- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
1 Алдан тайдым, өмүрүмдүн шамы өчүп баратат, көр оозунда турам.
2 Алардын шылдыңы болбогондо, талаш-тартышта солк этпей туруп берет элем.
3 Мага болуш, мен үчүн Өзүңдүн алдыңда Өзүң кепилдикке өт! Болбосо ким мага кепил болот?
4 Анткени Сен түшүнбөсүн деп, алардын акылын жаап салдың, ошондуктан алардын жеңишке жетишине жол бербейсиң.
5 Досторун душманга олжо кылган адамдын балдарынын көзү агып калат.
6 Ал мени элге лакап, күлкү кылды.
7 Кайгыдан көздөрүм тунарды, бүт мүчөм сөлөкөт болуп калды.
8 Бул тууралуу адил адамдар таң калышат. Айыпсыз адам эки жүздүү адамга кыжырданат.
9 Бирок адил адам өз жолун бек кармайт, колу таза адам барган сайын күч алат.
10 Баарыңар чогулуп келип сүйлөсөңөр да, араңардан акылманды таппайм.
11 Менин өмүрүм өттү. Жүрөгүмдүн энчиси болгон ойлорум кыйрады.
12 Алар болсо түндү күнгө айланткысы, жарыкты караңгыга жакындаткысы келет.
13 Канчалык күтсөм да, менин үйүм – өлгөндөр жаткан жай. Мен төшөгүмдү караңгы жерге төшөйм.
14 Көрүмө: “Сен менин атамсың”, – дейм, куртка: “Менин энемсиң да эжемсиң”, – дейм.
15 Ушундан кийин мен эмнеден үмүттөнөм? Менин күткөнүмдү ким көрөт?
16 Ал үмүт мени менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүп, мени менен бирге топуракка жатат».