меню

Аян 6 Бөлүм


1 Мен Козунун жети мөөрдүн бирин ачканын көрдүм. Анан төрт жаныбардын бирөөсү күн күркүрөгөндөй добуш менен: — Бери кел! — дегенин уктум.

2 Аңгыча ак боз ат минген, колунда жаасы бар бир чабандести көрдүм. Чабандеске таажы берилди. Ошондо ал жеңүүчү катары душмандарын дагы жеңиш үчүн асмандан чаап чыкты.

3 Козу экинчи мөөрдү ачканда, экинчи жаныбардын: — Бери кел! — дегенин уктум.

4 Анан жээрде ат минген дагы башка чабандес чыкты. Ага жер бетиндеги тынчтыкты бузуп, элдерди бири бири менен кырылыштыра тургандай кудурет берилди. Колуна чоң кылыч карматылды.

5 Козу үчүнчү мөөрдү ачканда, үчүнчү жаныбардын: — Бери кел! — дегенин уктум. Аңгыча тору атчан, колуна тараза кармаган бир чабандес көрүндү.

6 Анан төрт жаныбардын арасынан: — Бир өлчөм арпаны бир күмүш теңге кыл, үч өлчөм таруу да бир күмүш теңге болсун, ал эми май менен шарапты кемитпе! — деп сүйлөгөн үндү уктум.

7 Козу төртүнчү мөөрдү ачканда, төртүнчү жаныбардын: — Бери кел! — дегенин уктум.

8 Аңгыча күңүрт жашыл түстөгү бир атты көрдүм. Аны мингендин аты Ажал экен, о дүйнө артынан калбай такымдап ээрчип алыптыр. Аларга жер жүзүндөгүлөрдүн төрттөн бирин кылыч менен кырып, ачарчылыктан өлтүрүп, жугуштуу ооруга чалдыктырып, жырткычтарга жем кылып жок кыла ала тургандай кудурет берилди.

9 Козу бешинчи мөөрдү ачканда, курмандык жайдын астынан Кудай Сөзүн күбөлөндүрүшкөнү үчүн өлтүрүлгөндөрдүн жандарын көрдүм.

10 Алар: — О ыйык жана акыйкаттуу Эгебиз, жер бетиндегилерди качан соттойсуң? Каныбызды төккөндөрдөн качан өч аласың? — деп, катуу үн менен кыйкырып жатышты.

11 Алардын ар бирине ак кийим берилип, алар сыяктуу өлтүрүлө турган башка кызматташ боордошторунун саны жеткенче дагы бир аз тынчтанып туруш керектиги айтылды.

12 Анан мен Козунун алтынчы мөөрдү ачканын көрдүм. Ошол маалда жер катуу силкинди. Күндүн бети аза күткөн аялдын жоолугундай карарып, жарык бербей калды. Ай толугу менен кочкул кандай кызарып чыкты.

13 Катуу шамал силкилдетип, анжир дарагынын бышпаган жемиштери ыргыган сыяктуу, асмандагы жылдыздар да жерге кулап түштү.

14 Асман түрмөктөй оролуп, жок болду. Тоолор менен аралдардын баары ордунан жылып кетти.

15 Анан жер бетиндеги падышалар, эл бийлегендер, аскербашылар, байлар менен кудуреттүүлөр, кулдар менен кул эместердин баары үңкүрлөргө жана тоолордогу аска таштардын арасына жашынышты.

16 Алар тоолор менен аскаларга: — Үстүбүзгө кулап, тактыда Олтургандын жүзүнөн жана Козунун каарынан жашырып калгыла!

17 Анткени Алар каарын төгүп, жазалай турган улуу күн келди. Ким ага туруштук бере алат? — дешти.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22