Аян 5 Бөлүм
1 Анан такта Олтургандын оң колунан ичине да, сыртынан да жазылган жана жети мөөр басылган бир түрмөктү көрдүм.
2 Анан: — Мөөрлөрүн сындырып, түрмөктү ачууга ким татыктуу? — деп катуу үн менен жар салып жаткан кубаттуу бир периштени көрдүм.
3 Бирок асмандан да, жерден да, жердин алдынан да эч ким аны ачып, ичин карай албады.
4 Мен боздоп ыйладым, анткени түрмөктү ачканга же анын ичин караганга татыктуу эч ким табылбады.
5 Ошондо аксакалдардын бири мага: — Ыйлаба! Тигине, Жүйүт уруусунан чыккан арстан, Дөөттүн тукуму жеңип чыкты. Ошондуктан Ал түрмөктү жана анын жети мөөрүн ача алат, — деди.
6 Анан мен тактынын жанынан, төрт жаныбар менен аксакалдар тегеректеп курчаган, адамдар союп салгандай көрүнгөн бир Козуну көрдүм. Анын жети мүйүзү, жети көзү бар эле. (Анын жети көзү — бүт жер жүзүнө жиберилген Кудайдын жети руху.)
7 Ал келди да тактыда Олтургандын оң колундагы түрмөктү алды.
8 Алганда төрт жаныбар менен жыйырма төрт аксакал Козунун алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. Баарынын колунда арфа менен жыпар жыттуу заттарга толтурулган алтын идиш бар эле. (Алтын идиштерге толтурулган жыпар жыттуу заттар — бул ыйыктардын сыйынуулары.)
9 Төрт жаныбар менен жыйырма төрт аксакал: — Алып ушул түрмөктү, Сен андагы мөөрлөрдү Сындырганга татыйсың. Анткени Сен союлуп, Ар уруудан, ар тилден, Ар бир элден, улуттан Адамдарды Кудайга Сатып бердиң кан менен.
10 Ыйык кызмат кылсын деп Кудайыбызга алар, Сен алардан курадың Жаңы падышачылык. Жер бетинде ошолор Эми бийлик жүргүзөт, — деп жаңы ыр ырдап жатышты.
11 Мен дагы карадым да, саны жүз миңден ашкан көп периштелердин үнүн уктум. Алар тактыны, жаныбарларды жана аксакалдарды тегеректеп:
12 — Жараткандын Козусу, Курмандыкка чалынган, Кудурет менен байлыкты, Акылмандык, кубатты, Алкыш-даңкты, урматты Алганга Ал татыктуу! — деп катуу кыйкырып жатышты.
13 Анан асмандагы, жердин үстүндөгү жана астындагы, деңиз үстүндөгү — бүтүн дүйнөдөгү жаныбарлардын баары: — Хан тактыда олтурган Кудайга жана Козуга Түбөлүк болсун алкыш-даңк, Урмат жана кудурет! — деп кыйкырып жатышканын уктум.
14 Төрт жаныбар «Оомийин» дегенде, аксакалдар жүзтөмөндөп жыгылып, табынышты.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22