1 Анан мен жаңы асман менен жаңы жерди көрдүм. Анткени биринчи асман менен биринчи жер жок болуп кетиптир, деңиз да жок экен.
2 Мен күйөөсү үчүн жасалгаланып даярдалган колуктуга окшогон, көктөн, Кудайдан түшүп келе жаткан ыйык шаар — жаңы Иерусалимди көрдүм.
3 Тактыдан: — Карагыла, турак жайы Кудайдын Адамдардын арасына орноду. Мындан ары, болуп эми Кудайы, Алар менен чогуу жашайт Жараткан. Анын эли болуп калып адамдар, Алар менен болот Кудай ар дайым.
4 Бардык жашты көздөрүнөн алардын Аарчыйт Кудай, өлүм деген жок болот. Мындан ары болбой калат эч бир ый, Өкүрүк да, оору дагы, анткени Мурункунун өтүп кетти бардыгы! — деген катуу үндү уктум.
5 Тактыда Олтурган болсо: — Мен баарын жаңыртып жатам! — деди. Анан сөзүн улантып: — Муну жазып кой, анткени бул сөздөр ишенимдүү жана акыйкат, — деди.
6 Ал мага дагы мындай деди: — Баары аткарылды. Мен Альфа жана Омегамын, Башталышы жана Аягымын. Ким суусаса, өмүр булагынан бекер ичиремин.
7 Жеңүүчү ушунун баарын мураска алат жана Мен анын Кудайы, ал Менин уулум болот.
8 Бирок коркок, ишенбес, пас, канкор, бузуку, сыйкырчы, бутка табынуучу жана бардык жалганчылардын барар жери — жалындаган күкүрт көл. Бул экинчи өлүм.
9 Акыркы жети балээ толгон жети идишти көтөргөн жети периштенин бири келди да, мага: — Бери кел, мен сага колуктуну — Козунун аялын көрсөтөм, — деди.
10 Анан Кудайдын Руху мени толук бийлеп алды да, периште улуу жана бийик тоого алып чыгып, көктөн, Кудайдан түшүп келе жаткан Ыйык Шаар — Иерусалимди көрсөттү.
11 Ал Кудайдын даңкын чачыратып, жаркырап турган эле, анын жаркыраганы өтө кымбат баалуу ташка, мөлтүр таштай тунук ясписке окшоп,
12 чоң, бийик дубалында он эки дарбазасы бар экен. Ар бир дарбазасында бирден периште кайтарып туруптур. Дарбазаларына Ысрайылдын он эки уруусунун аттары жазылыптыр. Бир дарбазага бир аттан.
13 Чыгыш тарабында үч, түндүк тарабында үч, түштүк тарабында үч, батыш тарабында үч дарбаза.
14 Дубалдын он эки кат пайдубалы бар экен. Аларга Козунун он эки элчисинин аттары жазылган. Ар бирине бирден ат.
15 Мени менен сүйлөшкөн периштенин шаарды, анын дарбазаларын жана дубалын өлчөй турган алтындан ченегичи бар эле.
16 Шаар төрт чарчы сыяктуу жайгашып, узуну да туурасы да бирдей болчу. Периште ченегичи менен шаарды ченегенде узуну да, туурасы да, бийиктиги да эки миң төрт жүз чакырым болуп чыкты.
17 Дубалынын калыңдыгын ченеди эле, жетимиш метр болду. Периште колдонгон ченегич адамдыкы менен бирдей эле.
18 Дубал яспистен, ал эми шаар болсо айнектей тунук таза алтындан жасалыптыр.
19 Дубалдарынын пайдубалы түрдүү-түрдүү асыл таштар менен кооздолуптур. Биринчи пайдубалы — яспистен, экинчиси — көк жакуттан, үчүнчүсү — акак таштан, төртүнчүсү — зымырыттан,
20 бешинчиси — феррузадан, алтынчысы — лалдан, жетинчиси — сары жакуттан, сегизинчиси — көк зымырыттан, тогузунчусу — топаздан, онунчусу — жашыл акак таштан, он биринчиси — хиацинттен, он экинчиси — аметисттен эле.
21 Он эки дарбазасы — он эки бермет. Ар бир дарбаза бир берметтен жасалган. Шаардын башкы көчөсү тунук айнектей болгон таза алтындан салыныптыр.
22 Шаардын ичинен ийбадаткана көргөнүм жок, анткени анын ийбадатканасы Кудуреттүү Кудай Эге менен Козунун Өзү экен.
23 Шаардын күнгө же айдын жарыгына муктаждыгы болбоду, анткени Кудайдын шаң-салтанаты ага жарык берип, Козунун Өзү шамчырак катары нурун чачып турду.
24 Бардык улуттар шаардын жарыгында жүрүп, жер бетиндеги падышалар өзүлөрүнүн шаң-салтанатын ошол шаарга алып келишти.
25 Шаар дарбазалары күнү бою ачык туруп, эч качан жабылбады, анткени ал жакта түн деген жок экен.
26 Бардык улуттардын улуулугу менен сый-урматтары шаардын ичине алынып келинет.
27 Шаарга эч бир таза эмес нерсе, уяттуу же алдамчылык иш кылган киши кирбейт. Козунун өмүр китебине аттары жазылгандар гана киришет.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22