меню

Аян 15 Бөлүм


1 Анан асмандан дагы бир улуу жана укмуш нерсени көрдүм: акыркы жети кырсыкты кармап жети периште туруптур. (Акыркы дегенимдин себеби, ушуну менен Кудайдын каары аягына чыкмакчы.)

2 Андан кийин от аралашкандай болуп көрүнгөн айнек деңизди көрдүм. Ошол айнек деңиздин жээгинде Кудайдан алган арфаларын кармап, жырткычты, анын эстелигин жана атынын санын жеңгендер

3 Кудайдын кулу Мусанын жана Козунун ырын ырдап турушту: — О, кудуреттүү биздин Кудай Эгебиз, Кандай улуу, кандай укмуш иштериң! О, элдердин Падышасы! Чынында Адилеттүү, акыйкаттуу жолдоруң!

4 О, Эгебиз, барбы Сенден коркпогон? Барбы Сенин даңктабаган ысмыңды? Анткени Сен жалгыз Өзүң ыйыксың! Айкын болду Сенин адил иштериң. Эми бардык элдер келип алдыңа, Жүзтөмөндөп, табынышат бардыгы.

5 Ушундан соң, мен асмандагы касиеттүү чатырдын эң ыйык жери ачылганын көрдүм.

6 Таптаза, жалтылдаган зыгыр кездемеден кийим кийинип, алтын кемер курчанган жети периште жети кырсыкты көтөрүп, ошол эң ыйык жерден чыкты.

7 Ошондо төрт жаныбардын бирөөсү аларга түбөлүктөн түбөлүккө жашаган Кудайдын каары толгон жети алтын идиш берди.

8 Эң ыйык жердин ичи Кудайдын улуулугу менен кудуретинен чыккан түтүнгө толуп чыкты. Жети периштенин жети кырсыгы бүткөнчө, эң ыйык жерге эч ким кире албады.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22