меню

Жакандын Инжили 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Фарисейлер арасында Никадим аттуу иудей эл башчыларынын бири бар эле.

2 Ал бир түнү Ыйсага келди да, мындай деп сурады: — Устат, Кудайдан келген мугалим экениңизди билебиз, себеби сиздин керемет-жышаандарыңызды Кудайдын колдоосусуз эч ким жасай албайт.

3 Ыйса ага мындай деп жооп берди: — Сага бир чындыкты айтып коёюн: кимде-ким кайрадан туулбаса, Кудай Падышачылыгын көрө албайт.

4 Карыган адам кантип кайра туулат? Энесинин курсагына кирип, экинчи жолу бул дүйнөгө кайра туулмак беле? — деп сурады Никадим.

5 Сага бир чындыкты айтып коёюн: пенде сууга чөмүлүп, Ыйык Рухтан туулбаса, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт, — деп жооп берди Ыйса.

6 Денеден — дене, Рухтан — рух туулат.

7 «Кайрадан туулууга тийишсиңер» дегениме таң калба!

8 Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кеткенин билбейсиң. Ыйык Рухтан туулган киши менен да ушундай болот.

9 Муну кандайча түшүнсө болот? — сурады Ыйсадан Никадим.

10 Ысрайылдын дин мугалими болуп туруп, ушуну билбейсиңби? — деди Ыйса.

11 Сага бир чындыкты айтып коёюн: биз билгенибизди сүйлөп, көргөнүбүздү айтабыз, а бирок силер айткандарыбызды кабыл албайсыңар.

12 Мен силерге жердегилерди айтсам ишенбейсиңер, анан көктөгүлөр жөнүндө айтсам кантип ишенесиңер.

13 Көктөн келген Адам Уулунан башка эч ким көккө чыккан эмес.

14 Муса чөлдө жасалма жыланды жогору көтөрүп койгондой, Адам Уулу да көтөрүлүп коюлууга тийиш.

15 Ошондо Ага ишенүүчү ар ким түбөлүк өмүргө ээ болот.

16 Кудай адамзатты ушунчалык катуу сүйгөндүктөн, Ага ишенүүчү ар ким өлбөстөн түбөлүк өмүргө ээ болсун деп, Өзүнүн жалгыз Уулун курмандыкка берди.

17 Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө адамзатты жазалоо үчүн эмес, куткаруу үчүн жиберди.

18 Ага ишенүүчүлөр жазага тартылбайт, ал эми ишенбегендерди жазалоо үчүн эбак эле өкүм чыгарылган, анткени алар Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей коюшту.

19 Ал эми жазанын мааниси мындай: жерге Кудайдын жарыгы түштү, бирок кылган иштери жаман болгондуктан адамдар караңгылыкты артык көрүштү.

20 Жамандык жасаган ар ким жарыкты жек көрүп, кылган иштери ашкереленбес үчүн да ага жолобойт.

21 Ал эми ким акыйкат жолунда жүрсө, кылган иштеринин Кудайдан экендиги көрүнүп турсун деп, жарыкка келет.

22 Ушундан кийин, адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүргөн Ыйса жана Анын шакирттери Иудея аймагында дагы бир нече убакыт туруп калышты.

23 Жакыя болсо Салим шаарынын жанындагы Айнон деген жерде суу көп болгондуктан чөмүлдүрүү расмисин ошол жакта аткарып жүрдү. Адамдар келип, чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты.

24 Ал кезде Жакыя али абакка алына элек болчу.

25 Бир күнү Жакыянын шакирттери менен бир иудейдин ортосунда диний тазалануу салтына байланыштуу талаш чыгып кетти.

26 Алар Жакыяга келип: — Устат, Иордандын чыгыш жагында сиз менен бирге болгон киши эсиңиздеби? Ал тууралуу өзүңүз күбөгө өтүп, айтып бербедиңиз беле? Ошол киши адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүрөт. Элдин баары ошого барып жатат, — дешти.

27 Жакыя аларга мындай деп жооп берди: — Кудай Өзү бербесе, эч ким эч нерсе ала албайт.

28 «Мен Машаяк эмесмин, тек гана анын алдынан жиберилген кабарчысымын» дегениме өзүңөр күбөсүңөр.

29 Колуктусу бар киши күйөө жигит эмеспи. Ал эми күтүп турган күйөө жолдош анын келе жатканын угуп, кубанат. Айтканыңарды угуп, менин да кубанычым койнума батпай турат.

30 Силер кеп кылган адамдын зоболосу көтөрүлүп, меники төмөндөшү керек.

31 Көктөн түшкөнү баарынан улуу, ал эми, мен сыяктуу, жерден пайда болгону жерге таандык болот да, жердеги нерселер жөнүндө сүйлөйт. Көктөн түшкөн ал — баарынан улуу!

32 Ал өзүнүн көктөн уккан-көргөнүн айтат. Бирок анын айткан кабарын эч ким кабыл албайт.

33 Ал эми анын сөзүнө кулак салган ар ким Кудайдын акыйкат экенин ырастайт.

34 Кудайдын жибергени Анын кабарын жарыялайт. Кудай ага Ыйык Рухун ченемсиз берет.

35 Асмандагы Атабыз Өзүнүн Уулун сүйүп, бардык бийликти анын колуна тапшырган.

36 Кудай Уулуна ишенгендер түбөлүк өмүргө ээ, ал эми аны укпагандар ошол өмүрдү көрбөй, Кудайдын каарына калышат.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21