1 Шухтук Билдат мындай жооп айтты:
2 «Зор бийлик да, коркунуч да Анын колунда! Ал Өзүнүн бийиктиктеринде тынчтык жаратат!
3 Анын асман кошуундарына сан жетеби? Анын жарыгы кимге тийбейт?
4 Анан кантип адам Кудайдын алдында адилет боло алсын? Анан кантип аялдан туулгандар таза болсун?
5 Анын көз алдында, атүгүл, ай да жарык эмес, жылдыздар да таза эмес.
6 Адам эмне болуп калыптыр, ал – бар болгону курт, адам баласы эмне болуп калыптыр, ал – бар болгону күбө!»