1 Мен — чыныгы жүзүм сабагымын, Атам болсо — багбан.
2 Мендеги жемиш бербеген ар бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш бергендерин дагы көбүрөөк берсин деп тазалап, бутайт.
3 Ошол сыяктуу силерге айткан сөзүм аркылуу силер тазардыңар.
4 Мени менен тыгыз байланышта болгула, Мен да силер менен тыгыз байланышта болом. Бутак сабакта болбосо, өзүнөн өзү жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу силер да Мени менен тыгыз байланышта болмоюн, жемиш бере албайсыңар.
5 Мен сабакмын, силер болсо бутактарымсыңар. Ким Мени менен тыгыз байланышта болуп, Мен да аны менен тыгыз байланышта болсом, ал мол түшүм берет. Менден бөлүнүп, силер эч нерсе кыла албайсыңар.
6 Ким Мени менен байланышта турбаса, ал кесилген бутак сымал сыртка ыргытылат да куурап калат. Анан чогултулуп, отко ташталып, күйүп кетет.
7 Эгер Мени менен тыгыз байланышта болуп, сөздөрүм көкүрөгүңөрдө болсо, эмне кааласаңар да сурасаңар, аласыңар.
8 Силер мол жемиш берсеңер, Атамдын зоболосу көтөрүлөт. Ошондой эле чыныгы шакирттерим болосуңар.
9 Атабыз Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйдүм. Менин сүйүүмдү көкүрөгүңөргө түйүп жашагыла!
10 Мен Атамдын буйруктарына баш ийип, Анын сүйүүсүн көкүрөгүмө түйүп жашаганымдай, силер да Менин буйруктарыма баш ийсеңер, Менин сүйүүм да силердин ичиңерде жашайт.
11 Бул сөздөрдү Менин кубанычым силердин жүрөгүңөрдө жашасын жана кубанычыңар толук болсун деп айттым.
12 Силерге айтар осуятым бул: бири бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө!
13 Өзүн достору үчүн курман кылуудан өткөн улуу сүйүү жок.
14 Эгер Менин айткан сөзүмдү аткарсаңар, Мага доссуңар.
15 Силерди мындан ары кул дебейм, кул ээсинин иштерин билбейт. Мен силерди досторум деп атайм, анткени Атамдан уккандарымдын баарын силерге айтып бердим.
16 Силер Мени эмес, Мен силерди тандап алдым да, барып, жемиш берсин деп, ошол жемишиңер түбөлүктүү болсун деп дайындадым. Ошондо Менин атымдан эмне сурасаңар да Атабыз берет.
17 Силерге калтыра турган осуятым бул: бири бириңерди сүйгүлө!
18 Эгер дүйнө силерди жек көрсө, анын силерден мурда Мени жек көргөнүн эстегиле.
19 Эгер силер да ушул дүйнөгө таандык болсоңор, силерди өз адамдары катары жакшы көрмөк. Бирок Мен силерди бул дүйнөнүн ичинен тандап, бөлүп алдым, эми бул дүйнөлүк эмессиңер, ошондуктан ал силерди жек көрөт.
20 «Кул ээсинен өйдө эмес» дегенимди эстегилечи. Алар Мени кодулап, куугунтукташса, демек, силерди да кодулап, куугунтукташат. Менин сөздөрүмдү угушса, анда силердикин да угушат.
21 Мунун баарын Мени ээрчигениңер үчүн кылышат, себеби алар Мени жибергенди түшүнүшпөйт.
22 Мен бул дүйнөгө келип, сүйлөбөсөм, бул дүйнө айыптуу болбос эле. Эми болсо, күнөөсүнөн актанууга эч шылтоосу жок.
23 Мени жек көргөндөр Атамды да жек көрүшөт.
24 Эгер Мен башка эч ким кылбаган кереметтеримди алардын арасында көрсөтпөгөн болсом, айыптуу болушмак эмес. Бирок Алар кереметтеримди көрүшкөнү менен, Мени да, Атамды да жек көрүшөт.
25 Алардын мыйзамындагы «себепсиз жек көрүндү болдум»деген сөз ушундайча ишке ашат.
26 Мен силерге Атабыздан Колдоочу жиберем: акыйкатты билдирүүчү ошол Ыйык Рух Атабыздан келип, Мен жөнүндө ачык айтып берет.
27 Силер да Мен жөнүндө айтып бересиңер, себеби кызматымдын башынан баштап эле жанымдасыңар.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21