1 Ыйса жолдо бара жатып, тубаса сокур адамды көрдү.
2 Шакирттери андан: — Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлгөнүнө өз күнөөсү себеп болдубу же ата-энесиникиби? — деп сурашты.
3 Ыйса: — Өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон жок, анын өмүрүндө Кудайдын кудурети көрүнсүн үчүн ушундай төрөлгөн.
4 Жарык барда Мени жибергендин тапшырган иштерин жасашыбыз керек, караңгы түшкөндөн кийин эч ким эч нерсе кыла албайт.
5 Мен бул дүйнөдө турганда дүйнөдөгүлөр үчүн жарыкмын, — деп жооп берди.
6 Ушундай деп, жерге бир түкүрдү да андан ылай жасады. Ылайды сокурдун көзүнө сүйкөп:
7 «Силоом көлмөсүнө бар да, жууп ташта!» — деди. («Силоом» деген сөздүн мааниси — жиберилген киши). Ал барып, бетин жууду да, көзү ачылып, кайтып келди.
8 Ошондо коңшулары жана мурда кайырчы болуп жүргөнүн көргөндөр таңгалышып, бири бирине: — Мынабу ушу жерде кайыр сурап отурган адам эмес беле? — дешти.
9 Бирөөлөрү: — Ошол, — дешсе, башкалары: — Жок, бул ага окшош гана киши, — дешти. Өзү болсо: — Ошол сокур адам менмин, — деди.
10 Адамдар андан сурай башташты: — Көзүң кантип көрүп калды?
11 — Ыйса деген киши ылай жасап, көзүмө сүйкөп: «Силоом көлмөсүнө бар да, жууп ташта!» — деди. — Мен барып, бетимди жуудум эле, ошол замат көзүм көрүп калды.
12 — Ал өзү кайда кетти? — дешкенде, — Билбейм, — деп жооп берди ал.
13 Ушундан кийин алар мурда сокур болгон кишини фарисейлердин алдына алып келишти.
14 Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн — дем алыш күн болчу.
15 Фарисейлер да алиги кишиден көзү кантип көрүп калганын сурашты. — Бир киши көзүмө ылай сүйкөдү, мен бетимди жуудум да, мына эми көрүп турам, — деп жооп берди ал.
16 Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү: — Бул киши Кудайдан келген эмес, себеби ал дем алыш күндүн тартибин бузду, — дешсе, башкалары: — Күнөөкөр киши ушундай кереметтерди кантип жасай алат? — дешти. Ошентип, алар эки жаатка бөлүнүштү.
17 — «Жанагы киши көзүмдү ачты» дейсиң, кана, ал тууралуу дагы эмне айтасың? — деп, алар сокурдан дагы сурашты. Мурда сокур болгон киши: — Ал пайгамбар адам, — деди.
18 Бирок иудей башчылары көзү ачылган кишинин мурда сокур болуп, эми көрүп калгандыгына ата-энесин чакыртканча ишенишкен жок.
19 Ата-энеси келгенде алардан: — Сокур төрөлгөн балаңар ушубу? Эми ал кандайча көрүп калды? — деп сурашты.
20 Алар: — Мунун балабыз экенин, анын сокур болуп төрөлгөнүн билебиз.
21 Бирок эми кандайча көзү көрүп калды, ошону билбейбиз, көзүн ким ачканын да билбейбиз. Өзүнөн сураңыздар, бала эмес го, өзү айтып берсин, — дешти.
22 Ата-энеси корккондугунан ушундай дешкен, анткени иудей башчылары: «Ким Ыйсаны Машаяк десе, синагогадан чыгарылсын», — деп чечим чыгарып коюшкан эле.
23 Ата-энесинин «өзүнөн сураңыздар, бала эмес го» дешкени ушул себептен эле.
24 Ошондо иудей башчылары мурда сокур болгон кишини экинчи ирет чакыртышты. — Кудайдан коркуп, чыныңды айт! — дешти алар. — Жанагы, сени айыктырган кишинин күнөөкөр экенин биз билебиз.
25 Тиги болсо: — Ал киши күнөөкөрбү, жокпу, анысын билбейм. Бир нерсени гана билем: мен сокур элем, эми көрүп калдым, — деди.
26 — Ал сага эмне кылды? — деп сурашты алар андан. — Көзүңдү кантип ачты?
27 — Мен сиздерге жана айттым го, бирок уккан жоксуздар. Эмне үчүн дагы уккуңуздар келип жатат? Сиздер да анын шакирти болгуңуздар келип жатабы? — деди ал.
28 — Анын шакирти сенсиң, — дешти ошондо алар аны жекиришип. — Биз Муса пайгамбардын шакиртибиз.
29 Кудайдын Мусага сүйлөгөнүн биз билебиз, ал эми жанагынын кайдан келгени бизге белгисиз.
30 — Анын кайдан келгенин билбегениңиздер кызык экен, — деди жанакы киши. — Ал менин көзүмдү ачпадыбы.
31 Кудай күнөөкөрлөргө кулак салбайт. Ал эми ким Аны урматтап, каалоосун аткарса, ошого кулак саларын билебиз.
32 Дүйнө жаралгандан бери мен сыяктуу тубаса сокурдун көзүн бирөө ачты дегенди эч ким уккан эмес.
33 Ал киши Кудайдан келбесе, эч нерсе жасай алмак эмес.
34 Ошондо алар буга каршы чыгып: — Сен тубаса күнөөкөр болуп туруп, бизди окуткуң барбы? — деп, аны синагогадан кууп чыгышты.
35 Алиги кишини синагогадан кууп жиберишкенин Ыйса укту да аны таап: — Адам Уулуна ишенесиңби? — деп сурады.
36 — Мырза, анын ким экенин айтыңызчы, мен ишенейин, — деп жооп берди ал.
37 Ыйса мындай деди: — Сен Аны көрдүң, Ал азыр сени менен сүйлөшүп жатат.
38 — Эгем, ишенем! — деп алиги адам Ыйсанын бутуна жыгылды.
39 Ыйса: — Мен бул дүйнөгө сокурлар көрө алсын үчүн, ал эми көзү көргөндөр сокур болсун деп өкүм чыгаруу үчүн келдим, — деди.
40 Бул сөздү ал жерде турган бир нече фарисейлер да угуп калышып: — Эмне, анда биз да сокурбузбу? — дешти.
41 Ыйса: — Эгер сокур болсоңор, анда күнөөңөр болмок эмес. Бирок азыр «көзүбүз көрөт» дегениңерден улам күнөөлөрүңөр мойнуңарда калат, — деди.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21