меню

Аян 3 Бөлүм


1 Сардистеги жыйындын периштесине жаз: «Кудайдын жети руху менен жети жылдызына Эгедер мындай дейт: Мен сенин жасап жаткан иштериңди билем. Сени тирүү деп ойлошот, бирок чындыгында сен тирүүлөй өлүксүң.

2 Көзүңдү ач! Ажал эмнени алганы калса, ошонуңду бекемде! Себеби Мен сенин иштериңдин Кудайымдын алдында түгөл эмес экенин аныктадым.

3 Андыктан мурда угуп, кабыл алган сөздү эсиңе сал. Ошого моюн сун да, ниетиңди өзгөрт. Эгер көзүңдү ачпасаң, сага ууру сымал келем. Мен сага кайсы саатта келеримди билбейсиң.

4 Бирок Сардисте күнөөдөн алыс жүргөн бир нече таза адамдарың бар. Алар күнөөгө булганбаган ак кийим кийип, Мени менен бирге жүрүшөт. Анткени алар ошого татыктуу.

5 Ким жеңүүчү болсо алар сыяктуу ак кийим кийет. Мен анын ысымын өмүр китебинен өчүрбөйм, тескерисинче Атамдын жана анын периштелеринин алдында анын ысмын жарыя кылам.

6 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»

7 Филаделфиядагы жыйындын периштесине жаз: «Ыйык, акыйкат жана Дөөттүн ачкычын кармаган, ачкан нерсесин эч ким жаба албаган, жапканын эч ким ача албаган Бирөө мындай дейт:

8 Мен сенин иштериңди билем. Карачы, Мен алдыңдагы эшикти ачтым, аны эч ким жаба албайт. Анткени күчүң аз болсо да, сөзүмдү аткарып, Мени ээрчигенден баш тарткан жоксуң.

9 Мына, Мен жанагы өздөрүн: "биз Кудай тандап алган элбиз" деп атаган шайтан тобундагыларды, (чындыгында өздөрүн өздөрү атагандай эмес, алар калп айтып жатышат) мына, Мен аларды мындай кылам: алар келип, сенин бутуңа жыгылышат жана Мен сени кандай жакшы көрөрүмдү көрүшөт.

10 Себеби сен "сабыр кылып чыда" деген сөзүмдү сактадың. Ошондуктан Мен да сени жер бетинде жашагандардын баарын сыноо үчүн жибериле турган кыйын-кезең убакыттан сактайм.

11 Мен жакында келем. Бирөө-жарым сенин жеңиштен алган сыйлыгыңды алып албасын үчүн колуңдагыны бекем карма.

12 Жеңүүчүнү Кудайымдын ийбадатканасына тирөөч кылам жана ал андан эч качан чыкпайт. Мен анын бетине Кудайымдын атын, анын шаарынын атын — асмандан, Кудайымдан түшө турган жаңы Иерусалимдин атын жазам. Ошондой эле Мен ага Өзүмдүн жаңы атымды да жазып коём.

13 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»

14 Лаодикиядагы жыйындын периштесине жаз: «Оомийин аталган, ишенимге бек акыйкаттуу күбө жана Кудай жараткан нерселердин башаты мындай дейт:

15 Мен сенин иштериңди билем: сен же муздак эмессиң, же ысык эмессиң. Аттиң, же муздак, же ысык болсоң гана.

16 Ошондуктан муздак же ысык болбой, жылымык болгонуң үчүн Мен сени оозуман бүркүп салганы турам.

17 Сен: "Мен баймын, байлыкка тундум, эч нерседен муктаждыгым жок", — дейсиң. Бирок өзүңдүн байкуш, бечара, жакыр, сокур, жылаңач экениңди билбейсиң.

18 Сага берер кеңешим бул: байышың үчүн Менден отко тазаланган алтынды, кийинип, абийириңди жабыш үчүн ак кийимди, көзүңө сыйпап, көрө алышың үчүн көз майды сатып ал.

19 Мен кимди сүйсөм, анын айбын ачып, адебин колуна берем. Андыктан дитиңди кой да, ниетиңди өзгөрт.

20 Эй, кулак салгыла! Мен эшик алдына келип, тыкылдатып жатам. Эгерде кимде-ким үнүмдү угуп, эшикти ачса, Мен кирем. Аны менен бирге тамактанам, ал да Мени менен бирге тамактанат.

21 Мен жеңип, азыр Атамдын тактысынын жанында Атам менен бирге отурганымдай, жеңүүчүгө да тактымдын жанында Мени менен бирге олтурууга укук берем.

22 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22