Аюб | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Аюб 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мына ушунун баарын көзүм көрдү, кулагым укту, өзүм үчүн көңүлүмө түйүп койдум.

2 Силер билгенди мен да билем, силерден кем эмесмин.

3 Бирок мен кудуреттүү Кудай менен сүйлөшкүм келет, Аны менен талашып-тартышкым келет.

4 Силер болсо жалганчысыңар. Бардыгыңар эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер.

5 Унчукпай калсаңар кана! Силердин акылмандуулугуңар ошол болмок.

6 Менин сөзүмө кулак салгыла, силерге каршы айта турган кебиме көңүл бургула.

7 Кудай үчүн калп айтыштын кереги бар беле, Ал үчүн жалган сүйлөштүн зарылдыгы бар беле?

8 Кудайга бет карамалык кылыштын кереги бар беле? Аны ушинтип жактоонун кереги бар беле?

9 Ал силерди сынаса жакшы болот беле? Аны да адамды алдагандай алдай аласыңарбы?

10 Тымызын эки жүздүүлүк кылсаңар да, Ал силерди катуу жазалайт.

11 Анын улуулугу силерди коркутпайбы, Анын коркунучу силерди каптабайбы?

12 Силердин эскертүүңөр күлгө окшош. Силердин таяныч-чебиңер – ылай коргондор.

13 Менин алдымда унчукпай тургула, башыма кандай күн түшсө түшсүн, мен сүйлөйүн.

14 Эмне үчүн мен өз денемди өз тишим менен тиштегилешим керек, эмне үчүн өз жанымды өз колум менен кыйышым керек?

15 Мына, Ал мени өлтүрүп жатат, бирок мен Андан үмүт кылам. Анын алдында өз жолумду коргосом эле болду!

16 Ушунун өзү эле менин акталуум эмеспи, анткени эки жүздүү адам Анын алдына келбейт.

17 Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, менин түшүндүргөнүмө кулак салгыла.

18 Мен өз ишимди сотко өткөрүүгө даярмын, анткени меники туура экенин билем.

19 Менин айтканыма каршы чыга ала турган адам барбы? Эгерде бар болсо, мен унчукпай, өлүп калмакмын.

20 Мага эки нерсени гана кылба, ошондо мен Сенин жүзүңдөн жашынбайм.

21 Менден колуңду тарт, Сенин коркунучуң мени калтыратпасын.

22 Ошондо мени чакыр, мен Сага жооп берейин. Же мен сүйлөйүн, Сен мага жооп бер.

23 Менин канча кемчилигим, канча күнөөм бар? Айыбым менен күнөөмдү көрсөт!

24 Эмне себептен менден жүзүңдү жашырасың, эмне себептен мени Өзүңө душман санайсың?

25 Сен үзүлгөн жалбыракты кыйратып жаткан жоксуңбу? Куураган бир тал самандын изинен сая түшкөн жоксуңбу?

26 Анткени мага каршы ачуу айыптоолорду жазып жатасың, жаш кездеги күнөөлөрүмдү мойнума коюп жатасың,

27 буттарымды көзөнөк жыгач калканга салып жатасың, менин баскан изимди аңдып турасың, изимен сая түшөсүң.

28 Мен болсо чириген нерседей жок болуп баратам, күбө жеген кийимдей болуп калдым.