меню

Жакандын Инжили 2 Бөлүм


1 Эки күндөн кийин Галилеядагы Каана деген айылда бир үйлөнүү тою болуп калды. Ыйсанын энеси ошол жерде болчу.

2 Ыйса да шакирттери менен бирге тойго чакырылды.

3 Шарап түгөнгөндө, энеси: — Шараптары түгөнүп калыптыр, — деди.

4 Ыйса энесине: — Бул ишти Мага коюңуз. Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек, — деп жооп берди.

5 Деген менен энеси малайларга: — Эмне десе, ошону кылгыла! — деди.

6 Ошол жерде иудейлердин диний салтына ылайык даарат алууга арналган, ар биринин ичине он чака суу сыйчу алты таш идиш турар эле.

7 Ыйса малайларга аларды толтурууну буюрду. Малайлар идиштерди сууга мелт-калт кылып толтурушту.

8 Ыйса аларга ошондон сузуп алып, тойбашыга алпарууну буйруду. Тигилер ошондой кылышты.

9 Тойбашы шарапка айланган алиги суудан татып көрдү, бирок бул шараптын кайдан экенин билген жок. Муну суу сузуп алган малайлар гана билишчү. Тойбашы таң калды да, үйлөнүп жаткан жигитти чакырып алып: —

10 Баары адегенде шараптын жакшысын беришет да, коноктор кызып калган кезде начарын беришет. А сен болсо шараптын жакшысын ушул убакытка чейин сактаптырсың, — деди.

11 Ушундайча Ыйса керемет-жышаандарынын алгачкысын Галилеядагы Каана шаарында жасап, Өзүнүн улуулугун көрсөттү. Шакирттери болсо Ага ишеништи.

12 Андан кийин Ыйса энеси, бир туугандары жана шакирттери менен бирге Капарноом шаарына барып, ал шаарда бир нече күн туруп калды.

13 Иудейлердин Куткарылуу майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге барды.

14 Ийбадаткананын короосунда өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү.

15 Аркандан камчы жасап алып, соодагерлердин баарын кой, өгүздөрү менен кошо короодон кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын теңгелерин чачып, үстөлдөрүн оодарып таштады. —

16 Мунуңарды жоготкула бул жерден! — деди Ал көгүчкөн сатуучуларга. — Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!

17 Ошондо «Сенин үйүңдүн камын жеп, ичим өрттөнүп жатат»деген Ыйык Жазуудагы сөздөр шакирттердин эсине түштү.

18 Иудей башчылары: — Мындай кылууга кандай акың бар? Аны кандай кереметтүү жышаан менен көрсөтө аласың? — дешти.

19 Ыйса: — Бул ыйык үйдү бузуп көргүлө, Мен аны үч күндө кайра тургузам, — деп жооп берди.

20 Иудей башчылары: — Бул ыйык үй кырк алты жыл бою салынган. Сен аны үч күндүн ичинде кайра тургузмакчысыңбы? — дешти.

21 Ыйса болсо «ыйык үй» деп Өзүнүн денесин айткан эле.

22 Ошондуктан Ыйса өлүмдөн кайра тирилген кезде шакирттери Анын ушундай дегенин эстешип, Ыйык Жазууда жазылган жана Ыйса айткан пайгамбарлык сөздөргө ишеништи.

23 Ыйсанын Иерусалимде, Куткарылуу майрамы маалында кылган кереметтерин көргөн көп адамдар Ага ишеништи.

24-25 Бирок Ыйса бардык адамдардын ой-ниеттерин билип, аларга ишене бербеди. Адам баласынын көңүлүндөгүсүн Өзү деле билгендиктен, бирөөнүн адамдар тууралуу маалымат берүүсүнө муктаж да болгон жок.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21