меню

Аян 22 Бөлүм


1 Ушундан соң, периште мага мөлтүр таштай жылтылдаган дайраны көргөздү. Бул өмүр суусу эле. Ал Кудай менен Козунун тактысынан агып чыгып,

2 шаардагы башкы көчөнүн кап ортосуна куюлуп жатты. Дарыянын эки жээгинде тең ар айда бир, жылына он эки жолу түшүм берген — жемиши түбөлүк өмүр берүүчү дарак өсүп турду. Анын жалбырактарын элдерди айыктыруу үчүн колдонушат.

3 Мындан ары эч кандай каргыш болбойт. Анткени Кудай менен Козунун тактысы шаардын ичине орнотулат. Кудайдын кулдары Ага кызмат кылышат.

4 Кудайды өз көздөрү менен көрүп, аты чекелерине жазылат.

5 Ал жакта мындан ары эч качан түн болбойт. Эч качан чырактын же күндүн жарыгына муктаж болушпайт, анткени Кудай Эгенин Өзү аларга жарыгын төгүп турат. Алар Аны менен бирге түбөлүктөн түбөлүккө бийлик кылышат.

6 Периште мага мындай деди: — Бул ишенсе боло турган акыйкат сөздөр. Пайгамбарлардын оюн башкарган Кудай Эге жакын арада боло турган окуяларды кулдарына көрсөтүү үчүн периштесин жиберди.

7 «Сак тургула, Мен жакында келем! Ушул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү аткаргандар бактылуу».

8 Мен, Жакан, ушуларды уктум да көрдүм. Угуп, көрүп бүткөн соң, табынайын деген ниетте ушуларды көргөзгөн периштенин бутуна жыгылдым.

9 Бирок ал: — Токтот! Мен өзүң менен, боордошторуң болгон пайгамбарлар менен жана ушул китептин сөздөрүн аткаргандар менен бирге кызмат кылып жүрөм. Кудайга табынгының! — деди.

10 Анан ал мага мындай деди: — Бул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү жашырбагын, анткени андагылар аткарыла турган убакыт жакын калды.

11 Жамандык кылгандар дагы кыла беришсин, пастыкка баткандар дагы бата беришсин, ал эми адилеттер адил иштерин дагы улантышсын, ыйыктар андан бетер ыйык боло беришсин.

12 «Сак тургула, Мен жакында келемин! Ар кимдин ишине жараша берер сыйлыгымды Өзүм менен бирге ала келем.

13 Мен Альфа жана Омегамын, Биринчи жана Акыркымын, Башталышы жана Аягымын.

14 Дарактын түбөлүк өмүр берүүчү жемишинен жегенге жана шаар дарбазалары аркылуу киргенге укук алуу үчүн кийимдерин жууп алгандар бактылуу.

15 Жалган дин мугалимдер, сыйкырчылар, аягы суюктар, канкорлор, бутка табынуучулар жана жалгандыкты сүйгөн алдамчылардын баары сыртта калышат.

16 Мен, Ыйса, жыйындар үчүн айтылган ушул сөздөрдү силерге жарыя кылсын деп периштемди жибердим. Мен — Дөөттүн тукумумун жана жаркыраган таңкы жылдызмын».

17 Рух менен Колукту: «Кел!» — дешет. Уккандар да: «Кел!» — деп айтышсын. Ким суусаса, келсин. Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын.

18 Ушул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү уккан ар бир адамга эскертип коёюн: эгерде кимде-ким мындагы пайгамбардык сөздөргө бир нерсе кошсо, Кудай ага ушул китепте жазылган балээлерди кошот.

19 Кимде ким бул пайгамбардык китептин сөздөрүнөн бир нерсе алып салса, Кудай аны ушул китепте жазылган түбөлүк өмүр берүүчү дарактын жемишинен жедирбейт да, ыйык шаарга киргизбейт.

20 Ушул кабарларды жарыялап жаткан: — Ооба, Мен жакын арада келем! — дейт. Келе көр, Эгебиз Ыйса. Оомийин.

21 Эгебиз Ыйса баарыңа ырайым кылсын.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22