меню

Жакандын Инжили 7 Бөлүм

тез өтүү:

1 Андан кийин Ыйса Галилея аймагында жүрдү. Иудей башчылары өлтүрмөкчү болгон соң, ал жерде калгысы келбеди.

2 Иудейлердин Чөп алачык майрамы жакындап калган.

3 Ыйсанын бир туугандары Ага: — Иудеяга бар, ал жердеги шакирттериң да кереметтериңди көрүшсүн.

4 Эл көзүнө түшкүсү келген адам кылган иштерин жашырбайт. Сен ушундай кереметтүү иштерди кылдың, эми өзүңдү бүт дүйнөгө тааныт, — дешти.

5 Бир туугандары да Ыйсага ишенишчү эмес.

6 — Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек, — деди Ыйса аларга. — Ал эми силер үчүн качан болсо да ыңгайлуу.

7 Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Себеби Мен анын иштеринин жаман экенин ашкерелеп жүрөм.

8 Майрамга бара бергиле! Мен азыр бул майрамга барбайм. Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек.

9 Ал ушундай деп, Галилеяда калып калды.

10 Бир туугандары майрамга кеткен соң, Ыйса да элге билинбей, жашыруун жолго чыкты.

11 Иудей башчылары майрамда Аны аңдып, кайда экенин сураштырып жүрүштү.

12 Келген элдин арасында ар кандай күбүр-шыбыр сөз жүрүп жатты. Бирөөлөрү Аны: «Жакшы» десе, башкалары: «Жок, элди азгырып жүрөт», — дешти.

13 Бирок иудей башчыларынан корккондуктан, эч ким Ал тууралуу ачык сүйлөшкөн жок.

14 Майрамдын жарымы өтүп кеткенде, Ыйса ийбадаткананын короосуна келип, элге таалим берди.

15 Иудей башчылары таң калышып: — Бул атайын даярданбай туруп, Ыйык Жазууларды кантип түшүнүп алган? — дешти.

16 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Сөзүм Меники эмес, Мени Жибергендики.

17 Кудайдын эркин аткаргысы келген ар кимге бул сөздүн Кудайдан же Менин Өз оюмдан келип чыккандыгы белгилүү болот.

18 Өз оюнан чыгарып сүйлөгөн ар ким өзүнүн гана беделин ойлойт, ал эми аны жибергендин беделин ойлогон кишиге ишенсе болот. Анын оюнда арамдык жок.

19 Силерге Муса Тоорат китебиндеги мыйзамды берген эмес беле? Чынында бириң да ошол мыйзамды тутунбайсыңар. Анда неге Мени өлтүрмөкчүсүңөр?

20 Ошондо алар: — Сага жин тийдиби? Ким сени өлтүрөм деп жатат? — деп сурашты.

21 — Мен дем алыш күнү бир керемет жасадым эле, — деди буга Ыйса, — баарыңар ошондон аң-таң калып отурасыңар.

22 Ал эми Муса сүннөткө олтургузууну буйругандай (чындыгында бул расми Мусадан эмес, андан мурунку ата-бабалардан калган), силер ошол буйрук боюнча туулгандан кийинки сегизинчи күнү, ал күн дем алыш болсо деле, балдарыңарды сүннөткө отургузуп жүрөсүңөр.

23 Ошентип, Мусанын мыйзамы бузулбасын деп, балдар дем алыш күнү да отургузулуп келет. Эмне үчүн анда бир адамдын бүтүн боюн дем алыш күнү таптаза кылып айыктырганым үчүн ачууланасыңар?

24 Сырткы гана көрүнүшүнө карабай, калыс сот жүргүзгүлө!

25 Ошондо иерусалимдиктердин арасынан бирөөлөр мындай дешти: — Башчылар өлтүрөбүз деп жүргөн киши го бул?

26 Карасаңар, ачык эле эл алдында сүйлөп жатат! Эмне үчүн буга эч нерсе дешпейт? Же чын эле мунун Машаяк экенине башчылардын көзү жеттиби?

27 Машаяк келгенде, анын кай жактан келерин эч ким билбейт. Ал эми анын кайдан экенин биз билебиз да.

