- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Туура! Ушундай экенин билем. Бирок адам Кудайдын алдында кантип актана алат?
3 Эгерде адам Кудай менен талашып-тартышкысы келсе, адам Анын миң суроосунун бирине да жооп бере албайт.
4 Кудай терең акылдуу, күчү зор. Ким Ага каршы чыгып, аман калды?
5 Тоолорду жылдырат, алар таанылбай калат. Каары кайнаганда, аларды өзгөртүп салат.
6 Ал жерди ордунан козгогондо, анын түркүктөрү солкулдайт.
7 Күнгө буйрук берсе, күн чыкпай калат, жылдыздарды жашырып коёт.
8 Жалгыз Өзү асманды жайып, деңиз толкундарынын үстүндө жүрөт.
9 Аш, Кесил, Ким топ жылдыздарын жана түштүктөгү жылдыздарды Ал жараткан.
10 Ал укмуштуу, улуу, изилдегис, сансыз кереметтерди жаратат!
11 Ал менин бет алдыман өткөндө, мен Аны көрө албайм. Жаныман өткөндө, мен Аны байкай албайм.
12 Алып кетсе, ким Ага каршы сөз айта алат? “Сен эмне кылып жатасың?” – деп, Ага ким айта алат?
13 Кудай Өз каарын төкпөй койбойт. Анын алдында Рахаптын жардамчылары баш иет.
14 Андан бетер, мен Ага жооп бере аламбы, Анын алдында мен сөз таба аламбы?
15 Меники туура болгон күндө да, жооп бербейм, Өкүмдардын алдында ырайым гана сурайм.
16 Мен Аны чакырганда, Ал мага жооп берсе да, Ал менин үнүмдү укканына ишенбес элем.
17 Ал алай-дүлөй бороондо мага сокку урат, жазыксыз жерден жаратымды ырбатат,
18 жанымды жай алдырбайт, азапка малат.
19 Күчкө салайын десем, Ал эбегейсиз күчтүү. Соттошоюн десем, Аны менен мени ким беттештирет?
20 Эгерде мен актана турган болсом, өз тилим эле мени айыпка жыгат. Мен айыпсыз болгон күндө да, Ал мени айыптуу деп табат.
21 Айыпсызмын мен. Жашагым келбейт, өмүрүмдү жек көрөм!
22 Баары бир. Ошондон улам мен: “Ал айыпсызды да, айыптууну да өлтүрөт”, – деп айттым.
23 Эгерде Ал айыптууну күтпөгөн жерден өлтүрүп жатса, анда айыпсыздын кыйналганына күлөт.
24 Жер мыйзамсыздардын колуна берилген. Анын сотторунун жүздөрүн Ал чүмбөттөп койгон. Эгерде Ал болбосо, анда ким?
25 Менин өмүрүм чабармандан да тез чуркап, жакшылык көрбөстөн качып бара жатат.
26 Ал камыш кайыктын жүрүшүндөй, жемине шукшурулуп келе жаткан бүркүттөй сызып бара жатат.
27 Мен: “Муң-зарымды унутуп, түнөргөн жүзүмдү өзгөртүп, көңүлүмдү көтөрөйүн”, – десем да,
28 азап тартып калтырап турам, Сен мени жазыксыз деп жарыялабастыгыңды билем.
29 Эгерде мен айыптуу болсом, анда эмне үчүн бекер эле кыйналып жатам?
30 Мен аппак кардын суусуна жуунсам да, колдорумду таптаза кылып тазаласам да,
31 Сен мени баткакка батырасың, кийген кийимим менден жийиркенет.
32 Анткени мен Ага жооп бере тургандай, Аны менен бирге сотко баргыдай, Ал мен сыяктуу адам эмес.
33 Экөөбүздүн ийнибизге колдорун коюп, жараштыра турган ортобузда арачы жок.
34 Ал менден таягын тартсын, коркунучу үрөйүмдү учурбасын.
35 Ошондо мен сүйлөм, Андан коркпойм, анткени мен андай эмесмин.