меню

Жакандын Инжили 20 Бөлүм


1 Жуманын биринчи күнү таң азанда магдалалык Мариям көргө келип, анын оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып калганын көрдү.

2 Ал Ысман-Петир менен Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып, аларга: — Эгебизди көрдөн алып кетишиптир! Кай жерге коюшканын билбейбиз — деди.

3 Петир менен ошол шакирт дароо шаардан чыгып, көргө бет алышты.

4 Экөө тең чуркаган бойдон жөнөп, бирок алиги шакирт Петирден ылдамыраак жүгүргөндүктөн, көргө биринчи жетти.

5 Анан эңкейип кепиндин жатканын көрдү да, бирок ичине кирбеди.

6-7 Ошол кезде анын артынан Ысман-Петир да жетип келип, түз эле көргө кирди. Ал да кепин менен Ыйсанын башын орогон сүлгүнүн жатканын көрдү. Бирок сүлгү кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан экен.

8 Анан биринчи болуп келген алиги шакирт көргө кирди. Ал көрдү да ишенди.

9 Ал кезде алар Ыйык Жазуулар боюнча Анын өлүмдөн кайра тирилүүгө тийиш экендигин алиге чейин түшүнүшө элек эле.

10 Ушундан кийин шакирттери үйлөрүнө кайтышты.

11 Мариям болсо үңкүрдүн жанында ыйлап турду. Ыйлап жатып, ал эңкейип, көрдүн ичин карады.

12 Ичинен ал ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен.

13 Периштелер ага: — Аялзаты, неге ыйлап турасың? — дешти. Ал периштелерге: — Эгемди алып кетишиптир, эми кай жерге коюшканын билбейм, — деди.

14 Ушуну айткандан кийин артына бурулган ал Ыйсанын турганын көрдү, бирок тааныбады.

15 Ыйса андан: — Аялзаты, неге ыйлап турасың? Кимди издеп жүрөсүң? — деп сурады. Мариям аны багбан экен деп ойлоп: — Мырза, аны алып кеткен сиз болсоңуз, кай жерге койгонуңузду айтыңызчы, мен алып келейин, — деди.

16 Ошондо Ыйса ага: — Мариям, — деди. Мариям Ыйсага бурулуп, эврейче: — Раббуни! — деди. Бул сөз «устатым» деп которулат.

17 Ыйса ага: — Мени кармаба, себеби Мен али Атабызга көтөрүлө элекмин. Боордошторума барып, Менин Атама — силердин да Атаңарга, Менин Кудайыма — силердин да Кудайыңарга көтөрүлөрүмдү айт! — деди.

18 Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Эгебизди көргөнүн жана Анын бул айткандарын кабарлап, айтып берди.

19 Ошол эле күнү кечинде Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулушуп, иудей башчыларынан корккондуктан, эшиктерин бекитип отурушкан эле. Капилеттен Ыйса ортосунда пайда болуп: — Ассалом алейкум! — деди.

20 Ыйса муну айткандан кийин, аларга эки колундагы жана боорундагы жараттарын көрсөттү. Шакирттери Эгесин көрүшкөнүнө өтө кубанып кетишти.

21 — Ассалом алейкум! — деди Ыйса экинчи ирет. — Асмандагы Атабыз Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди дүйнөгө жиберем.

22 — Ушундай деп, Ал шакирттерине демин үйлөп мындай деди: — Ыйык Рухту кабыл алгыла!

23 Кимдин күнөөсүн кечирсеңер, кечирилет, ал эми кимдин күнөөсүн кечирбесеңер, аларды Кудай да кечирбейт.

24 Он эки шакирттин бири Том-Эгиз Ыйса келген кезде алардын арасында жок эле.

25 Башка шакирттер: — Биз Эгебизди көрдүк, — дешкенде, ал: — Мен анын колунан кагылган мыктардын ордун көрүп, манжамды мыктардын изине, колумду бооруна тийгизмейинче, тирилгенине эч ишенбейм, — деди.

26 Бир жумадан кийин Ыйсанын шакирттери дагы ошол үйгө чогулушту, Том да алар менен бирге болчу. Эшик бекитилүү эле, бирок Ыйса келди да, ортого туруп: — Ассалом алейкум! — деди.

27 Андан кийин Томго кайрылып: — Менин колума манжаңды тийгизип, колумду боорума коюп көр да, ишенбөөчү болбой, ишенүүчү бол! — деди.

28 Том ага: — Эгем менин! Кудайым менин! — деди.

29 Ыйса ага: — Том, сен Мени көргөндүгүңдөн ишенип жатасың, бирок көрбөй туруп ишенгендер кандай бактылуу, — деди.

30 Ыйса шакирттеринин көз алдында бул китепте жазылбаган башка дагы көптөгөн ажайып-жышаандарды көрсөттү.

31 Ал эми мунун баары силер Ыйсанын Машаяк, Кудай Уулу экенине ишенип, ишенгениңерден улам чыныгы өмүргө ээ болсун деген максат менен жазылды.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21