28 Ошол кезде ийбадаткананын короосунда таалим берип отурган Ыйса үнүн катуу чыгарып: — Менин ким экенимди, кайдан келгенимди билесиңерби? — деди. — Мен Өзүмөн Өзүм келген жокмун. Мени Жиберген эч качан жалган айтпайт. Силер Аны билбейсиңер,

29 Мен болсо билем, себеби Мен Ошондон келдим, Мени Ошол жиберди.

30 Бул сөзү үчүн Ыйсаны кармоого умтулушту. Бирок эч кимиси кол салууга даабады. Анткени Анын Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-сааты али келе элек эле.

31 Бирок көп адамдар: «Машаяк келгенде, мындан да артык кереметтерди көрсөтөт дейсиңби?» — деп Ыйсага ишене башташты.

32 Эл арасындагы ушундай күбүр-шыбыр фарисейлерге жетти. Ошондо жогорку динкызматчылар менен фарисейлер Ыйсаны кармап келүүгө ийбадаткана сакчыларын жиберишти.

33 — Дагы бир аз убакыт араңарда болом, — деди Ыйса аларга, — Андан кийин Мени жибергенге кайтам.

34 Мени издейсиңер да таппайсыңар, себеби Мен турган жерге силер бара албайсыңар.

35 Ошондо иудей башчылары өз ара мындай деп сүйлөшө башташты: — Биз таба албагыдай кайда барат? Чет өлкөгө тарап кеткен биздин адамдарыбызга барып, башка улуттарды да окутмакчыбы?

36 «Мени издейсиңер да таба албайсыңар», «Мен турган жерге силер бара албайсыңар» дегени эмнеси?

37 Майрам аягындагы эң маанилүү жана улуу күнү Ыйса эл алдына чыгып: — Кимдин жан дүйнөсү суусаса, Мага келип ичсин!

38 Ыйык Жазууларда жазылгандай, ким Мага ишенсе, анын жүрөгүнөн өмүр берүүчү суу ташкындап агат, — деди.

39 Ыйса бул сөзү менен Ага ишенгендер кийинирээк кабыл ала турган Ыйык Рухту айткысы келген. Анткени Кудай Ыйсаны али Өз улуулугуна бөлөй элек болгондуктан, Ыйык Рухун төгө элек болчу.

40 Ыйсанын сөзүн уккан кээ бирөөлөр: — Чынында эле бул келүүгө тийиш болгон пайгамбардын өзү, — дешсе,

41 башкалар: — Бул — Куткаруучу Машаяк, — дешти. Дагы башкалар: — Жок! Машаяк Галилеядан келмек беле!

42 Ыйык Жазууларда Машаяк Дөөт падышанын тукумунан, Дөөттүн ата-мекени Бейтлехем шаарчасынан чыгат деп жазылган эмеспи? — дешти.

43 Ошентип, Ыйса тууралуу талашып, эл экиге бөлүндү.

44 Бир нече адам Аны кармоого умтулушту, бирок да кол салууга батынышпады.

45 Ыйсаны кармап келүүгө жиберилген сакчылар кайтып келишкенде, жогорку динкызматчылар менен фарисейлер алардан: — Эмне үчүн аны бул жакка алып келген жоксуңар? — деп сурашты.

46 Сакчылар: — Ушуга чейин бир да адам ал сыяктуу сүйлөгөн эмес, — дешти.

47 Ошондо фарисейлер: — Эмне, ал силерди да алдап кеткенби?

48 Деги башчылар менен фарисейлердин ичинде ага ишенген бирөө-жарым болгонбу?!

49 Жок, ага Тоорат мыйзамын билбеген, каргышка калган эл гана ишенет! — дешти.

50 Бир ирет түн ичинде Ыйсага келип кеткен жана ошол жердегилердин арасында болгон Никадим мындай собол таштады:

51 — Мыйзам боюнча бирөөгө өз оозунан угуп, териштирбей туруп өкүм чыгарууга болобу?

52 — Эмне, сен да галилеялыксыңбы? Ыйык Жазууларды оку! Галилеядан пайгамбар чыкпайт, ошону билип койгун! — деди ага башка фарисейлер.

53 Андан кийин баары тең үй-үйлөрүнө тарап кетишти.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21