меню

Аян 18 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ушундан соң, көктөн түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар дагы башка периштени көрдүм. Анын шаң-салтанатынан жер жүзү жаркырап кетти.

2 Ал катуу үн менен: — Кыйрады ал, улуу Бабыл кыйрады! Ал жиндердин турагына айланды, Арам рухтар конушуна, Жексур жырткыч ийинине, Жийиркеничтүү канаттуулар Уясына айланды.

3 Анткени ал ачуу шарап сыяктуу Азгындыгын сунуп жатты, мас кылып Бүт элдерди. Бузуктукка батышты Аны менен падышалары дүйнөнүн. Ашып-ташкан молдугунан көпөстөр, Шаң-салтанат турмушунан байышты, — деди.

4 Анан асмандан мындай деген башка бир үндү уктум: — Чыгып кеткин андан, элим, чыгып кет, Болбой эле кой күнөөсүнө ортоктош, Кабылбагын ал туш болор балээге!

5 Көккө жетти анын толгон күнөөсү, Кылмыштары түштү Кудай эсине.

6 Андан көргөн жамандыгын кайтарып, Эми өзүнө кыянаттык кылгыла, Жоругуна, жосунуна жараша Тиешесин эки эселеп бергиле. Эки эсе ачуусунан шараптын Даяр кылып, чөйчөгүнө куйгула.

7 Мурда канча сыймыктанып, мактанса, Байлыгына маашыркаса канчалык, Эми ошонун бардыгына жараша, Азаптарга, кайгыларга салгыла. Ал ичинен али дагы мындай дейт: «Мен — ханышамын, тактысында олтурган, Боздогондой жесир аял эмесмин».

8 Ошондуктан бир заматта балээлер Басып калып, илдеттерден кырылат Көп адамдар. Ачарчылык, кайгыга Кабылат ал, отко өрттөлөт, анткени Соттоп жаткан Кудай Эге кудуреттүү.

9 Сойкуга кошулуп алып бузукулук кылган, анын байлыгы менен жыргаган жер үстүндөгү падышалар тигинин өртүнөн чыккан түтүндү көргөндө, аны жоктоп боздоп ыйлашат.

10 Кыйналып жатканын көрүп, жандары чыгып, алыста туруп: «О, кокуй күн, каран күн! Эмне болду, Улуу шаар, бекем калаа Бабыл, сага?! Бир паста жазаланып калдыңбы сен?!» — деп үн салышат.

11-13 Жердеги соодагерлер да аны карап алып, боздоп ыйлашат, анткени алардын алтын-күмүш буюмдарын, асыл таштары менен берметтерин, кымбат баалуу кездемелери менен маталарын, жибектен жасалган кыпкызыл кийимдерин, жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сөөгүнөн, кымбат баалуу жыгачтан, жезден, темирден, мармардан жасалган буюмдарын, атырлары менен эндик-упаларын, мүр жана ладан аталган жыпар жыттуу заттарын, шараптары менен майларын, ундары менен буудайларын, малдары менен койлорун, аттары менен арабаларын, адамдардын денелери менен жандарын мындан ары эч ким сатып албай калат.

14 Жаның эңсеп, каалаган Буюмдардан куру калдың, Дөөлөттөрүң, байлыгың Түбү менен жок болду, Издесең да, аларды Таба албайсың эми сен.

15 Ушунун баары менен соода жүргүзүп, байып алышкандар анын тартып жаткан азабынан коркушуп, алыста туруп алып:

16 «О кокуй күн, каран күн! Кымбат баалуу кийимчен, Кызыл шайы көйнөкчөн, Алтын, жакут, берметиң Жаркылдаган улуу шаар!

17 Ушунча көп байлыгың Заматта ойрон болдубу?!» — деп боздошот. Кеме башчылары, кемечилер, кемедегилер жана деңиздин аркасы менен акча тапкандардын баары алыстан карап турушат.

18 Алар шаардын күйүп, түтөп жатканын көрүшкөндө: «Ушул улуу шаардай шаар бар беле?» — дешип боздошот.

19 Баштарына күл чачып, боздоп ыйлап: «О кокуй күн, каран күн! О, улуу шаар! Кемелүүнүн бардыгы көргөн эле Байлыгыңдын үзүрүн. Кайда алар? Аңырайып, бош калдың бир заматта.

20 О, асман, муну көрүп, сен кубангын! Ыйыктар, элчилер, пайгамбарлар — Баарыңар кубангыла! Силер үчүн Сазайын ушул шаардын Кудай берди», — дешет.

21 Анан бир күчтүү периште тегирмен ташындай болгон чоң ташты алып, деңизге ыргытты да: — Мына ушундай күч менен Ыргытылат, ташталат Улуу калаа Бабыл да, Тура албайт ал экинчи

22 Арфа менен ырчынын, Чоор менен сурнайдын Сенден чыкпайт үндөрү. Өнөрпоз да, уста да Болбой калат сенде эми. Тегирмендин үнү да Калат эми угулбай.

23 Жанган чырак жарыгы Мындан ары көрүнбөйт. Күйөө менен колукту Үндөрү да угулбайт. Көпөстөрүң анткени Эң мыкты эле дүйнөдө, Анткени сыйкырчылыгың Бардык элди алдады.

24 Пайгамбарлар, ыйыктар, Бүтүндөй жер жүзүндө Өлтүрүлгөн адамдар Канына забын ушул шаар, — деди.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22