Аян 7 Бөлүм
1 Ушундан соң, төгөрөктүн төрт бурчунда турган төрт периштени көрдүм. Алар жерге да, деңизге да, эч бир даракка да тийбесин үчүн төгөрөктүн төрт шамалын соктурбай кармап турушту.
2-3 Анан мен тирүү Кудайдын мөөрүн алып күн чыгыш тараптан келе жаткан башка бир периштени көрдүм. Ал жер менен деңизге зыян келтирчү кудурет берилген төрт периштеге: — Биз Кудайыбыздын кулдарынын чекелерине мөөр баскыча жерге, деңизге жана эч кандай даракка зыян кылбагыла, — деп катуу үн менен кыйкырды.
4 Анан мен мөөр басылгандардын санын уктум: Ысрайылдын урууларынан бардыгы болуп, жүз кырк төрт миң адам экен.
5 Жүйүт уруусунан он эки миң кишиге, Рубейин уруусунан он эки миң кишиге, Гат уруусунан он эки миң кишиге,
6 Ашыр уруусунан он эки миң кишиге, Напталы уруусунан он эки миң кишиге, Манаш уруусунан он эки миң кишиге,
7 Шемон уруусунан он эки миң кишиге, Леби уруусунан он эки миң кишиге, Ысахар уруусунан он эки миң кишиге,
8 Забулун уруусунан он эки миң кишиге, Жусуп уруусунан он эки миң кишиге, Бенжамин уруусунан он эки миң кишиге мөөр басылыптыр.
9 Ушундан соң, такты менен Козунун алдынан эч ким санай алгыс, санаса сан жеткис улуттардын, уруулардын, элдердин жана ар тилде сүйлөгөндөрдүн ар биринен чыккан, аппак кийим кийинишкен, колдоруна пальма бутактарын кармаган көпчүлүктү көрдүм.
10 Алар катуу үн менен: — Бизди тактыда олтурган Кудайыбыз менен Козу гана куткарып алды! — деп кыйкырып жатышты.
11-12 Бардык периштелер тактынын, аксакалдардын жана жаныбарлардын айланасында турушту. Алар: — Так ошондой! Алкыш-даңк, акылмандык, ыраазычылык, урмат, кудурет жана күч-кубат түбөлүктөн түбөлүккө Кудайыбызга таандык! Оомийин! — деп тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылышып, Кудайга табынышты.
13 Анан аксакалдардын бирөөсү менден: — Мына бул ак кийимчендер кимдер? Алар кайдан келишти? — деп сурады.
14 Мен: — Таксыр, аны сиз билесиз да, — дедим. Ошондо ал мындай деди: — Булар башынан азаптуу убакытты кечирип, андан чыгып келишкендер. Кийимдери Козунун каны менен жуулуп агаргандар.
15 Ошондуктан турушат Кудай тагы алдында, Күнү-түнү табынып Ийбадатканасында. Ошондуктан чатырын Жаят алар үстүнө Өз тагында Олтурган.
16 Эми алар эч качан Ач болушпайт, чаңкашпайт, Баштарынан күн өтпөйт, Жабыркашпайт ысыктан.
17 Анткени Тактынын ортосундагы Козу Өзү аларды Багат эми, өмүр суунун Булагына алпарып. Кудай аарчыйт ар бир жашты Көздөрүнөн алардын.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22