Аюб | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Аюб 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошондон кийин Аюб сөз баштап, өзү туулган күндү каргады.

2 Аюб сөзүн мындай деп баштады:

3 «Мен туулган күн курусун, “Эркек бала түйүлдү”, – деген түн курусун!

4 Ал күн караңгылык болсун. Жогорудагы Кудай ал күндү издебесин, ал күнгө жарык тийбесин!

5 Ал күндү караңгылык менен өлүм сөлөкөтү караңгылатсын, ал күндү кара булут каптасын, куйкалаган аптаптан корккондой, ал күндөн коркуп турушсун!

6 Ал түндү караңгылык басып калсын, ал түн жыл эсебине кирбесин, айлардын санына кирбесин!

7 О, ошол түн! Ошол түн тукумсуз калсын, ошол түнү шаттык үнү угулбасын!

8 Ал түндү күндү каргаган лебийатанды ойготууга жөндөмдүүлөр каргашсын!

9 Анын таң атардагы жылдыздары өчсүн, ал түн жарыкты күтсүн, бирок ал келбесин, ал түн таңдын нурун көрбөсүн!

10 Анткени ал түн энемдин жатынын бууган жок, кайгыны көздөрүмдөн жашырган жок!

11 Энемдин жатынынан чыгып баратканда эле, эмне үчүн өлүп калбадым экен, энемдин ичинен чыкканда, эмне үчүн өлүп калбадым экен?

12 Эмне үчүн мен төрөлгөндө, мени энемдин тизелерине жаткырышты экен? Эмне үчүн эмчек эмдим экен?

13 Азыр мен эс алып, уктап жатмакмын, жаныма тынч болмок,

14 өздөрүнө күмбөз курган жер жүзүндөгү падышалар жана кеңешчилер менен,

15 же алтынга бай, үйлөрүн күмүшкө толтурган төрөлөр менен жатмакмын.

16 Же бойдон түшүп, жерге жашырылып калсам эмне, же жарык дүйнөнү көрбөй калган наристедей болуп өлүп калсам эмне!

17 Ал жакта мыйзамсыздар үрөй учурбай калышат, ал жакта күчтөн тайып алсырагандар эс алышат.

18 Ал жакта туткундар да тынчтыкка магдырашат, көзөмөлчүлөрдүн кыйкырыгын угушпайт.

19 Ал жакта кичине да, чоң да бирдей, кул өз кожоюнунан кутулган.

20 Жабыр тартканга жарык эмнеге берилди экен, жаны кыйналганга жашоо эмнеге берилди экен?

21 Өлүмдү күткөндөргө өлүм келбейт, алар кенчке караганда, өлүмдү жан-дили менен казып алышпайт беле?

22 Алар көрдөн жай тапканына сүйүнүп, кубанычтары коюндарына батмак эмес.

23 Жолу жабык адамга жарык эмнеге берилди? Кудай караңгылык менен курчаган адамга жарык эмнеге берилди?

24 Үшкүрүгүм нан жегизбей жатат, онтоолорум суудай агып жатат.

25 Анткени мен эмнеден үрөйүм учуп качып жүрсөм, ошол мени кууп жетти. Мен эмнеден корксом, ошол келди.

26 Мага тынчтык да жок, эс алуу да жок, кубаныч да жок, башыма мүшкүл түштү».