меню

Аян 11 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мага таяк сыяктуу өлчөгүч берилди да: — Тур да, Кудайдын ийбадатканасы менен курмандык жайды өлчөп, анда ийбадат кылып жаткандардын эсебин алып кел.

2 Бирок ийбадаткананын сырткы короосун эсептен чыгарып сал, аны өлчөбө. Анткени ал башка улуттагыларга берилген, алар ыйык шаарды үч жарым жылдай тебелеп-тепсешет.

3 Анан мен эки күбөмдү дайындайм, алар азалуу кара кийим кийип, бир миң эки жүз алтымыш күн пайгамбарчылык кылышат, — деген сөз айтылды.

4 Жер жүзүнүн Эгесинин алдында турган эки зайтун дарагы менен эки шамдал — ушулар.

5 Кимде ким күбөлөрүнө зыян кылам десе, алардын оозунан от чыгып, касташкандарын жалмап таштайт. Күбөлөрүнө зыян келтирем деген ар бир адам ушундайча өлтүрүлөт.

6 Пайгамбарчылык кылып жаткан мезгилде тып эткен тамчы тамбагандай кылып, асманды жаап сала алышат. Сууну канга айландырууга, каалаган кезде жер бетине ар кандай ооруларды каптатууга кудуреттери жетет.

7 Кудайдын кабарын айтып бүтүшкөндө, түпсүз туңгуюктан чыгуучу жырткыч келип, аларга сокку уруп, жеңип, өлтүрөт.

8 Алардын өлүгү өтмө маанисинде «Содом» же «Мисир» деп аталган улуу шаардын ортосунда жатат. Алардын Эгеси да ошол шаарда айкаш жыгачка кадалган.

9 Ар кандай элдердин, уруулардын, улуттардын жана ар тилдерде сүйлөгөндөрдүн баарынан чыккан адамдар үч жарым күн бою алардын сөөгүн карап, көргө койдурбай коюшат.

10 Жер бетинде жашагандар алардын өлгөнүнө кубанып, шаттанышат, бири бирине белек жөнөтүшөт, анткени бул эки пайгамбар аларды абдан кыйнап жиберген.

11 Бирок үч жарым күндөн кийин аларга Кудайдын деми кирип, бутуна турушат. Көргөндөрдүн жүрөгү түшөт.

12 Анан алар асмандан: «Бери чыгып келгиле!» — деген катуу үндү угушат да, душмандарынын көз алдында булуттун кучагында асманга чыгып кетишет.

13 Ошол замат катуу жер титирөө болуп, шаардын ондон бири кыйрап калат. Жети миңдей адам өлүп, аман калгандарын коркунуч каптап, көктүн Кудайын даңкташат.

14 Ошентип, экинчи кайгы өтүп кетти, эми жакынкы аралыкта үчүнчүсү келиш керек.

15 Жетинчи периште сурнайын тартып жибергенде, асмандан: — Бул дүйнөнүн бийлиги Өттү эми колуна Эгебиздин жана да Анын Машаягынын. Эми Ал түбөлүккө Өз өкүмүн жүргүзөт! — деген катуу үндөр чыкты.

16 Анан Кудайдын маңдайындагы тактыларда олтурушкан жыйырма төрт аксакал жүзтөмөндөп жыгылышып, Кудайга табынышты.

17 Алар: — Бар болгон азыр дагы, мурда дагы, Кудуреттүү Кудай Эге! Рахмат Сага! Сен улуу кудуретиңди колго алып, Баштадың падышалык бийлигиңди.

18 Башка элдер кыжырланып, Сен каардандың. Өлгөндөрдү соттой турган мезгил жетти. Пайгамбар, кулдарың да, ыйык эли?, Атыңды кастарлаган ар бир адам, Атактуу, карапайым — бүт бардыгы Тиешесин ала турган мезгил келди. Жериңди куруткандар эми өздөрү Колуңдан апат болор убак келди, — дешти.

19 Анан асмандагы Кудайдын ийбадатканасы ачылды да, ичинен Кудайдын келишим сандыгы көрүндү. Ошондо чагылгандар чартылдап, күн күркүрөп, жер титиреп, катуу добул жүрдү.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22