меню

Аян 14 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мындан кийин Сион тоосунда турган баягы Козуну көрдүм. Жанында чекелерине Козунун жана Анын Атасынын аты жазылган жүз кырк төрт миң киши туруптур.

2 Ошондо асмандан деңиздин күүлдөгөнүндөй, күндүн күркүрөгөнүндөй үн угулду. Бул үн көптөгөн арфачылар арфада ойноп жаткандай эле.

3 Алар тактынын, төрт жаныбардын жана аксакалдардын алдында жаңы ыр ырдашты. Ал ырды куну төлөнүп, дүйнөдөгүлөрдүн арасынан куткарылып алынган жүз кырк төрт миң кишиден башка эч ким үйрөнө албады.

4 Булар өзүлөрүн аялдар менен булгабай, пакиза бойдон калган адамдар. Козу кайда барса, артынан баргандар. Булар адамдардын арасынан куткарылып, алгачкы түшүм катарында Кудайга жана Козуга тартуулангандар.

5 Булардын сөзүнөн калп табылбады, себеп дегенде булар эч кынтыксыз адамдар.

6 Анан мен асмандын кап ортосун жара бөлүп учуп бара жаткан бир периштени көрдүм. Ал жер бетинде жашаган ар кандай улуттардын, уруулардын, элдердин жана ар тилде сүйлөгөндөрдүн баарына жарыялай турган түбөлүктүү Жакшы Кабарды алып учуп баратты.

7 Ал катуу үн менен: — Кудайдан корккула жана Аны даңктагыла! Анын сурак сааты келди. Асман-жерди, деңизди жана суу башаттарын жараткан Кудайга табынгыла! — деп кыйкырып баратты.

8 Анын артынан бараткан экинчи периште: — Кыйрады! Улуу Бабыл кыйрады! Ал чектен ашкан бузукулугун шарап сыяктуу бардык калктарга ичирди! — деди.

9 Анын артынан бараткан үчүнчү периште болсо: — Кимде ким жырткыч менен анын эстелигине табынса, чекесине же колуна анын белгисин кабыл алса,

10 анда ал Кудайдын каар чөйчөгүндө даярдалган, Анын жаалынын ачуу шарабын ичет. Алоолонгон күкүрттүн ичине салынып, ыйык периштелер менен Козунун алдында азап тартат.

11 Алардын тарткан азабынан чыккан түтүн түбөлүктөн түбөлүккө өчпөйт. Жырткыч менен анын эстелигине табынгандарга жана анын атынын белгисин кабыл алгандарга күнү-түнү тыным болбойт! — деп кыйкырып баратты.

12 Бул Кудайдын осуяттарын аткарып, Ыйсага ишенимдүү бойдон калган ыйыктар үчүн чоң чыдамкайлык керек дегенди билдирет.

13 Анан мен асмандан бирөөнүн: — Жаз! Мындан ары Эгебиз менен тыгыз мамиледе жүрүп көз жумгандар бактылуу! — дегенин уктум. — Ооба, — дейт Ыйык Рух, — алар тарткан мээнеттеринен эс алышат, анткени алардын жакшы иштери аркасынан барат.

14 Анан аппак булутту көрдүм. Булуттун үстүндө алтын таажы кийип, колуна курч орок кармап, Адам Уулуна[11]окшогон бирөө олтуруптур.

15 Анан асмандагы ийбадатканадан башка бир периште чыга келди да, булутта Олтурганга катуу үн менен кайрылып: — Орогуңду ал да ор, анткени оруу-жыюу маалы келип, жер бетиндеги түшүм бышып жетилди, — деди.

16 Анан булуттун үстүндө Олтурган оруш үчүн барды эле, жердеги түшүм орулуп калды.

17 Асмандагы ийбадатканадан дагы бир периште чыкты. Анын да колунда курч орогу бар экен.

18 Оттун үстүнөн бийлиги бар дагы бир башка периште курмандык жайдан чыга келди да, курч орогу барга: — Курч орогуңду жер жүзүнө шилтеп, жүзүм шиңгилдерин оруп чогулткун, анткени алар бышып калды, — деди үнүн катуу чыгарып.

19 Периште орогун шилтеп, жердеги жүзүм шиңгилдерин чогултту да, аларды Кудайдын каарынын зор жүзүм сыккычына ыргытты.

20 Жүзүм шиңгилдери шаардын сыртында тепсендиде калышты, жүзүм сыккычтан кан агып чыгып, тереңдиги аттын жүгөнүнө чейин жетип, үч жүз чакырым жерди каптады.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22