- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
1 Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти алар менен кошо шайтан да келди.
2 Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.
3 Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам. Ал ушуга чейин өзүнүн кемчиликсиздигинде бек турат. Сен болсо аны жазыксыз жерден өлтүрүш үчүн, Мени ага каршы тукурдуң», – деп айтты.
4 Шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет.
5 Бирок Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?»
6 Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, ал сенин колуңда, бирок анын жанына тийбе», – деп айтты.
7 Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетип, Аюбдун таманынан төбөсүнө чейин өтө оор пес оорусун каптатты.
8 Ал денесиндеги пес оорусун кырып салыш үчүн, карапа сыныгын алып, күлгө отурду.
9 Ошондо ага аялы: «Сен дагы эле өзүңдүн кемчиликсиздигиңди бекем кармап турасыңбы? Кудайга акарат келтир да, өл», – деди.
10 Бирок ал аялына: «Сен акылсыз аялдай сүйлөп жатасың. Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?» – деди. Ушунун баарына карабай, Аюб тили менен күнөөгө баткан жок.
11 Аюбдун үч досу: теймандык Элипаз, шухтук Билдат жана наамалык Сопар анын башына түшкөн бул кыйынчылыктардын баарын угуп, ар бири өз жеринен келишти. Алар анын кайгысын бөлүшүш үчүн, аны сооротуш үчүн чогулушту.
12 Алар Аюбду алыстан көргөндө, таанышкан жок. Жакындаганда өкүрүп-бакырып, боздоп ыйлашты, ар бири өз кийимин айрып, башынан өйдө топурак чачышты.
13 Алар жети күн, жети түн аны менен бирге жерде отурушту. Эч кимиси бир ооз сөз сүйлөгөн жок, анткени анын кайгысы өтө оор экенин көрүштү.