меню

Аян 19 Бөлүм


1 Ушундан соң, асмандан көптөгөн адамдар айгайлагандай бир үндүн: — Эгебизди мактагыла! Бизди Кудай куткарды! Ага таандык урмат-сый, Шаң-салтанат, кудурет!

2 Анткени Анын соттору Чындык жана адилет! Анткени Ал соттоду Бүт жер жүзүн булгаган, Бузуктугу ашынган Уяты жок сойкуну, Кулдарынын каны үчүн Кудай андан өч алды, — дегенин уктум.

3 Дагы мындай деп кайталап кыйкырышты: — Эгебиздин мактагыла! Ошол шаардын түтүнү Эми эч качан басылбайт.

4 Жыйырма төрт аксакал менен төрт жаныбар тизе бүгүшүп, тактыда олтурган Кудайга таазим кылышты. Анан кыйкырышты: — Так ошондой! Эгебизди мактагыла!

5 Анан тактыдан: — Карапайым, атактуу, Кудайымдан корккондор, Жараткандын кулдары, Баарың Аны даңктагын! — деген үн чыкты.

6 Анан көпчүлүктүн айгайындай, көптөгөн шаркыратмалардын шарындай, күн катуу күркүрөгөндөй үндү уктум: — Эгебизди мактагыла! Анткени кудуреттүү Биздин Кудай-Эгебиз, Өкүмдарлык бийлигин Өз колуна алды эми.

7 Кубаналы, шаттаналы, Мактайлы Аны, анткени Үйлөнүү тою Козунун Башталайын деп калды. Колуктусу камданды.

8 Кийгизилди үстүнө Жаркыраган, таптаза Ак шайыдан көйнөгү. (Ак шайы ыйыктардын адил иштерин билдирет.)

9 Анан периште мага: — Жаз, Козунун үйлөнүү тоюна чакырылгандар бактылуу! — деди да, дагы мындай деп кошумчалады: — Бул сөздөр Кудайдын чыныгы сөздөрү.

10 Ушул жерден мен ага табынып, бутуна жыгылдым. Бирок ал мага: — Мындай кылба! Мен деле Ыйса айткан чындыкты ырастап жүргөн өзүң менен, боордошторуң менен кызмат кылып жүрөм. Кудайга табын! Анткени Ыйса айткан чындыкка пайгамбардык дем менен айтылган сөз туура келет, — деди.

11 Мен көк ачылып, алдымда турган ак боз атты көрдүм. Ишенимдүү жана Чындык деп аталган Бирөө аны минип алыптыр. Ал калыстык менен сот жүргүзүп, адилеттик үчүн согушат экен.

12 Көздөрү оттой жалтылдап, башына көптөгөн кичинекей таажыларды кийип алыптыр. Денесинде өзүнөн башка эч ким билбеген ысмы жазылуу экен.

13 Канга чыланган чапан кийген Анын аты — Кудай Сөзү.

14 Таптаза ак шайы кийимчен, ак боз атчан асман аскерлери Анын артынан ээрчип жүрүштү.

15 Оозунан элдерди кыйратуу үчүн колдоно турган курч кылыч чыкты. Ал элдердин үстүнөн темирдей катуу бийлик орнотот. Жүзүмдү тебелегенде ширеси агып чыккан сыяктуу, Ал кудуреттүү Кудайдын ачуусу менен каарынын шарабын алардын үстүнө төгөт.

16 Чапанынын санын жапкан тушунда мындай деген ат жазылган: «Падышалардын Падышасы, эгедерлердин Эгедери».

17 Анан мен күндө турган бир периштени көрдүм. Ал асманда бийик учуп бараткан канаттуулардын баарына катуу үн менен: — Келгиле, Кудайдын чоң тоюна чогулгула.

18 Падышалар менен аскербашылардын, алдуулардын, аттар менен чабандестердин жана да бардык адамдардын: кул эместер менен кулдардын, атактуулар менен карапайымдардын этинен жегенге келгиле, — деп кыйкырды.

19 Анан мен баягы жырткычтын жана жер бетиндеги падышалар менен алардын аскерлеринин Ак боз атчан менен Анын аскерлерине каршы согуш ачууга чогулушканын көрдүм.

20 Бирок жырткыч кармалып, аны менен кошо анын алдында укмуштай белгилерди көрсөтүп жаткан жалган пайгамбар да колго түштү. Ал ушул укмуштары менен жырткычтын белгисин кабыл алгандарды жана анын эстелигине табынгандарды азгырып-алдаган эле. Экөө тең күйүп жаткан күкүрт көлгө тирүүлөй ыргытылды.

21 Калган аскерлери атчандын оозунан чыккан кылычтан кырылышты жана канаттуулардын баары алардын этин жеп, абдан тоюнушту.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22