- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
1 Эмне үчүн мезгилдер кудуреттүү Кудайдан жашырылган эмес? Эмне үчүн аны билгендер Анын күндөрүн көрүшпөйт?
2 Мыйзамсыздар жер чектерин жылдырып, жайылган малдарды айдап кетип, өз жайыттарында жайып жүрүшөт.
3 Жетимдин эшегин тартып алып, жесирдин өгүзүн күрөөгө алышат.
4 Жакырларды жолдон түртүп кетишет, алардан жердеги кордук көргөндөрдүн баары жашырынууга мажбур.
5 Мына, алар чөлдөгү жапайы эшектердей, жем табыш үчүн эртең менен эрте туруп, өз иштерине чыгышат! Талаа аларга да, алардын балдарына да азык берет.
6 Алар өздөрүнүн эмес, башкалардын талааларынан эгин орушат, мыйзамсыздын жүзүмүн жыйнашат.
7 Жылаңачтар суукта жамынчысыз, кийимсиз түнөшөт.
8 Тоолордогу жамгырдан суу болушат, баш паана таппай, аскалардын жаракаларына корголошот.
9 Жетимди эмчектен ажыратышат, жакырдан күрөө алышат.
10 Кийимсиз, жылаңач жүрүүгө мажбур кылышап, ачкаларга машак беришет.
11 Дубалдардын ортосунда зайтун майын сыгышат, жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелешет, бирок суусап жүрүшөт.
12 Шаарда адамдар онтоп жатышат, өлтүрүлгөн адамдардын жаны жардам сурап бакырып жатат, бирок Кудай мындай мыйзамсыздыкка тыюу салбайт.
13 Алардын арасында жарыктын душмандары бар, алар Кудайдын жолун билишпейт, Анын жолу менен жүрүшпөйт.
14 Адам өлтүрүүчү таң ата электе туруп, жарды менен кайырчыны өлтүрөт, ал эми түн киргенде уурулук кылат.
15 Бузулган адам күүгүмдү күтүп: “Мени эч ким көрбөйт”, – деп, бетин жаап алат.
16 Күндүз белгилеп койгон үйгө түн ичинде астынан казып киришет. Алар жарыкты билишпейт.
17 Алар үчүн таң – өлүм көлөкөсү, себеби алар өлүм көлөкөсүнүн коркунучун билишет.
18 Ал суу үстүндө жеңил, анын жердеги үлүшү каргышка калган, ал жүзүмзарга кеткен жолго карабайт.
19 Кургакчылык менен ысык аптап кар сууларын жутуп турат. Өлгөндөр жаткан жай да күнөөкөрлөрдү ошондой жутуп турат.
20 Аны эненин жатыны унутсун. Аны курт тамшанып жесин. Анын аты жер үстүнөн өчсүн. Мыйзамсыз адам жыгачтай сынсын.
21 Ал төрөбөгөн, баласыз аялды кордогон, жесир аялга жакшылык кылган эмес.
22 Ал күчтүүлөрдү да өз күчү менен өзүнө тартат. Ал ордунан турганда, эч ким тирүү каларына көзү жетпей калат.
23 Ал ага коопсуз болушу үчүн бардыгын берет, ал ошого таянат. Анын көздөрү алардын баскан жолун көрүп турат.
24 Алар жогору көтөрүлүшөт, анан жок болушат. Алар бардык адамдардай эле кулашат, анан өлүшөт, машак баштарындай болуп орулушат.
25 Эгерде мындай эмес болсо, жалган айтты деп, мени ким ашкерелейт жана ким менин сөзүмдү жокко чыгарат?»