Аюб | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Аюб 10 Бөлүм

тез өтүү:

1 «Жашоодон жададым. Арыз-муңумду төгөм. Жанымдын кыйналганынан сүйлөйм.

2 Кудайга мындай деп айтам: “Айыптабачы мени. Айтчы мага, эмне үчүн мени менен күрөшүп жатасың?

3 Өз колуң менен жаратканыңды кыйнаганың, аны жек көргөнүң, ал эми мыйзамсыздардын ишине жарык бергениң Сен үчүн жакшыбы?

4 Көзүң адамдыкындай көзбү? Сен адам карагандай карайсыңбы?

5 Өмүрүң адамдын өмүрүндөйбү, жашың эркек кишинин жашындайбы?

6 Эмнеге менден айып издеп жатасың? Эмнеге менин күнөөмдү изилдеп жатасың?

7 Менин мыйзамсыз эмес экенимди, Сенин колуңдан мени эч ким куткара албастыгын билесиң да.

8 Мени Өз колуң менен жасадың эле, мени бүт бойдон Өзүң жараттың эле, эми мени Өзүң жок кыласыңбы?

9 Эстечи, Сен мени топурактан жасабадың беле? Эми мени күлгө айлантканы турасыңбы?

10 Мени сүт сыяктуу куюп, быштак сыяктуу уюткан Сен эмес белең?

11 Мага тери менен эт чаптап, мени сөөк жана тарамыш менен бекиткенсиң.

12 Мага өмүр жана ырайым бербедиң беле, менин рухумду Сенин камкордугуң сактабады беле?

13 Бирок муну да Сен Өз жүрөгүңө жашырып койдуң, Сенин оюңда бул бар экенин билем,

14 эгерде мен күнөө кылсам, Сен байкап каласың, күнөөмдү жазасыз калтырбайсың.

15 Эгерде мен айыптуу болсом, мага кайгы! Ак болгон күндө да, башымды көтөргөнгө батына албайм. Мен кордукка тойдум, менин кыйынчылыгыма көңүл бур.

16 Азабым арбып баратат. Сен менин артымдан арстандай кубалап келип, мага кайрадан кол саласың, кудуретиңди көрсөтөсүң.

17 Мага каршы улам жаңы күбөлөрүңдү коюп жатасың. Каарыңды күчөтүп жатасың. Мени кырсык үстүнөн кырсык басып жатат.

18 Сен мени эмнеге энемдин ичинен алып чыктың? Көз көрө электе эле өлүп калганым артык эмес беле?

19 Мен жарык дүйнөгө келбей эле койсом эмне, энемдин ичинен чыкканда эле көргө коюлсам эмне!

20 Менин өмүрүм кыска эмеспи? Мени жайыма кой, менден четтеп кет.

21 Караңгылык менен өлүм сөлөкөтү өкүм сүргөн өлкөгө келбес болуп кеткенге чейин,

22 баш аламан, жарыгы да караңгы, караңгылыгы өлүм сөлөкөтүнүн караңгылыгындай болгон караңгы өлкөгө кеткенге чейин, бир аз көңүлүмдү көтөрүп алайын».