меню

Аян 4 Бөлүм


1 Ушул окуялардан кийин көктө бир эшик ачылып турганын көрдүм. Анан сурнайдын үнү сыяктуу мен алгач уккан үнмага: — Бери чык, бул окуялардан кийин эмнелер болушу керек экенин Мен сага көрсөтөм, — деди.

2 Ошол замат менин бүт дүйнөмдү Рух бийлеп алды. Анан асманда турган бир тактыны жана анда олтурган бирөөнү көрдүм.

3 Тактыда отурган яспис менен карнелийдей жаркырап, үстүнөн зумуруттай болгон бир асан-үсөн жылтылдап, курчап турду.

4 Тактынын айланасында жыйырма төрт такты бар экен. Аларда аппак кийим, баштарына алтын таажы кийип алышкан жыйырма төрт аксакал отурушуптур.

5 Тактыдан чагылгандар чартылдап, күндүн күркүрөгөнү угулуп турду. Тактынын алдында жети шамана жаркырап күйүп турду.

6 Ошондой эле тактынын алдынан мөлтүр таштай таза, айнектей тунук көлдү көрдүм. Ортодо, тактынын айланасында, аркасы да, алды да жыбыраган көздөргө толгон төрт жаныбар турду.

7 Биринчи жаныбар арстанга, экинчиси өгүзгө окшош, үчүнчүсүнүн бети адамдыкындай, төртүнчүсү болсо учуп бараткан бүркүт сыяктуу экен.

8 Төртөөнүн тең алтыдан канаты болуп, дене бойлору толгон көздөр эле. Алар күнү-түнү тынбастан: — Мурда дагы бар болгон, Азыр дагы бар болуп, Боло турган түбөлүк Кудуреттүү Кудай Эге, Ыйык, ыйык, ыйык Ал, — деп жатышты.

9 Жаныбарлар такта Олтурганга жана түбөлүктөн түбөлүккө Жашоочуга алкыш-даңк айтып, урмат көрсөткөн сайын,

10 жыйырма төрт аксакал ошол такта Олтургандын алдына чөк түшүп, түбөлүктөн түбөлүккө Жашоочуга таазим этип жатышты. Алар таажыларын тактынын алдына коюп:

11 — Кудайыбыз, Эгебиз, Бийлик-күчтү алганга, Атак-даңк жана урмат-сый Көргөнгө Сен татыйсың! Анткени бүт бардыгын Сен жараттың, бардыгы Каалооң менен жашайт да Эркиң менен жаралган, — деп жатышты.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22