- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
1 Элийу мындай деп улантты:
2 «Сен: “Мен Кудайдан да адилмин”, – деген сөзүңдү туура деп эсептейсиңби?
3 Сен: “Мага эмне пайда? Мен күнөө кылбаган күндө да, андан кандай киреше алмакмын?” – дедиң.
4 Мен сага жана сенин досторуңа жооп берейин:
5 Асманга көз чаптырып кара. Булуттарды кара, алар сенден бийик турат.
6 Эгер сен күнөө кылсаң, Ага эмне кыла аласың? Эгер сенин кылмышың көбөйүп кетсе, Ага кандай зыян келтире аласың?
7 Эгерде сен адилет болсоң, анда Ага эмне бересиң? Же Ал сенин колуңдан эмне алмак?
8 Сенин адилетсиздигиң сага окшогон адамга тиешелүү, сенин адилеттигиң адам баласына тиешелүү.
9 Эзүүчүлөр көп болсо, эзилгендер онтошот, күчтүүлөрдүн колунан ыйлашат.
10 Бирок бир да киши: “Менин Кудайым, Жаратуучум кайда, түнкүсүн ыр берген Теңир кайда?
11 Жер үстүндөгү айбандарга караганда, бизге көбүрөөк үйрөткөн, асмандагы куштарга караганда, бизге көбүрөөк акыл-эс берген Теңир кайда?” – деп айтпайт.
12 Ал жерде алар боздоп жатышат, бирок Ал жаман кишилердин текебердүүлүгүнөн аларга жооп бербей жатат.
13 Бирок Кудай укпайт, кудуреттүү Кудай муну көрбөйт деген туура эмес.
14 Аны көрбөй жатамын десең да, Анын алдында сот болот, ошон үчүн аны күт.
15 Бирок азыр ага Кудайдын каары тие элек, ошондуктан ал аны толук биле элек.
16 Ошондуктан Аюб жеңил ойлуулук менен сүйлөп жатат, сөзүн текке кетирип жатат».