Аюб | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Аюб 7 Бөлүм

тез өтүү:

1 Адамдын жердеги жашоо мөөнөтү белгиленген эмеспи? Анын күндөрү жалчынын күндөрүндөй эле эмеспи?

2 Кул көлөкөнү эңсегендей, жалчы жумушунун бүтүшүн күткөндөй,

3 менин энчиме түйшүктүү айлар тийди, мага кайгылуу түндөр эсептелип берилди.

4 Жатарымда: “Качан таң атат?” – дейм, бирок түн созула берет, мен таң аткыча кыйналып оодарыла берем.

5 Денемди курт каптап, карттанып, терилерим жарылып, ириңдеп жатат.

6 Менин күндөрүм чыгырыктан тез айланып, үмүтсүз өтүп жатат.

7 Менин өмүрүм жел экенин, көздөрүм кайра жакшылык көрбөстүгүн эсиңден чыгарба.

8 Мени көргөн көз эми мени көрбөйт. Сен мени бир караганда эле мен жок болом.

9 Булут суюлуп, тарап кетет. Ошондой эле өлгөндөрдүн жайына түшкөн адам кайра чыкпайт,

10 ал өз үйүнө кайтып келбейт, анын турган жери аны билбей калат.

11 Мен тилимди ошондуктан тыйбайм: рухум кыйналганынам улам сүйлөп жатам, жан-дүйнөм жабыр тартканынан улам даттанып жатам.

12 Сен мага сакчы койгудай, мен деңиз белем же деңизде жашаган коркунучтуу жаныбар белем?

13 “Төшөгүм сооротот, жаткан жерим кайгы-капамды таратат”, – деп ойлоп жатканымда,

14 Сен мени түштөр менен коркутасың, көрүнүштөр менен үрөйүмдү учурасың.

15 Ошондо менин жаным сөөктөрүм калгандан көрө, дем алуумдун токтошун, өлүмдү артык көрөт.

16 Жашоодон жададым. Түбөлүк жашамак белем. Мени өз жайыма кой, анткени менин күндөрүм курулай убаракерчилик.

17 Сен ушунчалык баалагыдай, көңүл бургудай, адам баласы ким?

18 Ага ар таңда келип турасың, көз ирмем сайын аны сынап турасың.

19 Сен качан менден көзүңдү аласың, качан коё бересиң, качан шилекейимди жутканга мүмкүнчүлүк бересиң?

20 Эгерде мен күнөө кылган болсом, адам күзөтчүсү болгон Сага эмне кыла алам? Эмне үчүн Сен мени Өзүңө бута кылып алдың? Мен өзүмө өзүм жүк болуп калдым.

21 Эмне үчүн менин күнөөмдү жууп, мыйзамсыз иштеримди кечербейсиң? Анткени мен эми топуракка жатам. Эртең мени издейсиң, бирок мен жок болом».