Аюб | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Аюб 39 Бөлүм

тез өтүү:

1 Сен аскалардагы жапайы эчкилердин туур маалын билесиңби? Маралдардын тууп жатканын көрдүң беле?

2 Алардын боозуган ай-күнүн эсептей аласыңбы? Алардын тууй турган маалын билесиңби?

3 Алар балдарын тууп, өз жүктөрүн ыргытып жатышканда ийилишет.

4 Алардын балдары күчкө кирип, талаада чоңоюп, бөлүнүп кетишет, аларга кайрылып келишпейт.

5 Жапайы эшекти эркин коё берген ким? Жапайы качырды кишенден чыгарган ким?

6 Аларга талааны үй кылып, шор жерди турак кылып берген Менмин.

7 Ал көп эл жашаган шаарга күлөт, айдагандардын кыйкырыгын укпайт.

8 Тоолордон жем издейт, ар кандай өсүмдүктөрдү издеп табат.

9 Жапайы өгүз сага кызмат кылгысы келеби? Ал сенин малканаңа түнөйбү?

10 Жапайы өгүздү аркан менен байлап алып, жер айдай аласыңбы? Аны менен талааны малалай аласыңбы?

11 Күчтүү деп, ага ишене аласыңбы? Ага өзүңдүн ишиңди таштап коё аласыңбы?

12 Ал сенин үрөнүңдү кайрып, кырманыңа жыйып берерине ишене аласыңбы?

13 Тоос кушка кооз канатты, төө кушка канат менен мамык жүндү сен бердиң беле?

14 Ал жумурткасын жерге таштайт, аларды кумга жылытат.

15 Аларды бирөөнүн буту басып кетерин же жырткыч айбандар тебелеп кетерин унутуп калат.

16 Ал өгөй балдарына мамиле кылгансып, өз балдарына катаал мамиле кылат, мээнетим текке кетет деп коркпойт.

17 Анткени Кудай ага даанышмандык берген эмес, ага акыл да бөлүп берген эмес.

18 Бирок ал бийиктикке көтөрүлгөндө, атка да, атчанга да күлөт.

19 Атка кубат берип, мойнуна жал жапкан сенби?

20 Аны чегирткени коркуткандай коркута аласыңбы? Таноосунан чыккан кошкурук – бир укмуш!

21 Буттары менен жер казып, күчүнө сыймыктанат, куралга каршы барат.

22 Ал коркунучка күлөт, андан коркпойт, кылычтан жалтанбайт.

23 Үстүндө саадак кагылат, найза менен кыска найза жаркылдайт.

24 Жаалы келип турганда, топурак жутат, сурнай тартылганда, ордунда тура албайт.

25 Сурнай тартылганда: “Куу-куу” деп кишенеп турат. Ал салгылашты, жол башчылардын катуу үндөрүн, кыйкырыкты алыстан сезет.

26 Туйгун сенин акылмандыгың менен учуп жүрөбү? Канаттарын сенин акылмандыгың менен түштүккө жайып жатабы?

27 Бүркүт сенин сөзүң менен асманга көтөрүлүп, аскага уясын салабы?

28 Ал зоокада жашайт, зооканын кырында, эч ким бара албас жерде түнөйт.

29 Ошол жактан өзүнүн жемин көрөт, анын көздөрү алыстан көрөт.

30 Анын балапандары кан ичет, өлүк кайсы жерде жатса, ал ошол жерде».

31 Теңир сөзүн улантып, Аюбга мындай деди:

32 «Кудуреттүү Кудай менен талашып-тартышкан адам да үйрөтөбү? Кудайды ашкере кылган адам Ага жооп берсин».

33 Ошондо Аюб Кудайга мындай деп жооп берди:

34 «Мына, мен эч нерсеге арзыбаган адаммын! Мен Сага эмне деп жооп берем? Колум менен оозумду жабам.

35 Мен бир жолу айткан болчумун, эми жооп бербейм, эки жолу айткан болсом да, мындан ары жооп бербейм».