1 Асманда укмуштуудай бир нерсе пайда болду: өзү күнгө оронуп, бутун айдын үстүнө коюп, он эки жылдызды таажы катары кийип алган бир аял көрүндү.
2 Анын төрөй турган маалы келип, толгоо тарткандыктан катуу кыйналып кыйкырып жатты.
3 Анан асманда дагы башка нерсе пайда болду: жети баштуу, он мүйүздүү, баштарына жети кичине таажы кийген зор кызыл ажыдаар көрүндү.
4 Анын куйругу асмандагы жылдыздардын үчтөн бирин жерге шыпырып түшүрдү. Төрөөр замат баласын жалмап салууга даяр болуп, ал баягы толгоо тартып жаткан аялдын маңдайында турду.
5 Аял бүт улуттардын үстүнөн темирдей катуу бийлик орното турган эркек бала төрөдү. Ошол замат ал Кудайга жана Анын тактысына жеткирилди.
6 Бул аял бир миң эки жүз алтымыш күн бою кароодо болсун деп Кудай ал үчүн атайын даярдап койгон ээн талаадагы жайга качып кетти.
7 Анан асманда согуш болду. Михаэл менен анын периштелери ажыдаарга каршы, ажыдаар менен анын периштелери Михаэлге каршы согушту.
8 Бирок ажыдаар менен анын периштелери жеңилип, асмандагы ээлеген ордунан ажырап калышты.
9 Ошентип, баягы зор ажыдаар жерге кулатылды. Бүт адамзатты оң жолдон адаштырган ибилис же шайтан аталган эзелки жылан ушул. Ал өзү да, аны менен кошо жанындагы периштелери да жерге ыргытылды.
10 Анан мен асмандан бир кыйкырган үндү уктум: — Кудайыбыз кудуреттүү! Кудайыбыз — жеңүүчү! Эми Өзү башкарат бардыгын Ал, тургузуп Машайактын бийлигин. Ыргытылды анткени Биздин боордошторду айыптаган жалганчы, Күнү-түнү ушактап, барып Кудай алдына.
11 Алар аны жеңишти каны менен Козунун, Кудайымдын кабарын күбө болуп айтышып, Тике карап өлүмгө, аябастан жандарын.
12 Эми, асман, кубангын! Сүйүнгүлө, асмандын жашагандар алдында! Куруйт эми шоруңар, Жер үстүндө болгондор, жашагандар деңизде! Түшүп кетти силерге убактысы аз калган, Муну билип жинденген, ызырынган ибилис.
13 Ажыдаар жер бетине ыргытылганын көргөн соң, эркек бала төрөгөн баягы аялды куугунтукка ала баштады.
14 Аял ээн талаага учуп кете алсын үчүн, ага чоң бүркүттүн эки канаты берилди. Ошол жерде ага үч жарым жыл жыландын көзүнөн далдаада камкордук көрүлмөк.
15 Ошондо жылан чөктүрүп ийиш үчүн дарыядай сууну аялдын артынан бүркүп жиберди.
16 Бирок жер койнун ачып, ажыдаардын оозунан бүркүлгөн дарыяны соруп алып, аялга жардам кылды.
17 Ажыдаар аялга жинденип, анын баласынан башка тукумдарына согуш ачуу үчүн кайтып кетти. Аялдын тукумдары болсо — бул Кудайдын осуяттарына баш ийип, Ыйса жар салган акыйкаттан тайбагандар. Ошентип, ажыдаар деңиздин жээгиндеги кумда турду.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22