Аян 2 Бөлүм
1 Эфестеги жыйындын периштесине жаз: «Оң колуна жети жылдызды кармап, жети алтын шамдалдын ортосунда басып жүргөн мындай дейт:
2 Мен иштериңди билем: сен мээнет кылдың, көтөрүмдүү болдуң, жаман адамдар менен келише албадың, элчи болбой туруп, өздөрүн элчи аташкандарды сынап көрүп, калпын чыгардың.
3 Мен үчүн көп кыйынчылыктарды башыңан кечирип, чыдадың, чаалыкпадың.
4 Бирок сага бир жерден каршымын: сен алгачкы сүйүүңдү таштадың.
5 Ошондуктан каерден жыгылганыңды эсте! Ниетиңди өзгөрткүн да, баштагы иштериңди жаса. Эгер ниетиңди өзгөртпөсөң, анда келем да шамдалыңды ордунан жылдырып таштайм.
6 Канткен менен сенин дагы бир жакшы жагың бар — ал николаиттердин иштерин жек көргөнүң. Алардын иштерин мен да жек көрөм.
7 Кимдин кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңип чыкканга Кудайдын бейишиндеги дарактын түбөлүк өмүр берүүчү жемишинен жегенге уруксат берем».
8 Смирнадагы жыйындын периштесине жаз: «Биринчи жана Акыркы, Өлгөн жана кайра Тирилген мындай дейт:
9 Мен сенин тарткан азап-кайгыңды, жакырлыгыңды (анткен менен сен чыныгы байлыкка ээсиң) жана өздөрүн "биз Кудай тандап алган элбиз" деп атагандардын жаман сөздөрүн угуп кордук тартканыңды билем. Бирок алар андай эмей эле, шайтанга караштуу топтун мүчөлөрү.
10 Жакында башыңа келе турган азаптан эч коркпо. Айтып коёюн: силерди сынап көрүү үчүн араңардан бир нечеңерди ибилис түрмөгө отургузуп, он күндөй кайгы тарттырат. Өлүм алдында турсаң да ишенимиңди бекем тут, ошондо мен сага түбөлүктүү өмүрдү сыйлык кылып берем.
11 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңип чыккан экинчи өлүмдөн залал тартпайт».
12 Пергамдагы жыйындын периштесине жаз: «Эки миздүү курч кылычы бар мындай дейт:
13 Мен сенин каерде жашап жатканыңды билем. Сен жашап жаткан жайда шайтандын тактысы бар. Ошондой болсо да, сен мага бекем ишенесиң. Мага деген ишенимиңден баш тартпадың, атүгүл силердин араңарда, шайтан жүргөн жерде, менин ишенимдүү кабарчым Антипа өлтүрүлгөн күндөрдө да ишенимдүү бойдон кала бердиң.
14 Бирок ошентсе да мен сага бир аз каршымын, анткени сенде Балаамдынокуусун карманган адамдар бар. Балаам Балакты Ысрайыл элин күнөөгө азгырууга: аларды буркандарга чалынган курмандыкты жеп, бузукулук кылууга үйрөткөн.
15 Ошондой эле сенде николаиттердин окуусун кармангандар да бар.
16 Андыктан ниетиңерди өзгөрткүлө, эмесе жакында барып, ошол күнөөкөрлөргө каршы оозумдагы кылычым менен салгылашам.
17 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңүүчүгө катылган маннадан берем. Ошондой эле Мен ага бетине жаңы ысым жазылган бир ак таш берем. Андагы жазылган ысымды алган адамдан башка эч ким билбейт».
18 Тиатирадагы жыйындын периштесине жаз: «Көздөрү алоолонгон оттой, буттары жалтыраган жездей болгон Кудайдын Уулу мындай дейт:
19 Сенин иштериң, сүйүүң, ишенимиң, кызматың жана чыдамкайлыгың Мага белгилүү. Алгачкы кездегиге караганда, азыр көбүрөөк иш кылып жатканыңды да билем.
20 Бирок Менин сага бир нааразы болгон жерим бар: өзүн пайгамбар атаган Изебел деген аялдын башкаларга таалим беришине жол берип жатасың. Ал кулдарымды бузукулук кылганга жана буркандарга курмандыкка чалынган тамакты жегенге азгырууда.
21 Ага бузукулук ниетин өзгөртүүгө убакыт берген элем, бирок ал антүүнү каалабады.
22 Эми мына, Мен аны оору менен жазалап, төшөккө жаткырам. Кылган иштерине өкүнүп, ниеттерин өзгөртмөйүн, Мен аны менен бирге бузукулукка баткандарды чоң азапка салам.
23 Балдарына ажал жиберем. Ошондо жыйындардын баары адамдардын ичиндеги ойлору менен жүрөк түпкүрүндөгү сырлары Мага белгилүү экенин билишет. Ошондой эле ар бириңер кылган ишиңерге жараша тиешелүү жазаңарды аласыңар.
24-25 Бирок силер, Тиатирадагы башка ишенүүчүлөр, Изебелдин тескери окуусун кабыл алган жоксуңар. Анын жолун жолдоочулары "шайтан ачып берген терең чындыктар" деп атаган окууга аралашпадыңар. Мен кайра келгиче, Мага болгон бекем ишенимиңерден кайтпагыла дегенден башка силерге оор милдет жүктөбөйм.
26-28 Жеңип чыкканга жана Менин тилегимди аягына чейин аткарганга бардык элдерди башкаруу үчүн Атам Мага бергендей кудурет берем. Ал алардын үстүнөн карападай быркыратчу, темирдей катуу бийлик орнотот. Ошондой эле жеңүүчүгө таңкы жылдызды берем.
29 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22