меню

Аян 1 Бөлүм


1 Бул Ыйса Машаяктын аяны. Муну Ага Кудай берген. Машаяк жакында боло турган окуяларды Өз кулдарына ачып көрсөтүү үчүн периштесин жөнөтүп, кулу Жаканга аян көрсөттү.

2 Жакан көргөнүнүн баары үчүн күбөлүккө өтүп, муну баяндады. Анын баяны болсо Кудайдын сөзү жана Ыйса Машаяктын күбөлүк сөзү тууралуу.

3 Бул китептеги пайгамбарчылык сөздөрдү окугандар, уккандар жана андагы жазылгандарды аткаргандар бактылуу. Себеби булардын аткарылышына аз калды.

4-5 Асия аймагындагы жети жыйынга Жакандан салам кат. Азыр да бар, мурда да болгон жана келечекте да боло турган Кудайдын, анын тактысынын алдындагы жети Рухтун жана Ыйса Машаяктын ырайымы менен тынчтыгы араңарда болсун. Ал ишенимдүү Күбө — өлүктөн тирилгендердин туңгучу жана жер жүзүндөгү падышалардын башкаруучусу. Ал бизди абдан жакшы көрөт. Андыктан канын төгүп, күнөөлөрүбүздөн арылтты.

6 Кудай Атасына диний кызмат кылышыбыз үчүн бизден жаңы падышачылык кураган Ыйса Машаяктын кудурет-күчү менен салтанаттуу улуулугу түбөлүктөн түбөлүккө улана берсин! Оомийин.

7 Карагыла, Ал булуттардын арасында келатат. Аны баары, алтурсун айкаш жыгачка кадагандар да көрүшөт. Жер жүзүндөгү бардык элдер Аны көрүп боздоп ыйлашат. Ооба, ушундай болсун! Оомийин.

8 «Мен Альфа жана Омегамын, — дейт Кудай Эгебиз, — азыр да бар, мурда да болгон жана келечекте да боло турган кудуреттүү Кудаймын».

9 Силердин боордошуңар жана Ыйсага ишенүүнүн азап-муңун, шаң-салтанатын, кыйынчылыктарын чыдамдуулук менен көтөрүүдө шеригиңер болгон мен, Жакан, Кудайдын сөзүн сүйлөп, Ыйсанын күбөсү болгондугум үчүн Патмос аралында жүргөн болчумун.

10 Эгебиздин күнүндө мен Ыйык Рухтун таасири астында элем, аңгыча, арт жагымдан сурнайдыкындай катуу үндү уктум.

11 Ошол үн мага: — Көргөнүңдү түрмөккө жаз да жети жыйынга: Эфеске, Смирнага, Пергамга, Тиатирага, Сардиске, Филаделфияга жана Лаодикияга жибер, — деди.

12 Мага угулган үн кимдики экенин көрөйүн деп артыма бурулдум. Бурулуп, жети алтын шамдалды көрдүм.

13 Шамдалдардын ортосунда Адам Уулуна окшогон, узун чапан кийген, бооруна алтын тасма тагынган Бирөө туруптур.

14 Башы менен чачы кардай аппак жүн сымал, көздөрү алоолонгон оттой,

15 буттары жалтыраган, көөрүккө салынып тазаланган жездей, үнү деңиздин күүлдөгөнүндөй эле.

16 Оң колуна жети жылдызды кармап, оозунан эки миздүү курч кылыч чыгып, жүзү болсо күчүнүн барынча жаркыраган күндөй нурданып турду.

17 Аны көргөнүмдө, өлгөн кишидей аягына сулк жыгылдым. Ал менин үстүмө оң колун койду да, мындай деди: — Коркпо! Мен Биринчимин, Акыркымын жана

18 Тирүүмүн. Мен өлгөн элем, бирок мына, эми түбөлүккө өмүр сүрөм. Өлүм менен о дүйнөнүн ачкычтары менин колумда.

19 Ошондуктан эмнелерди көрдүң, эмнелер болуп жатат, мындан кийин эмнелер болот, баарын жазгын.

20 Жети алтын шамдалдын жана оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын жашырын сыры мындай: жети жылдыз жети жыйындын периштелерин, ал эми жети шамдал болсо жети жыйынды билдирет.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22