1 Анан мен эң ыйык жерден жети периштеге карата айтылган катуу үндү уктум. — Бар! Кудайдын жети идиштеги каарын жер үстүнө төгүп жибер! — деди ошол үн.
2 Биринчи периште барды да, идиштегини жердин үстүнө төгүп жиберди. Жердегилердин жырткычтын белгисин алып, анын эстелигине табынгандарынын денелерине жийиркеничтүү, ооруткан жаралар чыкты.
3 Экинчи периште идишиндегини деңизге төктү эле, деңиз өлгөн адамдын канындай болуп, анда жашагандын баары өлдү.
4 Үчүнчү периште идишиндегини дарыялар менен суу башаттарына төктү. Суунун баары канга айланып кетти.
5-6 Анан мен суулардын периштесинин: — Бар болгон азыр дагы, мурда дагы, О, ыйык Кудайым, Сен акыйкатсың! Ыйыктар, пайгамбарлар канын төккөн Адамдарга адилеттүү өкүмүңдү Чыгарып, аларга Сен кан ичирдиң, Анткени алар буга татыктуу эле, — дегенин уктум.
7 Ошондо курмандык жайдан: — Ооба, Кудуреттүү Кудай Эге, Өкүмүң акыйкат да, адилет да! — деп кыйкырган үндү уктум.
8 Төртүнчү периште идишиндегини күндүн бетине төгүп жиберди эле, күнгө адамдарды жалыны менен күйгүзүп жибере ала турган күч берилди.
9 Мээ кайнаткан күндүн табы адамдарды куйкалаганда, алар ушул кырсыктардын үстүнөн бийлиги бар Кудайдын атына тил тийгизишти. Кудайга мактоо айтуу үчүн ниеттерин өзгөртүшпөдү.
10 Бешинчи периште идишиндегини жырткычтын тактысына төгүп жиберди эле, анын падышалыгы караңгылыкка чулганды. Адамдар жаны кыйналгандан тилдерин чайнашып,
11 оорудан, жараларынан улам көктүн Кудайына тил тийгизип, Ага акарат айтышты. Кылган иштерине өкүнүп, ниеттерин өзгөртүшпөдү.
12 Алтынчы периште идишиндегини улуу Эфрат дарыясына төктү. Күн чыгыш падышаларынын басар жолун ачуу үчүн Эфраттын суусу кургап калды.
13 Анан ажыдаардын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын[12]ооздорунан чыккан, бакага окшош үч кара күчтү көрдүм.
14 Алар кереметтүү белгилерди көрсөтүүчү жиндер эле. Булар дүйнө жүзүндөгү падышалардын баарына барып, аларды кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндөгү согушка чогултушту.
15 «Сак болгула, мен ууру сымал барам! Жылаңач калып, уяты көрүнүп калбоо үчүн уктабай, сергек болуп, кийимдерин даяр алып жүргөндөр бактылуу».
16 Анан эврейче Армагедон аталган жерге алар падышаларды чогултушту.
17 Жетинчи периште идишиндегини абага төгүп жиберди эле, эң ыйык жердеги тактыдан: — Аткарылды! — деген катуу үн чыкты.
18 Чагылгандар чартылдап, күн күркүрөп, жер катуу титиреди. Мындай жер титирөө жер бетине адам жашай баштагандан бери болуп көрбөгөн. Жер ушунчалык катуу титиреди.
19 Улуу шаар үчкө бөлүнүп, мамлекеттердин шаарлары кыйрады. Кудай улуу Бабылды эсине түшүрүп, ачуусу менен каарынын шарабына толгон чөйчөктү ага ичирди.
20 Аралдар менен тоолор жок болду.
21 Асмандан адамдарга ар бири жүз кадактай чоң мөндүр жаады. Мөндүрдөн алган жарааттары үчүн алар Кудайды сөгүштү. Анткени алардын жарааттары абдан оор эле.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22