанып каласыңар жана ал силерди эркин кылат.

33 Алар: — Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, анан «эркин болосуңар» дегениң кандай? — дешти.

34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким күнөө жасаса, ал — күнөөнүн кулу.

35 Бирок кул эмес, уул гана атасынын үйүндө түбөлүк жашайт, буга анын акысы бар.

36 Анын сыңары, эгер силерди Кудай Уулу эркин кылса, чындап эркин болосуңар.

37 Ыбрайымдын тукуму экениңерди билем. Бирок Мени өлтүрөбүз деп жатасыңар, себеби сөздөрүмө жүрөгүңөрдөн орун берген жоксуңар.

38 Мен Атамдан көргөндөрүм жөнүндө айтып жатам. Силер болсо өзүңөрдүн түп атаңардан укканыңарды кылгыла.

39 — Биздин түпкү атабыз Ыбрайым, — дешти алар. Анда Ыйса мындай деди: — Силер чындап эле Ыбрайымдын балдары болсоңор, анын кылганын кылмаксыңар.

40 Бирок анын ордуна силер Кудайдан уккан акыйкатты жеткизген Мени өлтүргүңөр келип жатат. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес.

41 Ошентип, силер өзүңөрдүн рухий атаңар кылганды жасап жүрөсүңөр. Алар Ыйсага жооп берип: — Биз никесиз туулган эмеспиз! Биздин бир гана Атабыз бар, Ал — Кудай.

42 Анда Ыйса мындай деди: — Атаңар чындап эле Кудай болсо, Мени жакшы көрмөксүңөр. Себеби Мен Кудайдан келдим, өз алдымча келген жокмун, Мени Кудай жиберди.

43 Менин сөзүмдү эмне үчүн түшүнбөй жатасыңар? Анткени аны уга албайсыңар.

44 Силердин атаңар — ибилис, ошонун күнөөлүү кумар-каалоолорун аткаргыңар келет. Ал эң башынан баштап эле канкор болгон жана эч качан акыйкат тарабында турган эмес. Анткени анда эч бир калыстык жок. Ал калпты өзүнүн күнөөлүү табиятына жараша айта берет. Себеби ал жалганчы, бардык калптын атасы.

45 Мен акыйкатты айткандыгымдан Мага ишенбейсиңер.

46 «Күнөө кылдың» деп кимиңер Мени ашкерелей аласың? Эгер акыйкатты айтсам, эмне үчүн Мага ишенбейсиңер?

47 Ким Кудайга таандык болсо, Анын сөзүн угат. Силердин укпай жатканыңар Кудайга таандык эместигиңерден.

48 Ошондо иудей башчылары: — «Самариялыксың, сага жин тийиптир» деп туура айткан экенбиз! — дешти.

49 — Мага жин тийген эмес, Мен Атамды урматттайм, бирок силер Мени кордоп жатасыңар, — деп жооп кайтарды Ыйса.

50 — Мен Өзүмдүн атак-даңкымды чыгарууга тырышпайм. Муну кылып, чечим чыгара турган башка Бирөө бар.

51 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Менин сөзүмдү бек туткан адам эч качан өлүм бетин көрбөйт.

52 Анда алар: — Сага жин тийгенине эми чындап эле көзүбүз жетти. Ыбрайым да, пайгамбарлар да өлүшкөн, а сен болсо: «Менин сөзүмдү бек кармаган киши эч качан өлүм даамын татыбайт» дейсиң!

53 Сен эмне, көзү өтүп кеткен түп атабыз Ыбрайымдан да кудуреттүүсүңбү? Пайгамбарлар да өлүшкөн, өзүңдү ким деп ойлойсуң? — дешти.

54 — Эгер Өзүмдү Өзүм даңктасам, мунум эч нерсеге арзыбай калмак, — деди Ыйса аларга жооп берип. — «Биздин Кудайыбыз» деп айтып жүргөнүңөр — Менин Атам болот. Менин даңкымды чыгаруучу — Ошол.

55 Силер Аны тааныбайсыңар. А Мен тааныйм. Эгер тааныбайм десем, силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен тааныйм жана айткандарына баш ием.

56 Түп атаңар Ыбрайым Менин дүйнөгө келер күнүмдү көрөрүнө кубанган эле. Ал көргөн жана кубанган.

57 — Али элүүгө да чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүм дейсиң?! — дешти анда алар.

58 — Силерге бир чындыкты айтып коёюн, — деди Ыйса жооп кайтара, — Мен Ыбрайым туула электен мурун эле бар болчумун.

59 Ошондо алар ачууланышып, Ыйсаны ташбараңга алуу үчүн жерден таш алышты. Бирок Ыйса араларынан өтүп, көздөн жашырынды да, ийбадатканадан чыгып кетти.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21