меню

Аян 10 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан мен асмандан түшүп келе жаткан дагы бир күчтүү периштени көрдүм. Периште булуттарга оронуп, башынын үстүндө асан-үсөн тартылып турду. Жүзү күндөй жаркырап, буттары оттуу тирөөчтөрдөй эле.

2 Колуна жайылган бир түрмөкчөнү кармап турду. Оң бутун деңизге, сол бутун жерге коюп,

3 арстандай катуу күркүрөдү. Күркүрөгөндө, жети күн күркүрөө өз үндөрү менен сүйлөп жиберишти.

4 Жети күн күркүрөө сүйлөгөндө, мен жазганга камындым. Бирок асмандан: — Жети күн күркүрөөнүн айткандарын жашыр, аларды жазба! — деген үндү уктум.

5 Анан деңиз менен жерде турган, баягы мен көргөн периште оң колун асманга көтөрүп: —

6-7 Бүттү, күтүүгө убакыт жок! Жетинчи периште сурнайын тарта турган убак жакындаган күндөрдө Кудай Өз кулдарына, башкача айтканда, пайгамбарларына айтып кеткен Өзүнүн жашырын сырын аткарып, аягына чыгарат, — деп асманды жана асмандагыларды, жерди жана жердегилерди, деңизди жана деңиздегилерди жараткан, түбөлүктөн түбөлүккө жашай берүүчү Кудайдын атын оозанып ант берди.

8 Анан баягы, мага асмандан угулган үн: — Баргын да жер менен деңизде турган периштенин колундагы жайылган түрмөкчөнү алгын! — деп, кайрадан сүйлөдү.

9 Мен барып, периштеден түрмөкчөнү берүүсүн сурадым. Периште: — Ал да жегин, ичиңе киргенде ачуу, бирок оозуңа салганда балдай таттуу болот, — деди.

10 Мен алдым да жедим. Оозума салганымда, ал балдай таттуу, жутканымда ичимде абдан ачуу болду.

11 Анан мага: — Сен көптөгөн элдер, улуттар, падышалар жана ар кандай тилде сүйлөгөндөр жөнүндөгү пайгамбарчылык сөздү кайрадан жарыялоого тийишсиң, — деген сөз айтылды.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22