Аюб | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Аюб 30 Бөлүм

тез өтүү:

1 Азыр болсо мени өзүмдөн кичүүлөр шылдың кылып жатышат, мен алардын аталарын койлорумду кайтарган иттеримдин жанына да жаткырганга макул болбойт элем.

2 Алардын күчтүү колунун мага эмне кереги бар? Алардын убагы өтүп кеткен.

3 Жакырчылык менен ачарчылыктан алсырагандар суусуз, түнөргөн, ээн калган талаада каңгып жүрүшөт.

4 Тикенектин түбүнөн майда чөп терип жешет, тикенектүү бадалдын мөмөсү – алардын тамагы.

5 Аларды эл ичинен кубалап, ууруга кыйкыргандай кыйкырышат.

6 Ошондуктан аларга сай-сайдын жарларында, капчыгай боорлорунда, аска-зоолордун коңулдарында жашоого туура келет.

7 Алар тикенектин арасында ыйлашат, бадалдын түбүнө корголошот.

8 Алар – четке кагылган адамдар, атсыз-нарксыз адамдар, жер жүзүнүн таштандылары!

9 Азыр мен ошолордун ырдар ыры болдум, оозунан түшпөгөн сөзү болдум.

10 Алар мени жек көрүшөт, менден качышат, менин бетиме түкүрүүдөн тартынышпайт.

11 Теңир менин жаамдын жибин үзүп, мени талкалады, ошон үчүн алар менин көз алдымда өздөрүнүн ооздорундагы ооздукту алып салышты.

12 Бул жер жайнаган эл менин оң капталыман чыгып, мени буттан чалып жатат, өздөрүнүн кыйратуучу жолдорун мени көздөй буруп жатышат.

13 Менин жолумду болсо бузушту, жардамчысыз эле менин өлүмүм үчүн бардыгын камдоого үлгүрүштү.

14 Алар мага чоң тешиктен түшкөнсүп түшүп келишти, чуру-чуу менен мага кол салышты.

15 Өтө жаман коркунучтар мага бет алды. Менин кадыр-баркым шамалдай учуп кетти, бак-таалайым булуттай тарап кетти.

16 Азыр болсо ичимдеги жаным кыйналып жатат: мени кайгылуу күндөр курчады.

17 Түнкүсүн сай-сөөгүм сыздайт, тарамыштарымдын тынчы кетти.

18 Үстүмдөгү кийимим өтө кыйынчылык менен чечилет, көйнөгүмдүн жакасы кысып турат.

19 Ал мени ылайга таштады, мен күл менен топуракка окшоп калдым.

20 Мен Сенден жардам сурап жатам, бирок Сен мага жооп бербейсиң, Сенин алдыңда турам, бирок Сен мага көңүл бурбайсың.

21 Сен мага ырайымсыз болуп калдың, кубаттуу колуң менен мага каршы чыгып жатасың.

22 Сен мени көтөрүп, катуу шамал менен кошо учуруп жатасың, бороон менен көтөрүп чаап жатасың.

23 Ошондуктан мен билем, Сен мени өлүмгө дуушар кылып, бардык жашоочулар чогула турган жайга алып барасың.

24 Урандылардын астында калган адам жардам сурап колун сунбай коймок беле? Башына кырсык түшкөн адам кыйкырбай коймок беле?

25 Мен башына мүшкүл түшкөндөрдү көрүп, ыйлаган жок белем? Жардыларды көрүп, жаным кыйналган жок беле?

26 Мен жакшылыкты эңсеп турганда, жамандык келди, жарыкты күтүп турганда, караңгылык келди.

27 Менин ичим кайнап жатат, басылбайт, мен кайгылуу күнгө туш келдим.

28 Мен капкара болуп басып жүрөм, бирок бул күндөн эмес. Эл арасында туруп, жардам сурап кыйкырып жатам.

29 Мен чөөлөрдүн бир тууганы болуп калдым, төө куштардын досу болуп калдым.

30 Менин терим карарып кетти, сөөктөрүм ысыктан куйкаланды.

31 Лирамдын үнү кайгылуу чыгып калды, сыбызгымдын үнү ыйга окшоп калды.